Атайын кызмат сураган укуктун учугу

Кыргызстандын тышкы жана ички чалгын кызматтарына жарандардын биометрикалык маалыматтарын алып, колдонууга уруксат берилиши мүмкүн.

Мындай сунуш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Чалгындоо ишмердигине байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна киргизилген. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бир катар эксперттер жарандардын макулдугусуз алардын биометрикасын алуунун, сактоонун жана жеке маалыматтарды пайдалануунун опурталдуулугу боюнча маселе көтөрүштү.

УКМК чалгын иштери үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын алардын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуш кылды. Мындай жобо жаңыдан иштелип чыккан «Чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу өлкөнүн Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси баш болгон бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталган.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мыйзам долбоору расмий сайттар аркылуу коомдук талкууга коюлганын билдирди:

Рахат Сулайманов.

«Азыркы учурда бул мыйзам долбоору иштелип чыгып, өкмөткө сунуш кылынып, анан өкмөттүн расмий сайты аркылуу коомдук талкууга коюлду. Бул негизи улуттук коопсуздукту чыңдоого байланыштуу жана чалгындоо ишмердигин жакшыртууга карата иштелип чыккан мыйзам долбоору».

Мыйзамдарга ылайык, буга чейин ээсинин макулдугун албастан биометрикалык маалыматтарды алуу сот адилеттигин жана сот актысын аткаруу учурунда гана ишке ашырылып келген. Мындан сырткары жеке маалыматтар ыкчам издөө ишмердигин жүргүзүүгө, улуттук коопсуздукту коргоого, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу кылмыш иштерин иликтөө учурларында гана алынган. Калган учурларда жарандардын жеке маалыматтары купуя сыр катары корголо тургандыгы мыйзамда көрсөтүлгөн.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, «Улуттар Биримдиги» партиясынын аткаруу комитетинин төрайымы Клара Сооронкулова чалгын кызматтарына азыркы учурдагы мыйзамдык базанын эмнеси жетишсиз болуп жатканына кызыкты:

Клара Сооронкулова.

«Укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн кайсы бир кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында жарандардын жеке маалыматтарын алуу укугу буга чейинки мыйзамдарда кеңири көрсөтүлгөн. Ошолордун негизинде эле тыңчылык боюнча шектүү адамдардын тиешелүү маалыматтарын чогултуп, иликтөө иштерин жүргүзө беришсе болот. Бул жерде ыкчам издөө ишинен сырткары, чалгындоо ишмердиги үчүн дагы биометрикалык базага кирүүгө уруксат берүү эки бир эле нерсе. Бирок бул жерде УКМК бул мыйзам аркылуу мамлекеттик каттоо органы сыяктуу маалымат базасын толугу менен өз колуна алгысы келип жатат окшойт. Болбосо ага азыркы ыйгарым укуктары эле жетиштүү болчу».

Буга чейин кылмышкерлерди издөө же соттук иштер үчүн гана соттун уруксаты менен жарандардын биометрикалык маалыматтары алынса, эми УКМК андай себептердин катарына чалгын жана контрчалгын ишмердүүлүгүн да кошууну сунуш кылат.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда Кыйноого каршы борбор контрчалгын иштерин жүргүзүүгө кийлигише албай тургандыгы көрсөтүлгөн. Бирок анда чалгын жана контрчалгын кызматтары тыңчыларды сотко чейинки өндүрүштүн алкагында издейби же ыкчам издөө иштери өз алдынча жүргүзүлөбү - анысы мыйзамда даана көрсөтүлгөн эмес.

Юридика илимдеринин доктору, кылмыш укугу боюнча адис эксперт Кайрат Осмоналиев азыркы мыйзамдар тыңчылык боюнча шек саналгандардын ишин иликтегенге мүмкүнчүлүк берерин айтты:

Кайрат Осмоналиев.

«Жазык-процессуалдык кодекстин негизинде эле иш алып бара беришсе болмок. Анан калса ыкчам издөө ишмердиги жана улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдар деле аларга толугу менен чалгын иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аларга дагы эмне керек? Түшүнгөн жокмун. Өздүк маалыматтар үчүн азыр бир гана мамлекеттик орган – Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет. Эми УКМК, кийин ИИМ уруксат сураса, анда биометрикалык маалыматтарды коргоонун тутуму бузулат».

Толгондурган тобокелчилик

Кыргызстанда жеке маалыматтар тууралуу мыйзамга ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын биометрикалык базасы Мамлекеттик каттоо кызматында сакталып, анын өзүнүн жеке макулдугу менен гана колдонулат. Ошондой эле жарандардын добуш берүү укугун камсыз кылууда алардын макулдугу менен өздүгүн аныктоо биометрикалык белгилери аркылуу жүргүзүлөт. Биометрикалык каттоо башында шайлоолордогу көз боёмочулукка каршы чара катары киргизилген болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов жарандардын биометрикалык базасына уруксат берүү этияттыкты талап кыларын эске салды:

Назарали Арипов.

«Жарандардын персоналдык маалыматтары мыйзам боюнча купуя сакталышы керек. Аны ээсинин макулдугу болмоюнча үчүнчү тарапка берүүгө болбойт. Кайсы бир кылмыш иши боюнча соттун уруксаты менен суралса бир жөн. Бирок УКМК ага кирүүгө толук мүмкүнчүлүк алса, анда бул аябай эле олуттуу маселе. Жеке маалыматтар кандай максатта колдонулушуна эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан бул туура эмес кадам».

Мындан сырткары УКМК сунуш кылган мыйзам долбоорунда чалгын жана контрчалгын иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сураган.

Ошол эле учурда санариптештирүүнүн алкагында жакында кол коюлган макулдашууга ылайык, Кыргызстандын маалыматтар менен иштөө борбору Орусиянын «СИТРОНИКС», Кыргызстандын «Альфа Телеком» жана «Кыргызтелеком» ишканалары менен бирге түзүлө турган болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.