Кыргызстанга дагы бир орус базасы керекпи?

Премьер-министр Сапар Исаков өткөн аптада Москвага жасаган сапарында орусиялык маалымат каражаттарына жалпы аймактын коопсуздугу үчүн кыргыз-тажик чек арасында аскердик база болушу керек деген пикирин билдирди.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Кант шаарында Орусиянын бир аскерий базасы бар экени белгилүү. Ошондон улам кошумча базанын зарылдыгы тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жатат.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргызстанда Орусиянын дагы бир аскер базасынын зарылдыгы тууралуу "РИА новости" маалымат агенттигиндеги маегинде кеп кылды.

Агенттиктин “Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Кыргызстанда, Тажикстан менен чектешкен жеринде экинчи аскерий база жайгаштыра алат деп буга чейин айткан. Бул боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатабы?” деген суроосуна Исаков:

- Тиешелүү министрликтердин деңгээлинде бул маселе боюнча консультациялар өткөн. Кыргызстан өзүндө гана эмес, жалпы аймакта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түштүктө аскерий база жайгаштыруу зарыл деп эсептейт. Бирок азырынча эки тараптуу акыркы чечим жок. Бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, - деп жооп берди.

Өткөн аптада Сапар Исаков расмий сапар менен Москвада болуп бир катар расмий жолугушууларды өткөргөн.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы, коопсуздук маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул маселе соңку он жылга жакын убакыттан бери эле маал-маалы менен көтөрүлүп келгенине токтолду.

Ал Ооганстандагы кырдаал, терроризм коркунучу өңдүү жагдайлардан улам мындай база зарыл деп билдирди:

- Ооганстанда кырдаал курчуганда 2007-2008-жылдары кыргыз тарап бул маселени көтөргөнбүз. Ошол кезде Орусиянын аскер маселелери боюнча эксперттери келип база жайгашат деген жерлерди кыдырып да кеткен. Андан кийин, 2012-жылдары бул маселе кайра көтөрүлө баштаган. Бирок Орусиядагы каржы жана башка маселелерге байланыштуу токтоп калган. Негизи дагы бир база Ош, Баткенде Ооганстанга жакыныраак жерде жайгашса бизге жакшы болот эле. "Ислам мамлекети" террорчул уюму Ооганстанга келип, ал жактагы талип жаштары менен сүйлөшүп алып Фергана өрөөнүнө чабуул жасаганы турат, бул алардын планында бар.

Исмаил Исаков

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Орусиянын дагы бир базасын ачуу мурдатан бери талкууланып келатканын бышыктады. Бирок азыркы премьер-министр бул маселе боюнча коомчулуктун, адистердин кеп-кеңешин эске албай жатат деп сындады:

- Баткенде дагы бир аскерий базаны аймактын кызыкчылыгы үчүн деп ачуунун кажети жок. Ал жерде биз ким менен чектеш экенибизди да ойлонушубуз керек. Кошумча база ачуу тууралуу мурда да сөз болгон, мурунку президент Курманбек Бакиев туулган күнүн Ысык-Көлдө өткөрүп жатканда ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен түштүккө дагы бир база ача салуу боюнча меморандумга кол да коюшкан. Кийин баарын түшүндүргөндөн кийин ал маселе токтоп калган. Бизде азыр кайсы бир күчтөрдүн ошол маселени кайра козгоо тууралуу максаттары бардыр. Азыр эми алардын капканына дагы түшкөндөй болуп жатабыз. Бизде ЖККУнун алкагында ачылган бир база турат. Мына, 12 күндөн кийин шайлоо болот, жаңы президент шайланат. Мыйзам боюнча ички жана тышкы саясатты президент аныктайт. Жаңы келген президенттин ою кандай болот деген маселе бар. Азыркы премьер өзү президент болуп алгандай ой жаралып жатат. Ал парламенттин, депутаттардын дагы оюн угуп, акылдашып туруп анан айтса болмок. Элде булар Кыргызстанды менчикке айландырып, каалагандай башкарып жатат дегендей ой пайда болуп жатат.

Дмитрий Медведев жана Сапар Исаков, 29-сентябрь, 2017

Расмий Бишкектин Орусиянын дагы бир аскерий базасын жайгаштыруу аракети өлкөнүн эгемендигине байланыштуу талкууга да жем таштады. Чек ара кызматынын мурунку төрагасы Курманакун Матеновдун баамында, Кыргызстан ички жана тышкы коркунучтарды терең талдап, эң ириде өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдашы керек:

- Тышкы коопсуздуктарды билүү керек. Ооганстандан кырдаал курчуса бизге канчалык залакасы тиет, ал талданышы керек. Алардан бизге чейинки жолдо Тажикстан турат. Ооганстан менен биздин жалпы чек арабыз жок. Ортодо турган Тажикстанда Орусиянын ири аскерий базасы бар. Кошумча база тууралуу сөз кылардан мурун ички жана сырткы коопсуздуктардын баары кылдат талданышы керек. Эң негизгиси өлкөнүн эгемендиги тууралуу ойлонуу керек. Кандай гана чет элдик база болбосун ал эгемендикке сөз тийгизет. Ар кимдин аскерлерин алып келе берип, өзүбүздүн Куралдуу күчтөрүбүздү таратып жиберелиби? Эң ириде өзүбүздүн аскерлерибизди чыңдашыбыз керек.

Кыргызстанда Орусиянын дагы бир аскерий базасын жайгаштыруу тууралуу президент Алмазбек Атамбаев ушул жайында Орусияга мамлекеттик сапар менен барганда сөз кылган. Ал жактагы мекендештер менен жолугушууда террорчулуктун алдын алуу үчүн расмий Москвага дагы бир аскер база ачуу сунушу менен кайрылганын билдирген:

- Бул маселе мурун эле орустарга айтылган болчу. "Мындан ары Канттагы базаны кеңейткенге, күчөткөнгө уруксат бербейбиз" деп ачык айткам. "Эгерде база салам десеңер, ошол Тажикстан менен чек арага чогуу салалы" дегем. Анткени чындыгында бир балээ болгону турат. Тажикстан эмне болуп кетет?! Андан бери келбегендей кылып, бекитүү керек.

Анын алдында орус президенти Владимир Путин Бишкекке расмий сапар менен келгенде Орусия өлкөгө аскердик жактан да киришпей турганын айтып, Канттагы база Кыргызстандын 1999-2000-жылдары ошол кездеги өтүнүчү менен жайгаштырылганын, расмий Бишкек качан баш тартса орус аскерлери ошол күнү чыгып кетет деген:​

- Кыргызстан Ооганстандан келген эл аралык террорчулардын чабуулуна кабылган. Ошол убакыттагы кыргыз бийлиги террордук коркунуч менен натыйжалуу күрөшүү үчүн жеке менден чукул арада орус аскерлерин, эң ириде аба чабуулунан коргой турган күчтөрдү жайгаштырууну суранган. Орус базасы ушундай кырдаалда пайда болгон. Эгер Кыргызстан качандыр бир убакта “биз Куралдуу күчтөрүбүздү ушунчалык тыңдап алдык, эми бизге мындай базанын кереги жок” десе, биз ошол күнү эле чыгып кетебиз.

Кыргызстанда буга чейин АКШнын транзиттик борбору бар болчу. Мындан толук үч жыл мурун эки тараптуу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин расмий Бишкек аны узартуудан баш тарткан. Президент Алмазбек Атамбаев мындай чечим туура болгонун ар дайым айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.