"Азаттык": Эмил мырза, Ирандын ядролук программасы боюнча келишим кабыл алгандар муну тарыхый окуя катары баалап жатканы менен ошол эле АКШда консерваторлор, Израил кескин сын, кооптонуу билдирүүдө. Мындай маанайдын жүйөлүү себептери барбы?
Каниметов: Кандай гана кооптонуу, пикир жаратпасын, Иранга байланыштуу кабар ушул аптадагы дүйнөлүк, эл аралык кызматташтыктагы абдан зор, көпчүлүктүн көңүлүн бурган маалымат болду десек жаңылышпайбыз. Ал азыртадан эле өз таасирин тийгизе баштады. Мисалы, дүйнөлүк базардагы мунай баасы арзандай баштады.
Бул сөзсүз башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизиши керек эле. Бирок бул жакта бензин баасы тескерисинче, кымбаттай баштады...
Иран жана анын жетекчилиги экономикалык өнүгүүгө, санкциялардын алынып салынышына муктаж. Буга Иран эле эмес, Иранды курчап турган аймактагы, анын ичинде Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр да кызыкдар.
Президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы чет өлкөлүк расмий сапарын Бишкекке жасаган Ирандын азыркы башчысы Хасан Роухани да “Иран атомдук куралды чыгарууга кызыкдар болгон эмес жана ага умтулган да эмес” деп жарыялады. Келишим АКШ Конгрессинде бекитилбей калышы мүмкүн, бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинин курамына кирген дүйнөнүн алты ири мамлекети өзүнө жоопкерчилик алып, макулдугун берип жаткандан кийин бекитилбей калса деле чоң тоскоолдуктарга алып келбейт. Негизинен, иш жакшы жагына ооду.
Биздин өз кызыкчылыгыбыз боюнча баа берүү жагын алып карасак, Кыргызстанда мунай жана башка экономика тармактарында Иран менен кызматташууга жол ачылып жатат. Мындан пайдаланып Орусиядан келүүчү бензинди монополиялаштырбай, элдин турмушун жакшыртууга аракет жүргүзсө болот деп ойлойм.
"Азаттык": Чынында эле Орусия бул келишим өз экономикасы үчүн чоң сокку болорун айтып тынчсыздана баштаганы байкалууда. Себеби санкциялар алынса, Ирандын мунай продукциясына дүйнөлүк базарга жол ачылып, катуу атаандаштык пайда болот. Ушундан улам Кыргызстанда күйүүчү май арзандайт деп үмүттөнсөк болобу?
Каниметов: Сөзсүз үмүттөнсө болот. Алардын кооптонуп жаткан себеби, Иранга санкция киргенден кийин дүйнөлүк базарда, экономикалык байланыштар алкагында айрым өлкөлөр монополистке айланган. Эми Иран мунай сатуу жана экономикалык тышкы мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканынан улам алардын кооптонуусу боло турган көрүнүш.
Жапониянын ири компаниялары азыр Иран менен келишим түзүүгө даяр.
Менимче, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген күндө деле Иран менен мурда түзүлгөн укуктук негизде кызматташууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул мамилени сөзсүз өнүктүрүү керек. Биринчи кезде идеологиялык, саясий максаттарды көздөбөй, элдин турмушун жакшыртууну ойлосок, бензин баасын азыркыдай 40 сомдун тегерегинде эмес, 30 сомго түшүрсө болот.
"Азаттык": Демек, сиздин пикириңизче, Ирандын ядролук программасы боюнча келишим Конгрессте колдоо таппай калган күндө деле бул жалпы процесске тоскоолдук кыла албайт.
Каниметов: Кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет, бирок абал баягыдай 100%, бир калыпта өзгөрбөй турбастан, улам бир жакшы, чечиле турган жагына, дүйнөдө тынчтык, коопсуздукту көздөгөн, позитивдүү ою бар адамдар умтулган жакка ооп баратканынан кабар берет.
Иран мамлекетин ошончолук тирукмуш көрсөтө берген болбойт. Израилди да андай караган туура эмес. Муну тынчтык негизинде чече турган аракеттердин биринин ишке ашуусу деп атасак болот. Бул жерде АКШ президенти Барак Обаманын да позициясы абдан туура.