Москва: күнүмдүк ишке байланган мекендештер

Ярославский вокзалы

Москвада айрым мигранттар күнүмдүк жалданма иш менен жан сактап келишет. Шаардагы вокзалдарда жана чоң жолдордун боюнда эртели-кеч ишке жалдоочуларды күтүп тургандардын арасында кыргызстандыктарды дагы кездештирүүгө болот.

Ярославский вокзалында метродон чыга бериште эле жоон топ адамдар көрүнөт. Алардын арасынан кыргызстандыктар көзгө жылуу учурайт. Күнүмдүк ишке жалданып иштегендер ары-бери өткөндөрдөн «иш барбы?» деп сурап турганын көрөсүң.

Элүүгө таяп калган Жапар аттуу мекендеш бул жакта иштегендердин "жетекчиси". Москвада көпкө жүрүп, көптү көрүп калганы үчүн аны башчы кылып шайлап коюшкан. Жумушчу издеп келгендер менен акыны сүйлөшүп, балдарды топтоп ишке жөнөтөт.

Жапар

- Төрт айдан бери иш солгун, мурдагыдай болбой калды. Эми бул «халтура» да, бирде бар, бирде жок. Туурасын айтыш керек, кыйналып кеттик. Өткөндө бирөө менен мушташа кетип, ага 50 миңден ашуун айып төлөдүм. Негизи балдардын акысын алып берейин деп урушкам. Бир күндүк иш үчүн 1,5 миң рублге барабыз. Кээде «бекер тургучакты» деп арзан айтса деле макул болобуз. Кээде тамак беришет, кээде беришпейт. Иш ар кандай. Таштанды тазалаш керек, жүк ташуу дегендей. Орус, дунган, тажик, өзбек, кыргыз – баары аралаш. Бөлүнмөй жок, иш талашып урушмай жок. Өз ара топ-топ болуп чыгып кетебиз. Ширеткич керек болсо өзүм барам. Вокзалга күнүнө он чакты кыргыз чыгат. Бирок мен кыргыздар менен иштешкенден качам. "Сен акча жеп атасың" деп асылышат. Андан көрө башкалар менен барган жакшы. Бул жакта көбү курулушта туруктуу иштеп, анан акчасын албай калгандар. Айлап-жылдап мээнет кылып, куржалак калгыча күндө тапканымды күндө колума алганым жакшы дегендер турат.

Кара жумушчулар

Эмгек миграциясы эркектерди деле калчайт. Жапар күнүмдүк тиричиликке керектүү оокат да кыйынчылык менен табыларын айтты:

- Эркек мигранттарга деле кыйын. Башында бир батирде элүүгө жакын адам жашачубуз. Эртең менен ишке кетесиң, кечинде келип эле уктайсың. Башында арданчу элем, кийин көндүк. Өзүңдүн тамагыңды өзүң эптеп, кириңди жуумуш болосуң. Аялыңды сагынасың... Бирок аялыңды иштетип, өзүң үйдө балдарың менен отурганың да болбойт. Эми балдарды алып келип, бул жакка ишке жайланыштырып койсок болду. Ошто үй-жайым бар. Кичине иштесем кетем деп эле жүрөм. Бул жакка ичкен адам келбей эле коюшу керек. Мас болуп көчөгө чыксаң, сенден өткөн көзүрлөр көп. Өлтүрүп койсо дагы эч ким сурабайт, өзүнө тың болбосоң, жоголуп кетесиң.

Анатолий

Кара-Балтадан келген Анатолий болсо вокзалда конуп-түнөп иштейт. 69 жаштагы бул мекендеш кыргызстандык башка мигранттарды эш тутуп, алар менен чогуу кара курсактын айынан бардык жумушка макул болот.

- Кыргызстанда айдоочу болуп иштегем. Кийин жумуш чыкпай калды. Орусияга келип-кетип иштейм. Бул жакта чайыттай ачык күн жок, суук. Мен ачык тийген күндү сагындым. Эли дагы башкача, каардуу. Биздин адамдар жөнөкөй. Жумуш эми ар кандай. Бирөө жер каз дейт, бирөө сырда дейт, бирөө таш тер дейт. Мага мындай жумуш оор. Ден соолук жок. Бирок айла канча? Эч нерсе чогултканым жок. Бир күндүк иштеп тапканың тамак-ашка кетет, кийинки жумуш табылгыча түгөнөт, жетпей да калат. Мен ушул вокзалда түнөйм. Сосновакадагы дачамды оңдогонго акча топтоюн деп келгем. Аялым менен мурда эле ажырашып кеткенбиз. Азыр ал Краснодарда жүрөт. Жалгыз уулум Тулада. Ага өткөндө барсам, колума 500 рубль берип, «кет» деди. Мен баса бердим.

Вокзалдагы мигранттар

Москвада күнүмдүк жалданма жумуш аба ырайындай туруксуз нерсе. Бирде иш чыкса, бирде болбой калат. Ысык-суукта көчөдө туруп, кичинеден ичимдик ичип, аягында аракечтикке берилип кеткендер четтен чыгат. Ач калган күндөрү мэриянын селсаяктарга берчү ысык тамагына кезекке туруп, вокзалда түнөгөндөр дагы жок эмес.

Селсаяктарга тамак берчү жай

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.