Ак үйдөн желбиреген желек

"Азаттык" Кыргызстанда Ак үйдүн башында турган желекти ким кантип жасай турганына кызыкты.
Кыргызстанда Өкмөт үйү үчүн улуттук желекти Бишкектеги “Кыял” көркөм өнөр бирикмесинде даярдашат экен. Ага да толтура талаптар коюлат. Желекти даярдап чыгаруу иши тыкандыкты, көп күчтү, убакытты талап кылган иш экендигин биз ошол “Кыял” бирикмесине барып, бир аз жүргөнүбүздө эле байкалып турду.

Бактыгүл Чоңбашева бул жерде иштеп жатканына 10 жылдан ашты, ал өз ишин мыкты билген ууздардан. Кесиптештери менен бирге жалаң эле кыргыз желегин эмес, чет мамлекеттердин дагы символикаларын даярдашат.

- Өзүм тиккенди жакшы көрчүмүн. Сайма сайганды дагы жакшы өздөштүргөм. Анан “Кыялга” ишке келгенимде биринчи жолу узундугу он, туурасы беш метр болгон Кыргызстандын туусун даярдап чыктык. Ошондон бери өлкөбүздүн желегин тигип даярдап жатабыз.

Мамлекеттин символикасын жаратууда сүрөт тартуу же сайма сайып тигүү өнөрүн билүү аздык кылат. Өлкөнүн желегин даярдоо ишин төгөрөгү төп келген, баардык тармакта мыкты уста аталган адамдар гана иштешет. Ошондуктан алардын саны 10 адамга жетпесе керек.

А Бактыгүл эже 10 жылдан бери Кыргызстандын канча желегин жасады экен?

- Саны канча экенин билбейм, бирок көп желектерди тигип чыктым. Ар бир эмгегибизге дыкат мамиле кылып, жакшы болуп даярдалып чыкса, сүйүнүп калабыз. Бул аралыкта президенттин көптөгөн желектерин жасап, өлкө башчысынын штандартын дагы тигип бергенбиз. Кыргызстандагы көпчүлүк мекемелеринде биздин бирикмеден тигилип чыккан желектер илинип турат. Ар бир туунун өзүнүн чоңдугу жана бөлүкчөлөрү болот. Негизи баардык талаптарга жооп бергидей желектерди жасап чыгарабыз.

Сиз азыр иш бөлмөңүздө ондон ашык өлкөнүн желектеринин үстүнөн иштеп жатыпсыз. Булардын ичинен көп эмгекти талап кылган желектер бар болсо керек?

- Түркменстан менен Белоруссиянын желектери көп эмгекти талап кылат. Алардын орнаменттерин саймалап чыгуу - оор иш. Кандай болсо дагы кылдат кыймылдап, жакшылап тигип чыгарууга аракет кылабыз.

Кыргызстандын желегин тигип чыгуу сиз үчүн кыйынчылыкты жаратпаса керек?

- Кыргызстандын туусун тигүү жеңил деп айта албайм. Бир караганда оңой көрүнгөнү менен, иш жүзүндо кыйын десем жаңылышпайм. Кыргыз желегинин сүрөтүн так тартуу, көлөмүн стандартка келтирүү көп ишти талап кылат.

“Кыял” бирикмесинде желектер сайма сайуу, кездеме жабыштыруу жана бойокко салуу жолдору менен даярдалып чыгат. Бирок азыркы маалда сайма жолу менен тигилип чыккан желектер өлкө мекемелеринде басымдуулук кылып келет.

Бул бирикмеде ар кандай өлчөмдөгү желектер даярдалат жана, заказга жараша, кездемелери дагы бири биринен айырмаланып турат. Улуттук символиканы даярдоого атайын жабдуулардын деле кереги жок. Эң негизги керектелүүчү нерсе - жакшы кездеме жана алтынга чөгөрүлгөн жиптердин түрлөрү.

Желек даярдоодо негизги талаптар кандай?
Бул сурообузга “Кыял” көркөм өнөр бирикмесинин башчысы Султанбек Макашов токтолуп өттү.

- Өлкө желегин жасоодогу негизги талаптар: желектин символун бузбаш керек, көлөмү дагы стандартка төп келиши абзел, өңү-түсүнө дагы кылдат мамиле кылуу зарыл. Күнгө күйбөгөн, жакшы бойолгон кездемелерден даярдалышы керек. Ошондо гана кадимки туу болуп эсептелет.