Каныметов: Инвесторлорду биздин мыйзамдар чочутат

Сейит Каныметов

Oil Insurance Company ишканасынын башкы директору Сейит Каныметов өлкөдөгү инвестициялык жагдай тууралуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.
“Азаттык”: Өлкөдө бийлик алмашканына бир жыл болоюн деп калды. Мурдагы бийликтер тушунда негизги бизнес бийликтегилердин колунда экендиги айтылчу эле. Абал ошондон бери өзгөрдүбү? Ишкерлер кеңири дем алып калыштыбы?

Сейит Каныметов: Чындап айтканда эгер экономикалык шарттарды, жагдайды карап көрсөк, мурдагыдан жеңилдеп калдык. Инвестициялык жагдайды алып көрсөк, менин жеке оюмда өтө деле алдыга жылып кеткен жокпуз. Эми апрел ыңкылабынан кийин бир жылдай эле мөөнөт өттү. Албетте мындай кыска мөөнөттө эч нерсени тез жасап үлгүрбөйсүң. Бирок азыр ишенип турабыз, буйруса жакын арада инвестициялык шарттарды түзүү жагынан олуттуу реформалар жүрөт го.

Эгер биз инвестициялык жагдай боюнча көбүнчө башкаруучу мыйзамдарды алып көрсөк, алардын баары эле 1990-жылдары кабыл алынган мыйзамдар. Менин оюмча биз ошолорду карап чыгып, азыркы учурга ылайыкташтырышыбыз керек.

Экинчиден, инвестициялык жагдай кадрларга да байланыштуу. Мисалы көбүнчө бул жакка акча салабыз деген инвесторлорду бул жактагы биздин жумушчулардын кесипкөйлүгү канааттандырбайт. Анан коопсуздук маселеси чочутат. Азыр ар кандай ушак жүрүп атпайбы, “андай болот, мындай болот” деп. Биз эми бул жакта ал айтылгандар ушак экенин көрүп, билип турганыбыз менен акча салабыз дегендер аларга көңүл бурат экен. Өткөн жылы деле 6-7-апрелде эч ким ушундай болуп кетерин күткөн эмес да. Ошондуктан ушул белгисиздик жагдай кичине кыжалат кылып атат.

“Азаттык”: Сиз камсыздандыруу бизнесинде көптөн бери иштеп келатасыз. Ушул тармакта кандай маселелер бар, тармактын өнүгүүсүнө тоскоол болгон.

Каныметов: Камсыздандыруу тармагын айта турган болсом, бул жакта өзгөртө турган көп нерселер бар. Негизинен бул тармакта да башкаруучу мыйзамдардын бардыгы 1990-жылы кабыл алынган мыйзамдар. Бул мыйзамдарды дагы кайра карап чыгыш керек, азыркы мезгилге алып келиш керек. Камсыздандыруу тармагында да реформаларды жүргүзүш керек.

“Мен инвестиция салам” дегендерди ушул сыяктуу көп нерсе чочулатып, ушул мыйзамдар, өкмөттүн токтомдору кыжалат кылып атат. Эми буга токтоло турган болсок, абдан көп нерсеси бар. Кыскасы бул тармакта да чоң иштерди жасаш керек.

“Азаттык”: Кадрдык маселелер тууралуу айта кетсеңиз. Маселен, бийлик тутумундагы чиновниктердин, иш алып баргандардын кесипкөйлүгүнө байланыштуу да көптөгөн иштер жылбай атканы айтылып келет?

Каныметов: Туура. Негизи ушул кесипкөйлүк, адистик жагынан да биз аксап келатабыз.

Маселен, камсыздандыруу тармагын алып көрсөк, жогорку окуу жайларда камсыздандыруу жагына карабайт. Ошол жактан бизге керектүү, сапаттуу адистер даярдалбай атат. Маселен, финансы техникуму деген бар. Ал жакта камсыздандыруу тармагына даярдалчу анча-мынча адистиктер бар. Ачыгын айтканда алар да азыркы деңгээлге жооп бере албай ачат. Ошондуктан жогорку билим берүү тармагынан да көп нерсени кайра карап, керектүү кесиптерди туура бөлүп, талапка жараша окутуш керек го деп ойлойм.

Өткөн жылдары “милдеттүү камсыздандыруу” боюнча төрт мыйзам ишке кирди. Демек бул тармак чоңойот. Андыктан окуу жайларга бул түрткү болуш керек го, өзүнчө программа ачып, камсыздандыруу сыяктуу тармакка адистешкен кадрларды даярдоого. Окуу жайларда азырынча кадр даярдоодо жылыштарды байкай элекмин.

“Азаттык”: Рахмат.