Дзюдо: мыктылар тандалууда

Кыз-келиндер арасында 52 килограмм салмакка чейинкилердин таймашы. Ак түстөгү кимоно кийген Назима Амантурова.

Кыргызстандын Дзюдо федерациясынан билдиришкендей мелдешке 250гө жакын спортчу катышууда. 

Чемпиондор 7 салмакта эркектер арасында жана 7 салмакта кыз-келиндер арасында тандалат. 

60 килограмм салмакка чейинкилердин таймашы. ​Ак түстөгү кимоночон 2015-жылы Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси болгон Отар Бестаев. 

Кыз-келиндер арасында 52 килограмм салмакка чейинкилердин финалдык таймашы. Ак түстөгү кимоночон Ксения Бельдягина, көк түстөгү кимоно кийген Назима Амантурова. Бул салмакта чемпиондук наамга Ксения Бельдягина ээ болду.

Кыз-келиндер арасында 48 килограмм салмакка чейинкилер арасында Күмүшай Саскеева жеңүүчү болду. Ал учурда 15 жашта. Каракол шаарында Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Саур Аматовдун жетекчилигинде машыгат.

Таймаштар 29-ноябрда аяктайт. Чемпиондуктун жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү аныкталат.

Эркектер арасында 60 килограмм салмакка чейинкилердин финалдык таймашы. Сүрөттө: солдон оңго Арген Бакытбек уулу жана Отар Бестаев. Бул таймашта Отар Бестаев жеңүүчү болуп Кыргызстандын чемпиону аталды. ​Бестаев Орусиянын Түндүк Осетия Республикасында төрөлгөн. Учурда 24 жашта. Өткөн жылы Орусиянын чемпиондугунда экинчи орунду алып калгандан кийин Кыргызстандын жарандыгын алып, быйылкы жылдан баштап мелдештерге катыша баштаган. 

Отар Бестаев быйыл Кыргызстандын атынан Азия чемпиондугуна катышып коло байгесин утуп, Москвада өткөн дүйнөлүк кубокто жеңүүчү болду. Учурда эл аралык мелдештерге катышып упай топтоп, 2016-жылы Бразилияда боло турган олимп оюндарына Кыргызстандын атынан жолдомо алууга даярданып жүрөт.