Бул мелдеште Кыргызстандын намысын тогуз оюнчу коргоо үчүн аттанышкан. Классикалык түрүнөн Анарбек Жамакеев коло, Аида Керимбекова күмүш медал тагынды.
Тогуз коргоол боюнча үчүнчү дүйнөлүк чемпионат 13-апрелде башталды. Чемпиондор тогуз коргоолдун үч түрүнөн классикалык (ар бири 90 мүнөттөн ойнойт), рапид (ар бири 25 мүнөттөн ойнойт) жана блиц ( ар бири жети мүнөттөн ойнойт) түрлөрү боюнча аныкталат. Учурда классикалык түрдөн оюндар өтүп жатат.
Лондондо жашаган теги ганалык Абдубакар Ибрахим дүйнө чемпиондугуна катышканга чейин бир катар эл аралык мелдештерге катышып, тажрыйба топтогонун айтып берди:
- Тогуз коргоол боюнча бир катар эл аралык мелдештерге катыштым. Бул оюн мага абдан жагат. Бул акыл оюну болгондуктан стратегиялык оюн деп атоого да болот. Ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Эки-үч жүрүш жасаар алдында ойлонуп жүрүү керек. Бул оюнду илгертен эле ойноп келе жатышкандыктан заманбап доордо дагы өз колдоочуларын табат деп ишенем.
Тогуз коргоолдун классикалык түрү боюнча оюндар 13-апрелде башталып 16-апрель күнү түшкө жуук жыйынтыкталды.
Жети турдун жыйынтыгында казакстандык Хакимжан Елеусинов менен Жаннат Каймулдин алтын жана күмүш байгелерди алышты. Кыргызстандык Анарбек Жамакеев коло медалдын ээси болду.
Дагы бир кыргызстандык Мураталы Исмаилов болсо жети оюнда үч жолу утулду. Анын 5-турда германиялык Алекс Питерске 1:0 эсебинде жеңилип калганы көпчүлүк тогуз коргоолчулар арасында кызуу талкуу жаратты.
Ушул эле классикалык түрдөн кыз-келиндер арасында кыргызстандык Аида Керимбекова күмүш байге алды. Ал жети оюнда 5.5 упай топтогон. Эсебине бир упай арбын топтогон казакстандык Асел Далиева биринчи орунду ээледи. Коло медалды дагы бир казакстандык Салтанат Сапарбекова алды. Коло байге ээсинин эсебине дагы 5.5 упай жазылган.
Бул мелдешке катышкан дагы бир кыргыз тогуз коргоолчусу Чолпон Кендирбева жети оюнда төрт жеңиш, бир тең чыгуу жана эки жолу утулуп, 4.5 упай менен байге алгандардын катарына кошула албай калды.
Кыргызстандын тогуз коргоолчулары буга чейинки болгон дүйнө чемпионаттарында алтын жана күмүш байгени алышкан эмес. Чехияда болгон экинчи дүйнөлүк чемпиондукта (2012-ж.) Кубан Сазаев, Гүлжамал Сарыкеева, Мирлан Кудайбергенов жана Элмира Кудайбергенова коло медал тагынышкан. Биринчи жана экинчи чемпиондукта тең калган байгелерди казакстандык оюнчулар алышкан.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратова кыргыз тогуз коргоолчулары мелдешке күчтүү даярдык менен келгендигин айтты:
- Бизге негизги атаандаштар казакстандыктар. Буга чейин документтерине карап жана салыштырмалуу жакшы ойной алгандыгына жараша эле оюнчуларыбыз дүйнөлүк чемпиондугуна катышып келген. Бул сапар үч электен тандоо өткөрүп, өлкө чемпионатында уткандарды улуттук кураманын мүчөлүгүнө алып, рейтингин карап, андан сырткары окуу машыгууга чогултуп жакшы даярдадык. Буюрса деңгээлдери жакшы. Эң күчтүүлөрдү тандап келдик деп айтсак болот.
17-апрелде боло турган рапид боюнча оюндарга эркектер арасында Анарбек Жамакеев жана Кубаныч Ибрагимов, кыз-келиндер арасында Аида Керимбекова менен Мадина Курманбекова ойнойт. Блиц боюнча Алтынай Шамбетова менен Максатбек кызы Айтурган, эркектер арасында Анарбек Жамакеев менен Кубан Сазаев мелдешке чыгат.
Тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионат алгачкы жолу 2010-жылы Казакстандын Астана шаарында 16 өлкөнүн оюнчуларынын катышуусунда өткөн. Экинчи дүйнөлүк чемпионат Чехиянын Пардубице шаарында 2012-жылы өтүп, жарышка 10 өлкөнүн тогуз коргоолчулары келишкен.
Кыргызстандын Тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов казакстандыктарга күчтүү атаандаш болгон оюнчулар көбөйүп бара жатканын белгиледи.
- Буга чейинки чемпионаттарда негизги байгелерди казак оюнчулар алып келишкен. Экинчи дүйнөлүк чемпиондукта биздин оюнчулар төрт коло медалды утушкан. Азыркы оюндардын жүрүшүн карап отурсак, кыргыз тогуз коргоолчулары немистерге да утулуп жатышат. Мурунку Азия чемпиондуктарында монголдор күчтүү атаандаш болушкан. Бул оюн дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жакшы өнүгүп бара жатат. Бирок бизге негизги атаандаштар казакстандыктар.
Тогуз коргоол боюнча федерация Кыргызстанда 1991-жылы ачылып, 1993-жылы каттоодон өткөн. 11 жылдан кийин ушундай уюм Казакстанда негизделген. 1994-жылы биринчи Азия чемпиондугун Кыргызстан өткөргөн. Андан кийин эки жолу Азия чемпионатын өткөрүүнү Казакстан колго алган (2009-жылы Чымкентте, 2013-жылы Павлодарда). Интеллектуалдык оюндардын дүйнөлүк олимпиадасында дагы бул оюндан байгелер ойнотулат.
Казакстанда тогуз кумалак аталышындагы дүйнөлүк федерация 2008-жылы түзүлгөн. Учурда бул уюмга 16 мамлекеттин федерациялары мүчө. Башкы кеңсеси Астана шаарында жайгашкан.
Федерациянын башкы катчысы Максат Шотаев интеллектуалдык бул оюнду дүйнө элдерине кеңири жайылтуу аракеттери тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады:
- Учурда Дүйнөлүк тогуз кумалак федерациясы Казакстанда түзүлүп, иш алып барып жүрөт. Ал эми Тогуз коргоол боюнча эл аралык федерация түзүлгөн эмес. Бул эми Кыргызстандагы экономикалык кырдаалга байланыштуу деп ойлойм. Азыркы дүйнө чемпиондугуна 23 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Чемпионаттын алкагында дагы жаңы мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн мүчөлүккө кабылдайбыз. Дүйнөлүк федерациянын жетекчилик курамына өзгөртүү киргизип, эл аралык кодекс жана рейтинг топтоо тартиптери тууралуу маселелерди талкууга алабыз деп камылга көрүүдөбүз. Бул иштердин бардыгын каржылык колдоо демөөрчүлөрдүн көмөгү менен ишке ашууда.
Тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугу 17-апрелде аяктайт. Жалпысынан классика, рапид жана блиц түрлөрү боюнча алты топтом медал ойнотулат.