Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Мектепти окуучунун санына жараша каржылоо сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бала бакчага, мектепке жана жогорку окуу жайына акча бөлүү системасын өзгөртүү сунушталууда. Бул тууралуу 22-июнда «Азаттык» радиосуна тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөсү Элдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, эгер долбоор колдоо тапса, бюджеттик акча баланын санына жараша бөлүнүшү керек болот, ваучер системасы киргизилет:

«Азыр Кыргызстанда 1 миллион 150 миңге жакын наристе бала бакчага барышы керек, бирок анын 24% эле барат – 250 миңдин тегерегиндегиси. Бюджеттин акчасы ошол миллион балага эмес, 250 миң балага эле коротулуп жатат имараттарды каржылап. А биз ошол акчаны бала бакчага бара турган курактагы ар бир балага бөлүп берели деп жатабыз. Кайсы бала бакчага барса, акча ошонун артынан ээрчисин, тарбиячылардын айлыгына колдонулсун. Мектеп боюнча да ушундай. Бала кайсы мектепке барса, акча артынан барсын. Азыр, мисалы, бюджеттен бөлүнгөн акчаны ар бир окуучуга эсептегенде ошол мектептин макамына (мисалы, гимназия деген) же башка себептерге жараша ар кандай болуп, кээ бир мектептерге эки эсе көп бөлүнүүдө – бир жерде 20 миң сом, башка бир жерде 11 миң эле сом. Бул адилетсиздик. Балада эмне күнөө? Жогорку окуу жай боюнча да ошондой. Мамлекеттин гранттык акчасын алган студент окуу жайды өзү тандасын. Ошондо университеттер да бири-бири менен атаандашып, студент үчүн күрөшүп, сапат жаралат”.

Абакиров бала бакча ачууну каалагандарга коюлуучу талаптарды жөнөкөйлөтүү, уруксат документтерин азайтуу сунуштары да берилгенин, алыскы, шарты катаал аймактардын өзгөчөлүктөрү эске алынганын, жогорку окуу жайлардын лицензия боюнча талаптары ошо бойдон калып жатканын кошумчалады.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн 22-июнда Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылып, кабыл алынды. Ал үчүнчү окууда да жактырылып, президент кол койсо, өлкөнүн Бюджеттик кодексине жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. (RK)

XS
SM
MD
LG