Кыргыз мектептердин абалын көрсөткөн ЖРТ жыйынтыгы

Мектептин бүтүрүүчүлөрү. Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жана абитуриенттердин арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Ага 68 миң мектеп бүтүрүүчүсүнүн 50 миңге чукулу катышкан. Орус тилдүү класстардан тест тапшыргандардын 72% босого баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болсо, кыргыз тилдүү класстарда босого баллдан өткөндөрдүн саны 50% жеткен жок.

Мындай көрсөткүч тынчсызданууларды жаратууда. Жакында эле билим берүү министри Каныбек Иманалиев айрым мектептерде окуучулардын 80 пайыздан ашыгы босого баллдан өтпөй калган учурлар болгонун билдирген. Бул эмнеден кабар берет? ЖРТнын жыйынтыгы менен тыянак чыгарууга болобу? Кыргыз тилдүү мектептердеги билим берүү эмнеден аксайт?

Жогорку балл​ алган окуучулар ЖРТ тууралуу эмне дейт?

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген маалыматта, кыргыз классты аяктаган окуучулардын көпчүлүгү болгону 113 баллдын тегерегиндеги упайды топтой алса, орус класстын бүтүрүүчүлөрүнүн көбү 134 баллдын тегерегиндеги упайды топтой алганы көрсөтүлгөн.

Ош шаарындагы №4 мектептин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку - 236 6алл алды.

Бишкектеги №61 мектепти аяктап жаткан Нурсейит Торобаев да 236 баллга тапшырган. Эки окуучу тең орус тилдүү класстардын бүтүрүүчүсү. Ал эми кыргыз класстар арасында эң жогорку баллды Гүлайым Назарова (226) алды.

Биз эң жогорку упай алган окуучулар менен байланышып, ЖРТ тууралуу сурадык. Ош шаарындагы №4 гимназия мектебинин окуучусу Кызжибек Жээнбекова өткөн жылдын сентябрынан бери ЖРТга даярдаган курстарына барып жүргөнүн айтып берди. "Бирок мектепте кайсы темаларды өтсөк, ошонун баары тестте суроо катары келди", - дейт ал. ​

"Тесттин өзү мен үчүн анча деле оор болгон жок, ойлонуш керек экен. Кошумча химиядан тапшырган тестимдин жыйынтыгы боюнча 145, биологиядан 124, чет тилден 143 жана математикадан 139 балл топтодум. Мектепте кайсы темаларды өтсөк, ошонун баары тестте суроо катары келди. Менден улуу эжем азыр Германияда докторантурада окуп жүрөт, ал да медик. Андан улуу агам Кыргыз мамлекеттик медициналык академияны бүткөн, азыр иштейт. Мен дагы медицинага тапшырам. Эжем Түркиянын Анкара шаарындагы университеттердин бирин аяктаган. Мен дагы Түркияны караштырып атам. Бирок алган билимимди Кыргызстанга кайтып келип колдонсом деген тилегим бар".

Ал эми Нарындын Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу мектебин аяктаган Гүлайым Назарова 226 балл алган. Гүлайым кошумча дагы англис тили жана математика сабактарынан предметтик тест тапшырган.

Гүлайым Назарова

"Тест жеңил болгон жок. Өзгөчө кыргыз тилине келгенде кыйналдым. Бирок алдын ала эсептөөлөрүм боюнча 200дөн кем эмес балл алам деп отургам. Ал үчүн айылдагы эле мугалимдер даярданганга жардам беришти. Андан сырткары, акы төлөп даярдоо курстарына бардым. IT адистигин тандап атам, себеби келечекте дүйнө кыдырып, эл көрүү менен катар ишиңди аткара берсең болот. Ата-энем дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Үй-бүлөдө беш кызбыз, бизди билимдүү болсун деп болгон аракетин жумшап атат. Мен ата-энеме абдан ыраазымын, алар мени жумушка салып койбой, оку деп атышты. Менден улуу үч эжем да жогорку билим алууда. Жаңы эле мал менен жайлоого кетели деп атканбыз, "Алтын тамгага" илингенимди угуп, айылда болуп атам", - деди Гүлайым.

Эң жогорку упай топтой алган бүтүрүүчүлөр:

  • Бишкек шаары боюнча - 39
  • Ош шаары жана облусу - 4
  • Чүй облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу - 2
  • Нарын облусу - 2
  • Баткен облусу - 2
  • Талас облусу - 2
  • Жалал-Абад облусу - 1

Айрым адистердин пикиринде, мектептердеги же аймактардагы билим берүүнүн сапатын эң жогорку упай алган окуучунун санына карап эмес, жалпы упайлардын орточо көрсөткүчүнө карап бааласа туура болот.

"Босого баллга жетпегендер жарымынан көбү"

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, биринчи-экинчи айлампанын жыйынтыгы боюнча негизги тесттин орточо көрсөткүчү 121,9 упай болду. Бул көрсөткүчтөргө июнь айынын этегинде Бишкек жана Ош шаарларында өткөн үчүнчү айлампанын көрсөткүчү дагы кошулуп, жыйынтыгы өзгөрөт.

ЖРТга кыргыз тилдүү класстардан 29 миң 665, ал эми орус тилдүү класстардан 20 миң 244 улан-кыз катышкан. Орус тилинде тест тапшыргандардын 72,3% босого баллдан жогору упай топтоп, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми кыргыз тилинде тапшырган 29 миң 665 бүтүрүүчүнүн 49,1% гана жогорку билим алуу үчүн кыргыз окуу жайларына тесттин жыйынтыгы менен бара алат.

Жалпысынан кыргыз тилдүү класстарды аяктаган абитуриенттердин 50,9% босого балл топтогон жок.

Барган сайын бүтүрүүчүлөр арасында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү төмөндөп баратканын билим берүү тармагындагы эксперт Бакытбек Абдуллаев белгиледи.

"Казанда эмне болсо чөмүчкө ошол чыгат" деген накыл кеп бар кыргызда. Убагында эң начар окуган бүтүрүүчүлөр айла таппай педагогикага тапшырып, анан мугалим болуп калган. Албетте, бардык мугалимдер жөнүндө сөз болуп жаткан жери жок. Бирок мектептердеги көп педагогдордун билим сапаты төмөн. Мына ошондуктан ЖРТнын жыйынтыгы менен 110 баллга да илинбей калган балдардын саны көбөйүп кетти. Бул тенденция эми күчөйт. Ал арада өзгөчө кыргыз тилдүү мектептерди бүткөн балдардын 50% босого баллга жетпей калганына керектүү окутуу материалдардын аздыгы себеп болууда. Мисалы, орус тилинде бир топ предметтер боюнча маалыматты интернет ресурстарынан кенен ала алабыз. Ошондуктан баягы эле маселе - мугалимдердин билим деңгээлин жогорулаталы, аларды дыкат тандайлы. Окутуу материалдарын кыргыз тилинде кеңири жайылталы. Анан албетте, ата-энеде да балага шарт түзбөсө болбойт. Баарын мектепке түртө салуу одоно катачылык".

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракеева тесттин жыйынтыгы менен билим деңгээлин баалоо толук мүмкүн экенин айтты.

“Тесттин суроолору кыргыз жана орус тилинде аралаш түзүлүп, анан которулат. Окуучулардан сырткары биринчи эксперименталдык топ тапшырып көрөт, анын жыйынтыгы менен суроолор дагы бир ирет кайра баштан каралып чыгат, ал беш баскычтан турат. Суроолор мектеп программасына туура келери текшерилет. Баары даяр болгондон кийин бүтүрүүчүлөр бул тестти тапшырат. Биз жөн гана тесттин жыйынтыгын чыгарып койбойбуз. Суроолорго кандай жооп беришти, кайсынысына бүтүрүүчүлөрдүн көбү туура эмес жооп берди деген анализ жасалат. Анын жыйынтыгы менен бир же эки суроо тесттен алынып салат. Бирок бул жерде абитуриенттердин кызыкчылыктары сакталып, бир балл катары эсептеле берет. Мектеп программасына шайкеш келери бир канча жолу көз карандысыз экспертизада аныкталган. Тесттин жыйынтыгы менен билим деңгээлин баалоо толук мүмкүн. Себеби мектепте чынында алган билимин түшүнгөн, жаттама жана такыр эле программадан артта калган балдар бар. Бардык предметтерден беш алгандардын арасында жаттап алгандары бар. Албетте, алар тестти тапшырганда кыйналат жана анын жыйынтыгы менен жакшы балл топтой албай калат. Ал эми логикалык ой жүгүртүүсүн жакшы өрчүтүп, мектеп программасын өздөштүрүп алгандар тестти жеңил тапшырат да билим деңгээлин көрсөтө алышат. Тесттин өзгөчөлүгү мына ушунда. Ал жаттама балдар менен чынында билим алган балдарды көргөзүп берет”.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун 2012-2022-жылдары өткөргөн ЖРТнын жыйынтыктары.

"Тестирлөөнүн босого баллы жогорулайт"

Жыл өткөн сайын жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн саны азайып баратканы же алардын тийиштүү упай топтой албай калып жатканы тууралуу маселени Жогорку Кеңештин депутаттары 24-майда парламентте да көтөргөн. Айрым депутаттар министр Иманалиевге кайрылып, ЖРТнын босого баллын төмөндөтүү же же такыр жоюу керектигин билдирген. Алар буга тестирлөөнүн суроолору оор болуп атканын жүйө келтирген.

Каныбек Иманалиев

Бирок Каныбек Иманалиев тескерисинче босого упайды жогорулатуу маселеси каралып атканын айтып, аны мындайча түшүндүргөн:

"Мен бул тармакты иликтеп чыгып, ЖРТ керек деген бүтүмгө келдим. Маселен, ЖРТ жогорку окуу жайларга өтүүдөгү пара алуу, коррупцияны жоёт. Биз максаттарын өзгөртүп, тестирлөөнү калтырабыз. Билимдин баркын көтөрүү үчүн босого баллды эми дагы көтөрөбүз. Кээ бир райондордо окуучулардын 83% ошого болбой калды деген 110 баллды тапшыра албай жатат. Айрым жерлерде болсо 87% болуп атат. Бул бүт окуучу "2" деген баага окуйт дегенди түшүндүрөт. 11-классты бүткөн окуучу кыргыз тилин "Б2" деңгээлинде билиши керек эле, тилекке каршы азыр жогорку окуу жайына келгенде "А2" деңгээлине да жетпей жатат. Жеңилдик берүүдөн алыспыз. Биз окуучулардын баарын ЖОЖго тапшыр дей албайбыз, бирок алар мектеп программасын жакшы өздөштүрүшү зарыл".

"Калыптанып калган эски системадан баш тартуу зарыл"

Өлкөдөгү орто мектептерде билим берүүдөн тартып, имараттарына чейин маселе көп. 2006-2009-жылдардагы Окуучуларды эл аралык баалоо программасынын (PISA), ошондой эле 2007-2009-2014 жана 2017-жылдардагы Билим берүүдөгү прогресстин улуттук баалоосунун (NAEP) жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстанда окуучулардын 50 пайыздан көбүнүн окуу, математика жана табигый илимдер боюнча жетишүүсү базалык деңгээлге жете алган эмес.

Экономист Элдар Абакиров азыркы тапта өлкөнүн билим берүү тармагы 20-30- жылдан бери калыптанып калган системадан баш тарта албай, андан улам жаш муун жабыр тартып атканына токтолду.

Элдар Абакиров

"Мугалимдердин айлыгын көтөрдү. Азыр бул кесипти тандаган, адистикке окугусу келгендердин саны кыйла көбөйүп калганы байкалат. Айылдарда бул кесип азыр престиждүү кесип. Бирок ага карабай "окуучу мугалимдин жүзү” болорун көрүп атабыз. ЖРТнын жыйынтыгы менен "сырттка калып аткан" балдар көп болуп атат. Ошондуктан мугалимдерди аттестациялоо аздык кылат. Биз жыйынтыкты жакшы бербеген педагогдорду иштен четтетип, даярдыгы күчтүүлөрдү ишке тартышыбыз керек. Эң башкысы - эл аралык тажрыйбаларды колдонсок жакшы болмок. Биз мисалы бир жылдан бери жүргүзгөн изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгын министрликке айтып, сунуштарды бергенбиз. Бирок тилекке каршы анын бири да аткарыла элек. Мында калыптанып калган системадан баш тартууга ошол эле коррупция тоскоол болуп атканын билебиз. Азыр балдардын билим деңгээли өкүнүчтүү болуп калды. Ошол себептен улам уул-кыздарын жеке мектепке берүүгө аракет кылгандардын саны арбыды. Ал эми беш жылда бир мектеп директорлорун алмаштыруу, аларды тестирлөө жыйынтык бербейт".

Билим берүү министрлиги коронавирус пандемиясы маалында өлкө боюнча билим деңгээли түшүп кетти дегени менен адистер мындай көрүнүш 2012-2013-жылдары эле талкууга түшө баштаганын белгилешет.

Улуттук статистика комитетинин "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүнүн" жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы 7-14 жаштагы окуучулардын 42 пайызы окуган текстин түшүндүрүп бере албайт. Ал эми ушул эле курактагы окуучулардын 48% математикалык көндүмдөрү талапка жооп бербей турганы аныкталган.

2017-жылдагы окуучулардын билим жетишкендиктеринин улуттук баалоосунда, айыл мектептердин 4-класстын окуучуларынын 70 пайызга жакыны билимдин баштапкы деңгээлине жеткен эмес. Бишкекте мындай окуучулар 43 пайызды түзөт.

Кыргызстанда 82 миң мугалим бар. Алардын үчтөн экиси элет жеринде эмгектенет. Мугалимдердин 85% жакыны аялдар. Алардын дээрлик жарымын пенсияга чейинки жана пенсия курагындагылар (50 жаш жана андан жогору) түзөт.

30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10 пайыздан ашпайт. Жыл сайын өлкөдө мугалимдердин жетишсиздиги маселе жаратып келүүдө. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери жетишсиз.​

Билим берүү - Кыргызстандагы көйгөйүү тармактардын бири. 2019-жылы Башкы прокуратура өлкөдөгү бул тармак эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарында экенин маалымдаган.