Сарпашев: Улуттук, социалдык белгилери жок паспорт берилет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын калкынын кеминде эки жарым миллион шайлоочусу 2017-жылдын октябрына чейин биометрикалык паспорт менен жабдылып бүтөт. Бул электрондук жаңы паспортто жарандын улуттук өзгөчөлүгү, социалдык абалы ачык көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" 2+1 форматындагы эксклюзив маегинде билдирди. Маек учурунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого, референдумга, президенттик шайлоого даярдыктар, тобокелчиликтер жана өзү мүчө болгон КСДПнын ишмердиги тууралуу да сөз болду.