Балдар. Саламаттык: Таластагы өзгөчө балдарга шарт керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта реабилитациялык борбор ачылат

Таласта аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдарга реабилитациялык борбор курулууда.

Талас облусунун борборунда аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдардын саламаттыгын чыңдаган атайын борбор курулууда.

Анын курулушун Кызыл Жарым Ай коому колго алган. Бир кабаттуу имаратта 30 бала тарбияланмакчы. Курулуш күзүндө аяктап, кышында ишке кирет деп күтүлүп жатат.

«Теңир колдо» аттуу аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбордун директору Абдумалик Акматов. Талас ш. 03.8.2017.

"Теңир колдо" деп аталган бул борбордун директору Абдумалик Ахматов:

- 2005-жылы балалуу болгонбуз. Ал даун синдрому менен төрөлүп калды. Азыр балам 11де. Кудайга шүгүр, тамга таанып калды, компьютер ойнойт, сүйлөйт.

Баласы башкалардан айырмаланарын уккан Абдымалик Ахматов 2009-жылы өзгөчө балдар үчүн «Теңир колдо» деп аталган борбор ачып, коомдун жардамына муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын тарбиялай баштаган.

Бирок мэрия бөлүп берген имарат талапка ылайык келбегендиктен, балдарды бир жылдан бери өз үйүндө багып жатат.

- Иштеп жаткан имаратыбыз өтө тар болуп калды. Анткени балдарга толук кандуу кызмат көрсөтүү үчүн көп бөлмө болушу керек экен. Социалдык министрлик тарабынан атайын стандарт чыккан. Ошонун негизинде уктоочу, сабак окуучу, тамак ичүүчү жайы болуп, бөлмөсү көп болушу керек экен.

Абдумалик Ахматовдун алты бөлмөлүү үйүнө Таластын төрт районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген 80дей бала келип, кетип билим алып турат. Ушул тапта үч жаштан 15 жашка чейинки 18 бала тарбияланууда.

- Балдар саат сегизден кечки алтыга чейин 10 саат биз менен болот. Ошол учурда биз балдарга социалдык кызматтын бүт түрүн, бети-колду жуугандан тарта, кашык кармап өзү тамактанып, тамга таанып, өзүнүн оюн жеткире алгандай кылып үйрөтөбүз. Өз алдынча жашоого үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз.

Билим алып жаткан балдардын ичинен алтоо даун синдрому менен жабыркаса, төртөө аутизм менен төрөлгөн. Алар жакынкы айларда толук шарты бар жаңы имаратта билим ала баштайт деген ата-энелер кубанып жатышат.

“Кызыл Жарым Ай” уюмунун Таластагы өкүлү Дилдекан Шадыбекова. 03.8.2017.

Мындай мүмкүнчүлүктү эл аралык "Кызыл Жарым Ай" коому түзүп берип жатканын коомдун Талас облусундагы өкүлү Дилдекан Шадыбекова билдирди.

- Фундаменти куюлуп, чуңкур казылды. Буюрса кышка чейин, декабрга чейин бүтүрөлү деп аракет кылып жатабыз. Негизгиси, кирпичтерин көтөрүп, үстүн жаап, айнегин салып койсок, ички жумуштары жайыраак жүрө берет деп үмүттөнүп жатабыз.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтосунов Талас облусу боюнча даун синдромуна чалдыккан 11 бала каттоодо турарын, ал эми аутизм менен жабыркагандардын каттоосу жоктугун билдирди.

«Теңир колдо» аттуу аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбордогу балдар. Талас ш. 03.8.2017

Өзгөчө балдарды тарбиялап, коомго аралаштыруу аракеттерин эл аралык уюмдар ар кандай долбоорлордун алкагында жүргүзүп келет.

Анткен менен атайын билим алган адистердин жоктугу, тиешелүү мекемелердин кайдыгер мамилеси бул балдарды кичине кезинен аныктап, аларга атайын адистешкен тарбия берүү жана коомдогу аларга жаңыча педагогдук көз карашты калыптандырууга бөгөт болуп жаткан себептердин бири.

"Азаттыктын" архиви: Өзгөчө балдар...Өзгөчө дүйнө... 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.