Донбасста согушкан кыргызстандык (2-бөлүк)

Украинанын чыгышында согушуп келдим деген кыргызстандык.

Өткөн жумада "Азаттыктын" редакциясына Украинанын чыгышындагы жаңжалга катыштым деген адам баш баккан.

Өзүн Манас деп тааныштырган ал адам "Азаттыкка" маек куруп, жарым жылдан ашуун орусиячыл күчтөрдүн катарында согушканын, "Луганск элдик республикасы" деп аталган аймакта 17 кыргызстандык жүргөнүн айткан эле. Бул жолу маектин экинчи бөлүгүн жана Манастын өздүк архивиндеги сүрөттөрдү сунуштайбыз.

“Азаттык”: Азыр окурмандар сиз тууралуу "орусиячыл жикчилдердин туура эмес ишин байкаса, жарым жылга чейин эмнеге жүрө берди" деп айтышууда...

Манас: Күмөн санап же мени жөн эле өзүн көрсөткүсү келип жатат дегендерге айтып коюшум керек, мага андай “атак-даңктын” кереги жок. Мен Луганскта чалгын тобунун катарында жүргөм. Текшергиси келгендер толук маалыматты табышса болот. Менде ал жакта аргасыз согушуп жүргөн шахтер балдардын номерине чейин бар. Аларга байланышып, бул темада ачык сүйлөшсүн.

Эгер мен согушуп жүргөн кезде каршылык билдирип чыксам, алеки заматта көзүмдү тазалашмак. Ошон үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүрдүм.

Акыры "каза болгон мекендештеримди коштоп барып келейин" деген жүйө менен согуш жүрүп жаткан аймактан чыгып кеттим. Бул мага чоң мүмкүнчүлүк болду. Себеби, буга чейин "кетебиз" деген балдарды атып салышканын көрүп жүргөм. Кийин аларды издеген жакындарына "дайынсыз жоголду же үйүнө кеткен" деп коюшчу.

Каардуу согуштун сүрөттө калган элестери

“Азаттык”: Жергиликтүү элдин арасында да согушкандар барбы? Же баары эле сырттан келгендерби?

Манас: Жергиликтүү тургундар арасынан да согушуп жүргөндөр бар. Ошол эле учурда башка жакка чыгып кетүүнү каалагандар да көп.

Жаштардын көбү эчак эле сыртка чыгып кеткен. Согушкандардын жашы кырктан өйдө. Алар айласыздан же акчасы жок калып калгандар. Согушкерлерге бир илешсең болду. Бир айча тамак-аш, ичимдик жетиштүү болот. Андан кийин “Болду эми кайда бармак элеңер. Украин армиясына колго түшсөңөр атып салышат же камакка алышат” деп айтышат. Айла жок акыр - аягына чейин согушканга туура келет.

“Азаттык”: Сизге окшоп баргандар же дагы башка согушкерлер менен орусиялык көзөмөлчүлөрдүн ортосунда келишпестик болду беле?

Манас: Ооба, болуп турат. Бир жортуул учурунда биздин топтон 70 баладан 30дайы эле тирүү калды. Ошондо биз сүйлөшүп алып штабды курчоого алдык. Эки бала кызуу кандуулукка жеңдирип, полковниктерди сабап кирди. Алар комендатураны чакырып, штаб ичинде эле атышуулар болуп кетти.

Тажрыйбасы жок эле командачы болгондор бар. Мисалы, Лугансктын мурдагы төрагасы Болотов согушкерлерди башкара албай, кийин жемкорлукка шектелип, качкан. Аны башында өлдү деп жүрүшкөн. Кийин уксак, өлгөн эмес экен. Болотов мурда десантурада кызмат өтөптүр. Депутаттын айдоочусу болуп иштептир. Краматорскто "эрдик" көрсөтүп, ошонун аркасы менен көтөрүлүп кеткен экен. Ошол киши башчы болуп турганда кайсы бир милиция бөлүмү тонолуп, согушкерлер куралга ээ болгон. Кийин ал Орусиянын тилин албай койгон деген жүйө менен куугунтукталган. Ушундайлардын үстүнөн Орусиянын ФСБсы көзөмөлдөп турат.