Курманалиев: Анталиядагы журтташтардын укугун коргойбуз

Түркиянын Анталия аймагында иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттардын саны миңдеп саналат.

Анталия туристтик аймак болгондуктан жайкы сезондо келип кошумча акча таап кеткен студенттер да кездешпей койбойт.

Мигрант кыз-келиндер негизинен үй жумушунда, тейлөө тармагында иштейт. Алардын арасында алданып калып, сойкулукка кириптер болгондору да жок эмес.

Бир нече жылдан бери Түркиядагы мигранттар көйгөйүн байкап, күбө болуп келген мекендештер атайын кыргыз коомун түзүүнү ойлонуп келген. Жакында бул тилек да ишке ашканы турат.

Анталиядагы мекендештер учурда жергиликтүү бийликтерден тийиштүү документтерди алып койгонун кабарлашты. Кеңсенин расмий ачылышы жакын арада өткөнү турат.

Анталиядагы кыргыз коомунун жетекчиси Талант Курманалиев 33 жашта. Ал бир жыл мурда Анталияга келип чакан бизнес ачкан. Ошол эле маалда мекендештер көйгөйүн чечүү үчүн тааныштары менен топ түзүп, иштеп келген.

Курманалиев Анталияда кыргыз коомун түзүүнүн зарылдыгы, максаты жана пландары тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Саламатсызбы, ачылып жаткан коомуңар кут болсун! Алгач Анталиядагы кыргыз коомун ачууга эмне түрткү болгонун айтып берсеңиз?

Талант Курманалиев: Ачылып жаткан кыргыз коомунун эң негизги максаты - бул жактагы эмгек мигранттарына укуктук жактан колдоо көрсөтүү. Анткени көбү өз укуктарын билбейт, алданып, акчасын алалбай калган учурлар дагы кездешет.

"Азаттык": Анталиядагы эмгек мигранттарынан колдоо болуп жатабы?

Анталиядагы кыргыздар.

Талант Курманалиев: Албетте, коомду бир-эки киши эле түптөп коё албайт экен. Арабызда көптөгөн жаштар бар. Алардын дем-күчү менен ишибиз жанданып жатат. Андан тышкары Анталияда көп жылдан бери жашап жаткан байке-эжелер, студенттер кирген. Алар өздөрүнүн кеп-кеңешин айтып турат.

"Азаттык": Анталияда мигранттарды кайсы жумуштарга көбүрөөк алат?

Талант Курманалиев: Анталия туристтик шаар болгондуктан биздин жаштар көбүнесе мейманкаларда, тейлөө кызматтарында иштешет. Ал эми аялдар бала багып, кары-картаңдарды, бейтаптарды багып эмгектенишет.​

Ал эми эркектер ошол эле мейманканада, күнүмдүк иштерде, курулушта, иштеп акча табат. Албетте, Анталияга эс алганы келген журтташтарыбыз деле бар. Бирок иш издеп келгендер басымдуу.

"Азаттык": Ушу тапта социалдык тармактардан болсун, жаңылыктардан болсун" Анталияда сексуалдык кулчулукка сатылып кетти, алданып калыптыр" дегенди көп кездештирип жатабыз. Кыргыз диаспорасынын өкүлү катары бул көрүнүштөргө чара колдонулабы?

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Талант Курманалиев: Чынын эле айтуу керек андай көрүнүштөр күндө учурап жатат. Жумуш таба албай калгандар, иштеген акысын жегизгендер, анысы аз келгенсип сабалган кыз-келиндер да кездешет.

Мурда Анталияда расмий кыргыз коому жок болгондуктан мыйзамсыз иштегендер кайда барууну билбей чайналып калчу. Буга чейин "Кыргыз ынтымагы" деген топ түзүп, запкы көргөн журтташтарга жардам берчүбүз. Топко кирген кыргыздардын ар биринин иштеген иши бар. Коомдун милдетин аткаруу үчүн жумуштан кийинки убакытты бөлгөнбүз.

Коом ачылгандан кийин түрк полициясына кайрылсак же соттук иштер болуп калса мекендештер таламын мыйзам чегинде талашабыз. Ошондой максатыбыз бар.

"Азаттык": Анталияда акыркы күндөрү сойкулукка мажбурланган кыргызстандык кыз-келиндердин саны көбөйгөнү айтылып делет. Бул тууралуу эмне дейсиз?

Талант Курманалиев: Ооба, бул баш ооруга айланды. Кыргыз элинин баркына, салтына туура эмес көрүнүштөр болуп жатат. Улуттук намыска шек келип жатпайбы. Өзгөчө билимдүү эле жаштардын жаман жолго түшкөнү зээнди кейитет. Ошол эле жаштар айласы кеткенде кара жумушту кылып жатат. Иш берүүчүлөр аларды аябайт, оор жумушка сала берет. Андыктан диаспора катары Анталияда өзүбүздү таанытып, кыргыз жаштарынын баа-баркын көтөрүү планыбыз бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.