Орусия БУУнун Иранга карата киргизген курал-жарак эмбаргосунун алынышын жактайт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БРИКСтин саммити өтүп жаткан Уфадагы маалымат жыйынында айтты.
- Биз курал-жарак эмбаргосунун мүмкүн болушунча тез алынышын жактайбыз. Анын үстүнө Иран “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен туруктуу күрөшүп, анын аймакта жана дүйнөнүн бардык жеринде жок кылуу үчүн аракеттенип келе жаткан өлкө. Курал-жарак эмбаргосун алуу Иранга өзүнүн аскерий мүмкүнчүлүгүн чыңдоого жардам берет.
Тегерандын атомдук программасы боюнча соңку келишимге жетүү мөөнөтү 30-июнда эле соңуна чыккан. Тараптардын 7-июлга чейин мунаса табуу аракеттери да ишке ашпай ал мөөнөт 10-июлга чейин узартылган болчу. 7-июлда сүйлөшүүнү катышуучулары - Иран жана АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция, Германия бир катар маселелерди, анын ичинде Ирандын баллистикалык программасына киргизилген санкцияларды талкуулап, бир пикирге келе алышкан эмес. Тегеран курал эмбаргосунун алынышын көздөөдө. Бирок Батыш мамлекеттери буга каршы.
8-июлда Барак Обама америкалык сенаторлор менен Ак үйдөгү жабык эшик артындагы жолугушууда Ирандын атомдук программасы боюнча макулдашылган мөөнөттө же 10-июлга чейин келишимге жетишүү эң жакшы дегенде 50 пайыз ишке ашарын билдирди. Венадагы сүйлөшүүлөрдө прогресс болуп жатканына карабастан, Ак үй дагы эле коомайланып турат. “Эгер сүйлөшүүлөр ийине жетпесе биз андан чыгып кетебиз” деген президент Обама:
- Бул эми өзөктүк куралга ээ болуу же андан баш тартабы – эл аралык коомчулуктун талаптарын аткарабы же жокпу – муну ирандыктар өздөрү чечет, - деди.
Ак үйдөгү жабык эшик артындагы жолугушууга катышкан Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү, мартабалуу демократ Бен Кардиндин айтканына караганда, Обама келишимге кол койордон мурда Иран бардык текшерүүлөргө, анын ичинде аскерий объекттерди да текшерүүгө макул болушу керек деп эсептейт. “Мыкты чечим - күчтүү келишим” деген ишенимдеги демократ сенатор Бен Кардин:
- Санкциялар Иран ядролук программасынан баш тартканына жараша алынабы, өзөктүк жайларын текшерүүгө ачабы – биз өз көзүбүз менен көрө алабыз.
Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рыбаковдун айтымында, Венада уланып жаткан Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүү эң татаал баскычына жетти. Ошентсе да тараптар Ирандын ядролук программасын тоңдурган тарыхый келишимге бүгүн-эртең кол коюлуп калышын да жокко чыгарбайт.
Дипломаттардын айтымында, Ирандын ядролук программасы боюнча келишим түзүлөт деген ишеним бар, бирок азырынча олуттуу жылыш жок.
Келишим 9-июлда түзүлбөсө, АКШ Конгресси аны кароо мөөнөтүн эки эсе узартат. Бул АКШнын санкциясын алып салуу мөөнөтүн кечеңдетет.
9-июлда АКШнын энергетика министри Эрнест Мониз Ирандын ядролук программасынын башчысы Али Акбар Салихи менен кездешүүгө баратып, “биз колдон келсе, акыркы маселелерди чечебиз” деди. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков тараптар бекем эркин көрсөтө алса, жакынкы сааттарда келишим жетишилет деген ишенимин билдирди. Бирок Иран медиасы ирандык расмийлерге шилтеп, 9-июлда келишим түзүлөрү күмөндүү деп кабарлады.
Иран жана экинчи тарапта - Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Германия кирген топтун өкүлдөрү жаңы келишимге жетишсе, Тегеран ядролук программасынын негизги бөлүгүнөн баш тартат жана бул үчүн өзгөчө мунай экспортун бутага алган санкциялар жеңилдетилмекчи. Бирок Израил жана АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү санкциялардын алынышына караманча каршы. Алардын оюнча, санкцияларды алынса Ирандын экономикасы өнүгүп, андан түшкөн каражат өлкөнүн региондогу агрессиясын улантууга жумшалышы мүмкүн.
Ислам жумурияты ядролук курал жасаганга умтулбаганын, уранды тынчтык максатында гана байытарын маалымдап келсе, Батыш өлкөлөрү Иран уранды аядролук бомба жасоо үчүн пайдаланат деп узактан бери кооптонот.