Кыргыз спорту: Айсулуунун ооматы, "Барселона" ачкан академия

Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчуну кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты.

2023-жыл кыргыз спортчулары үчүн ооматтуу болду. Өзгөчө күрөш боюнча эл аралык мелдештерде Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингдердин сап башына чыга алды.

Айсулуу - Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону

Кыргыз спортун Айсулуусуз элестетүү кыйын. 2023-жылы ал Астанада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында бешинчи алтын медалын утту. Ал кыз кыз-келиндер күрөшү боюнча мындай ийгиликке жетишкен алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды.

30 жаштагы Айсулуу Тыныбекова - Олимп оюндарындагы күмүш медалдын ээси, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Айсулуу Тыныбекова 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет жеңип, Париж Олимпиадасына жолдомо утту. Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде да алтын медал тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медалга ээ болду.

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Коомду изилдөө борборунун социалдык сурамжылоосунда Айсулуу Тыныбекова 20,6% добуш менен президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден кийинки "жылдын мыкты адамы" деп табылган.

Дагы караңыз

Азия чемпионаты: Айсулуу бешинчи алтынды тагынды

Апрелдин башында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасын дээрлик тогуз жыл машыктыргандан кийин машыктыруучу Александр Крестинин кызматтан кетти.

Штефан Тарковичтин жетегинде улуттук курама CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине катышып, төртүнчү орунду ээледи. Ташкент шаары. Июнь, 2023-жыл.

Крестининдин кызматтан кетиши 2024-жылы январда Катарда өтө турган Азия Кубогуна аз калган учурга туура келди. Анын ордун словакиялык Штефан Таркович ээледи.

“Кыргызстанда логистиканы жакшыртпаса, футбол өнүкпөйт”

“Кыргызстанда логистиканы жакшыртпаса, футбол өнүкпөйт”

Штефан Таркович командасы менен 2024-жылы январь айында Катарда өтө турган Азия Кубогуна даярданууда. Ал негизги максаты команда менен тайпалык оюндардан чыгуу экенин айткан.

Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Таиланд, Оман курама командалары менен беттешет.

ФИФА президенти Кыргызстанга келди

ФИФА президенти Жанни Инфонтино май айында Кыргызстанга келди. Дүйнөлүк футболдун жетекчиси сапар алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугуп, Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик имаратын ачты.

Жанни Инфантино Садыр Жапаров менен футбол ойноду. 5-май, 2023-жыл.

Инфантино өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Кыргызстан заманбап стадионго муктаж экенин айткан.

Дагы караңыз

ФИФА жетекчиси Садыр Жапаров менен футбол ойноду

Бокстагы жаңы ысым

12-майда Ташкент шаарында өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында Мунарбек Сейитбек уулу коло медал утту. Ал бокс боюнча дүйнө чемпионатында байге алган үчүнчү кыргызстандык жана Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы мындай жеңишке жеткен алгачкы мушкер болуп калды.

Мунарбек Сейитбек уулу.

Ага чейин 1986-жылы Орзубек Назаров коло байгени уткан. 1989-жылы Андрей Курнявка дүйнө чемпиону болуп, 1991-жылы күмүш байге алган.

Бишкекте өткөн ири мелдеш

Жай айында Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеш өтүп, Кыргызстандын балбандары төрт алтын, эки күмүш жана сегиз коло байгеге ээ болушту. Алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы утту.

Августа көкбөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу өттү. Аны Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы демилгелеген. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Орусиянын командалары катышты.

Кыргызстандын футбол калысы Рамина Цой

Рамина Цой 2023-жылдагы "Кыргыз футболунун сыймыгы" деген наам алды. Аны Кыргыз футбол бирлиги ыйгарды.

Рамина Цой - Борбор Азиядагы кыз-келиндердин арасынан дүйнө чемпионатында калыс болгондордун алгачкысы. Ал быйыл өткөн Аялдар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында төрт оюнда калыстык кылды. Чемпионат Австралия менен Жаңы Зеландияда өтүп, анда Испаниянын курама командасы жеңип чыкты.

Дагы караңыз

Көкбөрү: клубдар аралык дүйнө кубогу Чолпон-Атада

Казак-кыргыз командалары өзүнчө мелдешип, жыйынтыгында “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду. Август, 2023-жыл.

31-август Эгемендик күнүндө Ошто өткөн көкбөрү мелдешинде тополоң чыгып, федерациянын дарегине бир топ сын айтылган. Ошол чырдан кийин бир нече адамдар камалган. Мындан көп өтпөй федерациянын президенти алмашып, Канат Бегалиевдин ордуна Рамис Жунусалиев шайланган. Рамис Жунусалиев "Азаттыкка” курган маегинде эң башкы максаты оюн эрежесин өзгөртүү экенин билдирген.

Дагы караңыз

Көкбөрүнүн эрежеси өзгөрөбү?

"Барселона" Кыргызстанда футбол академиясын ачты

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен “Барселона” академиясы алгачкы жолу Борбор Азияга келди. “Барселонанын” президенти Жоан Лапорта, атактуу оюнчулары Ривалдо, Эдгар Давидс баштаган жооп топ команда менен 29-августа Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясын ачып, кийин Бишкекте футболдук мелдешке катышты.

“Барселона" атактуулары Жалал-Абад шаарындагы футбол академиясынын ачылышында. 29-август, 2023-жыл.

Андан кийин Жоан Лапорта президент Садыр Жапаров менен бирге Бишкекте да “Барселона” академиясынын курулушуна капсула салды.

Дагы караңыз

"Барселона" клубунун легендалары Кыргызстанда

Эңсеткен жаңы стадион

Кыргызстан акыркы жылдары заман талабына жооп бере турган стадионго жетпей келет. Жаңы стадион куруу демилгеси тогуз жылдан бери көтөрүлгөнү менен, али күнгө чейин ишке аша элек.

Жаңы стадионго капсула салуу салтанаты. 30-август, 2023-жыл. Стадион үчүн Ороктон 20,78 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

30-августта Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салды.

Айсулуу, Акжол, Жоламан

Белградда өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, үч жолу дүйнө чемпиону аталды. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын утуп, эки ирет дүйнө чемпиону болушту.

Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшүнөн эки жолку дүйнө чемпиону.

Айпери Медет кызы да Дүйнө чемпионатында күмүш утуп, Париж олимпиадасына жолдомо алды. Учурда кыргызстандын капчыгында беш лицензия бар. Анын төртөө күрөштөн болсо, бирөөсүн суучул Денис Петрашов алган.

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токиодо Олимпиадасына катышкан. “Азаттык” үч ай мурда океандын ары жагында - Америка Кошмо Штаттарында жүргөн Денис менен маектешкен.

Ханжоудогу Азия оюндары

Кыргызстандык спортчулар Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарына катышты. Мелдеште дзюдочу Эрлан Шеров алтын медал тагынды. Бул XIX Азия оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы алтын байгеси болду.

Эрлан Шеров сыйлоо аземинде.

Эрлан Шеров "Азаттыкка" маек курганда жеңиши, алдыдагы максаттары тууралуу кеп кылып, Париж олимпиадасынаи жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар экени тууралуу айткан.

Дагы караңыз

"Алтын медаль талыкпаган эмгектин арты менен келди"

Азия оюндарында Эрлан Шеровдон сырткары грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды.

Акжол Махмудов сентябрдын аягында Дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дагы 10 күндөн кийин Азия оюндарынын чемпиону болду.

Күмүш медалдарды каратеден (кумите) Адилет Шадыканов (+84 кг) менен кыз-келиндер күрөшүнөн Нурзат Нуртаева (68 кг) алды. Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг), ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков (56 кг) менен Темирлан Аманкулов (75 кг), жеңил атлетикадан Сардана Трофимова (марафон) жана каратеден (кумите) Назим Нурланов (75 кг) менен Кымбат Тойтунова (61 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло медал уткан.

Азиянын пара оюндарынан төрт медал

Азия оюндарынын артынан эле Азиянын пара оюндары өтүп, бул мелдештен да кыргыз спортчулары төрт медал менен кайтты. Дзюдодон Хайитхон Хусан кызы Азияныны пара оюндарынын чемпиону болсо, паратриатлончу Жалалидин Абдувалиев жеңил атлетикадан эки күмүш, анын жубайы Гүлназ Жүзбаева коло утту.

12 жашында кызылча оорусуна чалдыгып, көзү жакшы көрбөй калган Хайитхон Азиянын параоюндарынан алтын медал уткан алгачкы кыргызстандык болду

Дагы караңыз

Парижди мелжеген параолимпиадачы жубайлар

Быйыл "Абдыш-Ата" командасы клубдар арасындагы АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду. "Абдыш-Ата" бул мелдеште түркмөнстандык "Мерв", "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Равшан" клубу менен ойноп, тайпада эң көп упай топтогон.

"Абдыш-Ата" командасы клубдар арасындагы АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду.

Декабрдын башында Арменияда өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев алтын медал алды. Бул Кыргызстандын тарыхында өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионаттагы биринчи алтын.

Бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Амантур Жумаев.

2024-жылы эки ири мелдеш турат. Бири Катарда өтө турган футбол боюнча Азия Кубогу болсо, экинчиси Парижде өтө турган олимпиада оюндары.

Январь айында футбол боюнча улуттук курама Азия Кубогуна катышканы турат. “Ак шумкарлар” 16-январда Тайланд курамасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт. Кыргызстандын курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң ийгилик болуп калды.

Улуттук кураман команда Дубай шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Декабрь, 2023-жыл. Футбол боюнча улуттук курама Азия кубогуна даярдыктын алкагында Өзбекстан, Араб Эмираттары, Вьетнам жана Сирия курамалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Улуттук олимпиада комитети 2024-жылы Парижде боло турган Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия берип келет. Учурда Кыргызстандын капчыгында Парижде өтчү олимпиадага беш жолдомо бар. Кыргыз спортчулары дагы 10дон ашык жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери Олимп оюндарынан үч күмүш, үч коло уткан. Эми кыргыз спортчулары олимпиаданын алтын байгесин утууну максат кылган.