Шайлоо өнөктүгү кандай өттү?

Үгүт иштеринде талапкерлер ар түрдүү платформаларды колдонушту. Мурун талапкердин аты жазылган футболкалар колдонулса, быйыл шайлоо кыш күндөрүнө туш келгендиктен баш кийимдерге чейин талапкерлердин аты жазылды. 

Урнага салынган үгүт баракчалары.

Шайлоого жана референдумга үгүт иштери 15-декабрда башталган. 9-январда токтотулган. 

Кээ бир көчөлөрдө талапкерлердин сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттар жол белгилеринен да көп болду. 

Түрдүү убадалар жаңырды. 

Жалал-Абад шаары.

Президенттик шайлоо менен кошо мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум да өттү. Шайлоочулар же президенттик, же парламенттик форманы тандап, же экөөнө тең каршы добушун беришти.

Баткен шаары.

Бишкекте 8-январда парламентаризмди колдогон жарандар акцияга чыгышты. Уюштуруучулардын айтымында, 100гө жакын адам Ала-Тоо аянтынын жанына - Апрель ыңкылабынын катышуучуларына арналган эстеликтин алдына чогулду. Алар «Парламенттик республика» деген жазуусу бар плакаттарды жана желекчелерди көтөрүп турушту.

Талас шаарындагы шайлоо өнөктүгү.

Кайыр сурап отурган аял. Бишкек шаары.

Үгүт иштери учурунда кызматта турган милиция кызматкерлери. 

Милиция кызматкерлери президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жарандарды кылдат текшерип өткөрүп жаткан учуру. Бишкек шаары. 8-январь, 2021-жыл.

Айрым талапкерлердин эл менен жолугушуусу учурунда жолдор жабылып, милиция кызматкерлери кызматта турду.

Мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум боюнча расмий түрдө үгүт жүргүзүш үчүн 14 топ түзүлгөн. Алардын сегизи президенттик республика үчүн, бирөө президенттик республикага каршы, үчөө парламенттик республикага жана экөө баарына каршы үгүт жүргүзүштү.

Президенттикке талапкерлердин эл менен жолугушуусу.

Бүгүн 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүтү. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты.