Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:36

Тажикстан: футбол мигранттардын жолун тосту


Орусияга сапар алган тажикстандык мигранттар. Душанбе аэропорту.
Орусияга сапар алган тажикстандык мигранттар. Душанбе аэропорту.

Тажик бийлиги жарандарын Орусиянын айрым шаарларына барбай турууга чакырды. Буга Орусия бийлигинин аталган шаарларда өтө турган футбол боюнча таймаштардын алдында чет элдик жарандарды каттоо шарттарын катаалдаштыруу боюнча буйругу себеп болууда.

Тажикстандын Эмгек жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Усмонали Латифи "Азаттык" радиосунун тажик кызматына курган маегинде министрлик маалымат каражаттары аркылуу тажикстандыктарды Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казан жана Сочи шаарларына 12-июлга чейин барбай турууга чакырып жатканын айтты.

Латифи кошумчалагандай, 2013-жылдан тарта өкмөттөр аралык келишимдин алкагында Тажикстандын жарандары Орусияда 15 күн ичинде каттоого турушу керек эле.

- Бирок Орусиянын президентинин соңку буйругу мурдагы каттоо тартибин жокко чыгарат. Эми эки өлкөнүн жарандыгын алгандар жана мыйзамдуу түрдө бул шаарларда иштеген мигранттардан башкалары бир күндүн ичинде каттоого турушу керек, - дейт Усмонали Латифи.

Тажисктандын Эмгек министрлигинин өкүлү Усмонали Латифи.
Тажисктандын Эмгек министрлигинин өкүлү Усмонали Латифи.

Ал тапта тажикстандык авиакомпаниялар бул шаарларга аба каттамдарды кыскартууну караштырууда. "Тажик эйр" авиакомпаниясынын маалымат катчысы Азизулло Хайрулоевдин билдиришинче, жаңы буйрукка байланыштуу июль айында жүргүнчүлөрдүн саны кыскарышы ыктымал. Ал азырынча каттамдар адаттагыдай режимде жүргүзүлүп жатканын кошумчалап, кыскартуу боюнча чечим буйрук күчүнө киргенден кийин кабыл алынарын билдирди. Бул аралык ичинде жүргүнчүлөр саны анализденет.

Орусия президентинин "2018-жылы Футбол боюнча дүйнө чемпионатын жана 2017-жылы ФИФАнын Конфедерация кубогун өткөрүү маалында күчөтүлгөн коопсуздук чараларын киргизүү" боюнча буйругунун алкагында быйыл Казан, Москва, Санкт-Петербург, Сочи шаарларында, ал эми 2018-жылдын 25-майынан 28-июлуна чейин Волгоград, Екатеринбург, Москва, Ростов-на-Дону, Самара, Санкт-Петербург, Сочи жана башка шаарларга убактылуу келген мигранттардын бардыгы 24 саат ичинде каттоого туруусу зарыл.

Орус маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Москва шаарынын укук коргоо органдары калааны мыйзамсыз мигранттардан тазалоо операциясын баштады.

Life.ru кабарлагандай "Нелегал" деп аталган операциянын башкы максаты - Конфедерация кубогунун башталышына чейин Москваны мыйзамсыз мигранттардан тазалоо. Полициячылар вокзалдарда, базарларда, курулуштарда жана жатаканаларда рейддерди баштап, кармалган мигранттар дароо депортацияланары айтылууда.

Орусиядагы рейд.
Орусиядагы рейд.

Мындай тазалоо иштери 2018-жылы өтчү футбол боюнча чемпионатка чейин улантылары күтүлүүдө. Life.ru маалымат агенттигинин жазгандай, учурда Орусияда 1980-жылдагы окуялар кайталанып жаткандай. Анда жайкы Олимпиада алдында шаарды үй-жайсыздардан, кылмышкерлерден жана сойкулардан шаардан тазалашкан.

Эске сала кетсек, буга чейин Орусия бийликтери тажикстандык эмгек мигранттарга бир ай ичинде 25-марттан 24-апрелге чейин мыйзамдашып, бул өлкөнүн аймагында эмгектенүүнү улантууга убакыт беришкен.

Бирок бул убакыт аралыгында Санкт-Петербург метросунда 16 адамдын өмүрүн алган жардыруу болуп, аны уюштурду деп орус бийликтери 22 жаштагы Кыргызстанда туулган Орусиянын жаранын айыпташкан. Ошол эле жардырууга катыштыгы бар деген шек менен Борбор Азиядан чыккан ондон ашуун адам, анын ичинде бир Тажикстандын жараны да кармалган. Бул окуялар тажик мигранттарынын мыйзамдашуусуна да жолтоо болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG