“Алаткактык кайда алып барат?”

Бүгүн “Ачык саясат”, “Жаңы ордо”, “Супер инфо”, “Фабула”, “Вечерний Бишкек”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери чыкты.

“Ачык саясат” гезити “Икрам Илмиянов СДПКнын тагдырына балта чапты” деген кабар менен жаңы санын ачты. Анда аталган фракциянын депутаттары ооз ачпай, “марионеткалардай болуп отурушканы, “талкан сугунуп алышкансып унчугушпаганы” буга партиянын тизмесин түзгөн Икрам Илмиянов себепкер болгону айтылат. Ушул эле гезитте Элмира Ибраимованын “Адамдар барометр сыяктуу, адилетсиздикти жаңылбай сезет” деген маеги да жарыяланган. Каржы контролунун мыктысы Сатынды Самыкбаевдин “Чөйчөктөгү бороон” макаласында Конституциянын реформасы ийгиликтүү өтөрү, азыркы президенттин каршылаштарынын жүйөсү суу кечпей калары тууралуу кеп болот.

“Жаңы ордо” гезитинин бүгүнкү санында Аида Салянованын “Мени Башкы прокурор кылып Роза Исаковна алып келген” деген маеги чыкты. Гезитте “Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо иши башталды деп жар салды. Президентке импичмент жарыялоого негиз барбы?” деген суроо алдында пикирлер топтомуна да орун берилген. Басылманын суроосуна Азимбек Бекназаров “анда Текебаев өзү да жооп бериши керек болот” деп, Артур Медетбеков “дагы чуулгандуу окуялар чыгып калышы мүмкүн” деп, Өмүрбек Абдырахманов “президентке импичмент жарыялоого Текебаев жазган авторитардык Конституция жол бербейт” деп, Токтайым Үмөталиева Башмыйзамдын түпнускасы жок, “кайсыл Конституцияны көрсөтөт” деп, Эрнис Кыязов “Текебаев доосундагы узурпациялык мандемди мурда деле байкап жүргөн да” деп, Бөдөш Мамырова “Жогорку Кеңештен колдоо таппай калат го” деп, Шайырбек Абдырахманов “Эгер оппозиция өз дооматтарын тастыктаса, анда импичмент жарыялоого негиз болот” деп жооп беришкен.

“Жаңы ордодо” коомдук ишмер Марат Кайыповдун “Текебаев, Атамбаев 2010-жылы чогуу мыйзамдуу иштеп жаткан бийликти куралдуу төңкөрүш жолу менен элдин канын төгүп бийликке келген” деген маегинде мурда чогуу жүргөн саясатчылардын душмандашып калышы, Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр, Кыргызстандын кийинки жылдары көбөйүп кеткен тышкы карыз маселеси козголгон.

Импичмент маселесине “Фабула” гезити да токтолуп Алмаз Темирбек уулунун “Чагым жыттанган импичмент” деген макаласын жарыялады. Президентти кызматтан кетирүү демилгесине ким кандай карайт деп гезит бир катар ишмерлерге суроо узаткан. Ага жооп берген генерал Абдыгул Чотбаев “бул депутаттын коргонуу реакциясы” деп, депутат Акылбек Жапаров “импичментке алып келчү жагдайды көрө элекмин” деп, партия баштыгы Темирбек Алымбеков “мени азыр өлкө коопсуздугу көбүрөөк тынчсыздандырат”деп, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “импичмент жарыялоого негиз болуучу жагдайлардын ачык талкуусу коом үчүн абдан зарыл” деп пикирлерин билдиришкен.

“Супер инфо” гезити Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу кеңири түшүндүрмө жарыялады. Гезитте ошондой эле “Директорду эсепчиси өлтүргөн деп шектелүүдө”, “Өмүрдүн баасы 200 сомбу?”, “Аялым өзүнөн 15 жаш улуу кишиге тийип, анын 4 баласын багып жүрөт” деген макалаларга орун берилген.

“Вечерний Бишкек” гезитине экс-депутат Ташболот Балтабаевдин “Текебаевдин ачкөздүгү партияны жайлады” деген маеги жарыяланды.

“Эркин тоо” гезити КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков “КТРК ресурсу, рейтинги боюнча саясий чордондо турган ири медиа-булак” деген маегин басты. Директордун айтуусунда, компанияда минден ашуун киши иштейт, аларды алты телеканалга бөлө келгенде ар бир каналда 200дөн гана киши иштерин, 100дөн ашуун адам кызматынан бошонгонун, учурда корпорацияга келген-кеткендер кылдат көзөмөлдөнүп, видеокаттоолор коюлганын билдирген.

Гезитте белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын “Жаңы Конституцияны кабыл алып, сот системасын реформалайм деген шылтоо” деген макаласына да орун берилген. “Буга чейин сегиз жолу өзгөртүлгөн Конституция жаңы бийликке иштеп келген, бийликти чыңдоого багышталып өзгөрүлгөн. Азыр деле ошол көрүнүш, эгер бийлик Конституцияны өзгөртүп алышса, бизде эки бий болот: бири президент, экинчиси премьер-министр. Карапайым элдин муктаждыгын чечүүгө мүмкүнчүлүк берген акыйкат башкарууну качан орундатабыз, белгисиз”, деп жазат Рита Карасартова.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги “Алаткактык кайда алып барат?” деген макаласында белгилүү жазуучу Илгиз Талип кийинки кездери сөөк коюу маселесинен чыккан талаш-тартыштарга карата пикирин билдирген. “Жер эне кудайдыкы, пенде кудайдын кулу. Жаратканга өз эркин таңуулап, анын атынан өкүмзордук иш жүргүзүүгө эч кимдин акысы жок. Алабукалык алаткактар мыйзам чегинен чыгып, маркум К. Сатыбалдиеванын сөөгүн үч ирет кайра казып чыгарышкан. Алардын макоолук жоругун жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү колдогонун кантип түшүнсө болот? Акыйкатында көмүлгөн малдын сөөгүн да кайра казып чыгарышпайт го. Бул окуя башкаларга сабак болушу керек”, деп жазат Илгиз Талип.