"Эл билбеген партия өтөт, балким кнопкалар башка жердеби дейсиң"

Добушкана.

Бүгүн “Республика”, “Асман+”, “Азия нюс”, “ПолитКлиника” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити шайлоо менен референдумдун кандай өткөнүн сурап биртоп ишмерлерге кайрылган. Алардын жообу гезиттин жаңы санында. “Демократ” партиясынын мүчөсү Бурул Усманалиева шайлоо менен референдумда “административдик ресурс катуу колдонулду. Буга өзүм күбө болдум. Шайлоочуларды сатып алгандар кездешти. Үй комитетинин башчылары “үйдүн чатырын жаап, үй алдындагы аянтты жасап берди, ал айткан кишиге добуш беребиз” деп айтып жатышты” дейт.

Усманалиеванын ырасташынча, партиялар, акча тааныштын күчү менен иштешти. Жарандык активист Рита Карасартованы таң калтырганы мурда аты-жыты белгисиз “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоодон өтүп кетиши болду. “Эл билбеген партия өтөт, балким кнопкалар башка жердеби дейсиң. Президент дагы шайлоо бүтө электе эле бүткөндөй сөз сүйлөп, шайлоо процесси таза өттү дейт”. Карасартованын пикиринде, бул иш-чаранын жакшы жагы - референдумга каршылар тарыхта биринчи ирет ачык үгүт жүргүзгөнү. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев шайлоо участкаларында бюллетендерди таштады деген чагымчылардын гана сөзү экенин ырастап, Жалал-Абаддагы урнага бюллетенди техник шайлоо комиссиясынын көзөмөлүндө салып жатканын ырастады. КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов шайлоо татыктууларды тандады деген пикирде. Гезитте белгилүү акын Тазагүл Закированын “Кыялымда адам тууралуу күнү бүгүн да жазып келатам” деген маеги, кыргыз илимпоздорунун “Манас” эпосун окутуунун жолдоруна арналган талкуусунун материалдары да жарыяланган.

Бишкек шаардык кеңешине мурда белгисиз “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төртүнчү орунга жетишкенин “Республика” гезити 11-декабрдагы кош сюрприздин бири деп атады. Баш калаада шайлоого келгендердин саны кечке маал 20% ары өтпөй туруп калганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үй-үйлөргө барып шайлоочуларды добуш берүүгө чакыра башташкан. Макала автору Махинур Ниязованын ырасташынча, аягында шайлоочулар санын 42% жеткиришти. Анткен менен, бул күн Кыргызстан тарыхындагы шайлоочулар эң эле аз келген референдум катары эсте калды, дейт Ниязова.

Бир жыл ичинде Кыргызстанда кандай саясий окуялар болуп өткөнүнө Рина Приживойт сереп салды. Конституциялык реформа өттү. А бирок анын соттук реформасы начардын арасынан эң начарын тандап алуу болгону экс-спикер Зайнидин Курмановдун маегинде козголгон. “Бизге бир интеллектуалдык примитивди, өткөндүн, болгондо да орто кылымдык ышпалдасы чыккан форманы сунуш кылышты – аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери абсолюттук монархтардын колунда болчу. Начар менен эң начардын арасынан таап алгыла деп коюшту. Муну комментарийлештин деле кажаты жок”, дейт Зайнидин Курманов.

“Асман+” гезитинде журналист Жолдошбек Токоевдин “Жаңы Конституцияда аткаруу бийлигинин укуктары кеңейтилип, жоопкерчиликтери күчөтүлдү” деген маеги чыкты. Ал эми экономика министри Арзыбек Кожошевдин маеги “Мегакомду” баасы чыгып турганда сатып пайдалана билишибиз керек” деп аталат. Экономика министри “Мегаком” компаниясын жеке колго сатып, андан түшкөн акчага биртоп социалдык объекттерди бүткөрүү пландалып жатканын, буга кошумча “Манас” аба майданынын жанына “20 – 30 га жерине оюн-зоок борборлорун куруу маселеси азыркы учурда иштелип жатат. Парламент колдоого алса өйдөдө айтылгандай, оюн-зоок борборлору чет элдиктер үчүн гана иштетилет”. Министрдин айтуусунда, андай оюн-зоок жайларынан бюджетке 1 миллиард сом салык түшүп, анда иштегендердин 90% жергиликтүү тургундардан болот.

Жергиликтүү кеңеш шайлоосу менен чогуу өткөн референдум тууралуу пикирлер топтомун бейшембидеги “Азия нюс” гезити да жарыялады. Экс-министр Камила Талиева референдумду “элдин үнү менен эсептешпей, кара күчкө салып” өткөрүшкөнүн айтса, саясый серепчи Табылды Акеров “мен бул шайлоону жана референдумду мынчалык төмөн деңгээлде өтөт деп ойлогон эмесмин” деп, экс-депутат Бактыбек Калмаматов “техникалык мүчүлүштүктөр аябай көп орун алды. Натыйжада “шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды” деп, жаш саясатчы Тимур Саралаев “бийлик бул сапар кылчусун толугу менен уялбай эле кылды” деп, коомдук ишмер Кубат Болотканов “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары эл менен жолугуп, программа же келечекке карай пландарын айтып олтурбастан эле элди, добуштарды көз көрүнөө сатып алышты” деп, укук коргоочу Рита Карасартова “биометрикасын берип, бирок өзүн тизмеден таппай кеткендер көп болду” деп, коомдук ишмер Касымбек Райымкул уулу “кандай административдик күч колдонулганын эл көрүп турду” деп, айтылуу дарыгер Сабырбек Жумабеков “шайлоо таза, ачык өттү” деген пикирлерин ортого салышкан. Ушул эле гезитте референдум тууралуу белгилүү ишкер Женни Жеңиш кызынын “Жаштар өз укугун билбегендигин, караңгылыгын даана көрсөтүштү” деген маеги жарыяланды.