“Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана анын кеңешчиси Турсунбай Шарапов “массалык башаламандыктар” беренесине шек саналып камалды.
Оппозициялык активистке маалымат беришкенби?
“Кыргызкөмүрдүн” мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана кеңешчиси Турсунбай Шараповдун кармалганын Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастап, шектүүлөр 4-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынганын билдирди. Алардын бөгөт чарасы 31-октябрда каралган.
Адвокат Динара Субанкулова шектүүлөргө энергетика министри Таалайбек Ибраевдин арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү”), 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” билдирди.
Ал эми сотко катышкан активист Мирбек Осмонов буларды айтты:
“Тилек Куренов деген Америкада качып жүргөн блогер бар экен. Ал көмүр же энергетика министри жөнүндө маалымат, видео чыгарыптыр. Мен өзүм көргөн эмесмин. Ошол маалыматтарды Ашырбаев менен Шарапов берген деп шек саналып жатканын тергөөчү айтты. Сот Куренов менен байланышың барбы деп сот сурады. Экөө тең “жок, тааныбайм” деп жооп берди”.
Анткен менен Энергетика министрлиги милицияга андай арыз жазылбаганын айтып, маалыматты четке какты. Министр Таалайбек Ибраев менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Ал эми ИИМ Ашырбаев менен Шарапов боюнча кылмыш иши жөнүндө маалымат берген жок.
Чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергенов (Фейсбукта Тилекмат Куренов деген ат менен отурат - ред.) Ашырбаев менен Шараповду жеке тааныбай турганын билдирди. Ал Шарапов менен бир жыл мурун телефон аркылуу эле сүйлөшкөнүн айтууда.
“Телефон аркылуу байланышып, кайра чалышабыз деген бойдон сүйлөшкөн эмеспиз. Мага айтты деген көмүр кендери жөнүндө маалымат сайттарда ачык эле турат. “Кыргызкөмүрдө” кайдагы сыр маалымат болмок эле”, - деди активист.
Активисттин айтымында, буга чейин Кыргызстандагы көмүр кендери кытайлык компаниялар иштетери жөнүндө жазган. Сыртта жүргөн активист Тилекмат Кудайбергенов Фейсбуктагы баракчасында бийликтин ишмердигин кескин сындап келет.
Дагы караңыз
Кыргызстан көмүр кендерин Кытай менен иштететАшырбаев жана Шарапов деген кимдер?
54 жаштагы Ашырбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси болуп быйыл үч айдай иштегенден кийин сентябрь айында кызматтан кеткен. Ал аталган мамлекеттик ишкананы 2018-2021-жылдары башкарган.
2021-жылы август айында коррупция боюнча кармалып, кийин коё берилген. Ошол кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал "Кара-Кече кенинен казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган" деп айыпталып жатканын, казылган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага кем, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөнүн маалымдаган. Бул иш боюнча тергөөнүн жыйынтыгы белгисиз.
Дагы караңыз
Кара-Кечедеги көмүр чыры жетекчини каматтыАшырбаев ага чейин укук коргоо органдарында иштеп жүргөнү айтылат. 2019-жылы аны белгисиз адамдар сабап кеткенин айтып, сүрөттөрүн жарыялаган. Ал муну өзүнүн ишине байланышы мүмкүн деп билдиргени бар.
Мурдагы жетекчи менен кошо кармалган Турсунбай Шарапов Ашырбаев кызматта турганда кеңешчиси болгон. 37 жаштагы Шарапов Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, активист катары дагы таанымал болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Ошол жылдары Мадумаровду, анын партиясын колдогон акцияларга активдүү катышып жүргөн. Аймактарга каттаган “Трасса Такси” фирмасынын негиздөөчүсү болгон.
Камакка алынган мурдагы жетекчи менен кеңешчиси акыркы учурда кескин саясий билдирүү деле жасаган эмес.
Активисттерге коюлган “дүжүр” берене
Кыргызстанда “массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып кармалгандар арбын. Укук коргоочулар бул берене көпчүлүк учурда бийликке сын айткан активист, саясатчыларга колдонулуп жатканын сындап келет.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова активист, саясатчылардан кармалышы боюнча мониторинг кылат.
“Бул “дежур” берене болуп калды. Акыркы бир жылда “массалык башаламандык” деген берене коюлуп, бирок далил табылбады. Мындай беренени колдонуп, аныкталбай калганына пророкуратура көзөмөл кылган жок. Экинчиден, лингвистикалык, саясий экспертизалар так чыгарып бериши керек. Үчүнчүдөн, соттор териштирбей эле чечим чыгарып жатат”, - деди укук коргоочу.
Ушу тапта отуздай активист, саясатчы “массалык башаламандыкка” шек саналып абакта же үй камагында жатат. Соттолуп пробация менен чыккандары дагы бар. Маселен, соңку айларда абактагы Азимбек Бекназаровдун тарапташы Нишанбай Иманкулов, жазуучу, публицист Олжобай Шакир, активист Зарина Төрөкулова аталган берене менен камакка алынган.
Дагы караңыз
Кооптуу берене менен козголгон иштерАтайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 19-октябрда Жайыл райондук УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында 70 жаштагы пенсионер Салия Таштанованын кармалышына байланыштуу комментарий берип, өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотулуп жатканын айткан.
“Коомчулукка дүрбөлөң салдырбайбыз. Коомчулукка дүрбөлөң салып жүрүп, эки-үч жолу төңкөрүш болду. Мамлекет жакшы жашап кеткен жок. Ар бир төңкөрүш сайын мамлекет алсыз болуп кетти. Мамлекет күчтүү болушу керек”, - деген Ташиев.
Кылмыш-жаза кодексинин Коомдук тартипке каршы кылмыштар боюнча 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) үч бөлүмдөн турат. “Калайман башаламандык уюштуруу” бөлүмү аныкталса, 10 жылга чейин, “башаламандыктарга катышуу же ага чакыруу” болсо, сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.