Сталбек Бактыгулов: Композиторлор өзүбүздү өзүбүз эле угуп калдык

Композитор Сталбек Бактыгулов.

Таланттуу композитор Сталбек Бактыгуловдун №2-симфониясы америкалык дирижёр Чарльз Ансбахер жетектеген академиялык оркестрдин репертуарына кирип, дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөргө тартууланып келатат.

Белгилүү кыргыз композитору Сталбек Бактыгуловдун "Күмүш камчы" аттуу бир актылуу балети, "Курманжан датка" балети, отузга жакын симфониялык, вокалдык-симфониялык, камердик-аспаптык, драмалык спектаклдерге жазган музыкасы, киномузыкасы, вокалдык чыгармалары, обондуу ырлары угармандарга белгилүү. Сталбек Бактыгулов окурмандарга жазуучу катары да таанымал.

“Азаттык”: Сталбек мырза, сиздин адабий чыгармаларыңыз алдыңкылардын катарында эле. Анан эле классикалык музыкага, композиторлукка өтүп кеттиңиз. Ушунун себебине токтоло кетсеңиз.

Бактыгулов: Бул билимге байланыштуу болот экен. Мен борбор шаарга жаңы келгенде адабий чөйрөгө аралашып, мурдагы Ленин заводунун маданият үйүнүн алдындагы “Тоо жылдыздары” адабий ийримине кирип, кийин музыкага өтүп кеттим. Анын себеби мындай болду. Мен мектепти бүткөнгө чейин фортепянону (орусча "фортепьяно") көргөн эмесмин. Балдакчанмын, балта чапкан колдорум чоң, эп келбейт, фортепяно боюнча мугалимдердин көбү өзүнө алууга макул болушпай, мени Семиход деген агайым өзүнө шакирт кылып алып, ошол киши эки айдын ичинде колумду ийкемдүү кылып, чоң эмгек кылды.

Тагдыр деген тагдыр экен, андан алыс кача албайсың. Ушу фортепянодон экзамен бергенде балдагымды кырынан таянып, анткени ал манжага таасир берип коёт, сыноодон өткөм. Ошентип мени менен чогуу окугандар арасында алдыга чыгып, бир жылдан кийин кыргыз топтон орусча окуган топко кошулгам. Чөйрө сени тарбиялап, багыт берип, тагдырыңды өзгөртүп коёт экен.

А бирок мен адабиятты таштабайм. Эки жыл мурун алтымышка чыгып, китеп чыгардым. Композиторлукка ооп кеткенимдин дагы бир себеби – 1981-жылы институтту бүткөндөн кийин Москвага бардым. Ал кезде саясат башка эле. 15 республикадан бирден композитор тандалып жиберчү. Ал жерден уят болуп калуу өлүмгө тете болчу. Саясат күчтүү эле.

Мен уят болгонум жок, бирок биринчи, экинчи жылы аябай кыйналдым. Мен Кыргызстанда эле айланып-тегеренип жүрө берипмин, Кавказдын, Балтика боюндагы республикалардын, Москва, Ленинграддын өзүнчө композитордук мектептери бар экен. Анан ошонун баарын эки жылда үйрөнүп, өздөштүрүп, тигилер менен теңтайлашып, талашып-тартышканга жарап калдым.

Анан өмүр жетсе адабиятты деле, музыканы деле чогуу алып кетейин дейм. Бирок бул заман маданияттын, чыгармачылыктын душманы экен. Көр оокатты мойнуңа илет да коёт, көтөрө аласыңбы – көтөрө албайсыңбы, мына чоң сыноо. Чыгармачылыкта ага көңүл бурбай жашоо деле мүмкүндүр, бирок үй-бүлө деген бар, тууган-урук, дос-жар, карым-катыштар бар. Мени кайгырткан нерсе - классикалык музыканын көмүскөдө калышы болууда.

“Азаттык”: Ушуга улай бир суроо. Сиз классикалык музыканын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатасыз. Социализм заманында ага көнүл бурулчу, театрларда коюлчу, угузулчу, пропаганда жакшы эле болчу. Кийинки кездери бул жагынан иш кыйла басаңдап калды. Классикалык музыканы элге жеткирүүнүн кандай жолдору бар? Чыгармачыл адамдар өздөрү да аракет кылышы керекпи?

Бактыгулов: Аракет кылышы керек. Негизи, үналгы ( радио) менен сыналгы (телевидение) тараптан көп аракет жасалышы керек. Ушул көйгөйдү сиздин башка кесиптештериңиз түшүнсө, классикалык музыканын багы ачылат эле. Музыка тили которулбайт. Бирок аны сөз менен айтып берүү аябай кыйын.

Михал Клеофас Огинскийдин музейине айланган чарбак. Залесье кыштагы, Беларус. 09.8.2009.

Адабият тууралуу кеп кылып калбадыңызбы. Мен поляк тектүү Михал Клеофас Огинскийдин (Michał Kleofas Ogiński; 25.9.1765 – 15.10.1833) “Полонезин” жакшы көрчүмүн. Биринчи аңгемем ошол жөнүндө болчу.

Кийин анын тарыхын уккандан кийин уялып калдым. Себеби ал киши жергиликтүү бийликтегилер менен тил табыша албай, алар бир түндүн ичинде чыгып кетүүнү талап кылышкан экен. Чыгып кетиптир.

Ошол бойдон композитордун өмүр баяны эч кимге белгисиз. Чыгармачыл адам менен аткаминерлердин ортосунда жылуу мамиле болбош керек. Алардын көз карашы башка, биздики башка.

Людвиг ван Бетховен (Ludwig van Beethoven).

Мен Кыргызстанда мындай бир сюжетти уккан да билген да эмесмин. 35 жашка чейин бойдок жүрдүм. Сүйүү эмне экенин билчү эмесмин.

Ал сюжет мындай. Бир бай адамдын кызы Жульетта Гличара деген “Бетховенден бир эле саат сабак алсам, менин арманым болбос эле” деген экен. Людвиг ван Бетховендин (1770-1827) мүнөзү кырс, жашоо-турмушу начар эле болгон экен. Анан тил табышкан окшойт. Калем акысын жакшы коюп беришкенби, ким билет.

Бетховен сабак берип жүрүп жанагы кызды сүйүп калат. Жанында бир саат сабак алсам арманым жок деген кыз композитордун сунушун таптакыр терс кабыл алат. "Жок!" дейт.

Ошондон кийин сүйүүнүн айынан Бетховендин кулагы укпай калат. Дүлөй болуп калгандан кийин гениалдуу чыгармаларын жазган. Композитор үчүн кулагы укпай калганда чыгарма жазыш эмне деген баатырдык!

“Азаттык”: Сиздин чыгармачылык диапазонуңуз аябай эле кенен. Мезгилдик жагынан алганда элибиздин өткөнү, трагедиясы, азыркы учурду, классикалык көркөм чыгармалардын негизинде да симфониялык чыгармаларды жаратып жатасыз. Илхамды сиз кайдан аласыз?

Бактыгулов: Уккан музыкалардан, көбүнчө. Бойдок кезимде төрт күн жумушка барбай, себеби ортосунда тыным болуп калса эле мен аны жоготчудай сездим, анан аны бүтүп жумушка баратсам, жанымдан “ЗиЛ” өттү эле, мен жыгылып калдым. Мына, үндөн чарчагандык.

2009-жылы го дейм, мен кумир туткан Бетховен менен Чайковскийдин чыгармалары менен менин симфониям чогуу аткарылып калды, бул тагдырдын бир белеги болду.

Дирижёр Чарлз Ансбахер (5.10.1942-12.9.2010) Бишкекке көп ирет келген. Сүрөттө: Ч.Ансбахер (кыргыз улуттук кийимчен) Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы концерттен кийинки кечеде замандаштары менен. 15.2.2004.

Америкадан Чарлз Ансбахер деген дирижёр келип, “Бетховендин №5-симфониясы, Чайковскийдин скрипкалык концерти, сенин симфонияң аткарылат” деп калышты.

Америкалык дирижёр келди дегенден кийин зал толтура, көбүнчө эле аткаминерлер отурушту. Бейиши болгур Бетховен менен Чайковский бул дүйнөдөн өтүп кеткен, мен тирүүмүн го. Чыгармалар аткарылгандан кийин публикага ызаат кылып мени көрсөтүп, ишара кылып коюш керек эле. Бул эми элементардуу этика го. Дирижёр унчукпай басып алып кетип калды.

Кийин Ч.Ансбахер мага автограф жазып берип, кечирим сураптыр. “Ал кишиден кечирим сурайм, партитурасын алып кетем, ал жанымда болот, ал кишинин чыгармасын дүйнөгө угузам”, - дептир.

Мен ушундан кийин 2–3 ай көңүл чөгүп, депрессияда болдум. "Ким айтты, ал дирижерго" деп, мен чыгармачыл чөйрөдөн кача баштадым. Негизи чыгармачыл адам – жалгыз адам. Бул пессимисттик маанай эмес.

Мына мен алтымышка келип калдым. Мен ушуга ишенип калдым. Чыгармачыл адам жалгыз, азыр мен өзүмө өзүм сынчымын. Советтер Биримдиги кезинде редколлегия болуп, бири-бирибизге пикир айтып талашып-тартышмайлар көп болчу, көрсө алардын баары чоң бакыт экен. Сын бүлөп-курчутат, аны көтөрө билиш керек.

“Азаттык”: Азыр эми "өз казаныңыздарда эле кайнап" жатасыздар да.

Бактыгулов: Мен антип айта албайм. Сындын бир жакшы жери - жаш кезиңде ар бир сынды кабыл ала берет экенсиң. Азыр мен сынды тандап кабыл алам. Композиторлордун сынын, тамашасын иргеп калдым. Баарын эле кабыл ала берсем, жинди болуп кете тургандайсың.

“Азаттык”: Сталбек мырза, азыркы кыргыз композиторлорунун алдыңкы сабында турган инсансыз. Классикалык музыканы элге жайылтууга жакшы эле шарт түзүлгөндөй сезилүүдө. Батышта ал эстрададан кем калбаган кызыгуу менен эле кабылданат. Бизде жаштардын көпчүлүгү мындан четте калгандай таасир калууда. Ушул жагынан кандай иштерди жасаса болот деп ойлойсуз?

Бактыгулов: Дагы айтайын, бул жагынан негизги курал – радио менен телевидение. Сиздер жардам беришиңиздер керек. Азыркы ырларга мен сынчы эмесмин. Бирок алардын баарын эле кетире бербей, анан авторлорунун атын атап турушса, “атын атаса куту сүйүнөт” болуп жакшы болмок. Батыштагыдай кылып оркестр көчөдө концерт койсо, мүмкүн, калайык угар, бирок мен ага ишенбейм. Себеби бул жалпы элдин трагедиясы.

Мен симфония жазып жүрүп, мынабу заман келгени айла жок эстрадага өтүп алдым. Жок болуп кетпөөнүн аракети да. Симфониялык оркестрлердин концерти болуп атат. Бирок анда биз композиторлор өзүбүздү өзүбүз гана угуу менен чектелип калып жатабыз. А элибиз кайда?

Бир чыгарма ойнолгондон кийин дуулдаган кол чабуу болсо, ал сага дем бермек. Концертиңе эл батпай турса, ошол элдин деми сага күч-кубат берип, кийинки чыгармачылыгыңа чоң демөөр болот эле. Биз ошондой маданияттан алыспыз.

Биздин маданият министрибиз Түгөлбай Казаков келери менен конкурс уюштурганда композиторлор аябай кубандык. Замандын оош-кыйышы баары бир жүрөгүңдөн өтөт экен. Ары жакка урунуп, бери жакка урунуп, жан дүйнөңду чачып алган учуруң болот. Өзүндү чогулта албай калган кезиң болот.

“Азаттык”: Сталбек мырза, эми сөз соңунда дагы бир суроо. Азыркы кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгы тууралуу кандай ойдосуз?Кыргыз классикалык музыкасынын абалы кандай?

Бактыгулов: Абалы? Кудайга шүгүр. Турдубек Чокиев иштеп жатат. Бир эле дүйнөнүн, чөйрөнүн адамыбыз. Бирок концерт бериш үчүн филармония менен опера, балет театрынын ижара акысын төлөшүбүз керек. Ошол проблеманы чечип, азыр өзүбүздүн залыбыз бар.

Кыргызстан композиторлор уюмунун жетекчиси, композитор Турдубек Чокиев.

Мени кубандырганы – жаш композиторлор, орто, улуу муун композиторлордун иштеп жатышканы. Жаштардан Райхан Бейшеналиева, Бакыт Алишеровду айта кетким келет. Жаңы чыгарма, жаңы стилдердин чыгып атканы кубандырат.

Композиторлор консерваторияда даярдалат, алардын саны аз. Социализм тушунда консерваторияда үч эле бала окучубуз.

Бул өзү - музыка тарыхы менен теориясын өздөштүргөн, анын ысык-суугун көтөрө билген сейрек өнөр. Билим керек, анан ошол билимдин негизинде өзүңдүн жан дүйнөңдү ачып бере алган, жүрөктүн жаңырыгын бере алган – ошол композитор да.

Замандын оош-кыйышына карабай, чыгармачылыктан кол үздүрбөсүн! Биз эми кайра төрөлбөйбүз. Чыгармачыл адамдын бактысы – экинчи өмүрдө. Ушул өмүрдүн баркын билбей өтүп кетебизби деп корком. Чыгармаларым ушул экинчи өмүрдө жашап калса, ошол - менин бактым.

“Азаттык”: Ырахмат, маегиңизге!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.