Максат менен Арканын тургундары: "Биз көчөдө калдык"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш бир нече айылындагы ок атышуулардан улам там-жайын таштай качкандар 2-майда кайрадан үйлөрүнө кайта баштады. Эң эле көп жабыр тарткан Максат жана Арка айылдарына бул күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барган. Максат айылында үйлөрдүн көпчүлүгү толук өрттөнүп кеткен, элдин мал жандыктары, үй эмеректери менен баалуу буюмдары, мүлкү тонолгон. Жаңжалдан кийинки Максат жана Арка айылдарынын тургундарына "Азаттыктын" казак кызматынын жетекчиси Төрөкул Дооров жолугуп, алардын арыз-арманын укту.