"Кичинемде кордошкон". Сексуалдык ыдык көргөн кыздардын муңу

Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.

Блогер Назира Айтбекова сексуалдык ыдык көрүп, зордукталганын айткан ондогон кыздардын катын жарыялады. Анда кыздар үйдө, коомдук жайларда жакындары, чоочун адамдар, кесиптештери тийишип, жүрөгүндө так калганын жазган.

Сексуалдык ыдык көргөн кыздардын арманы

Сексулдык асылууга туш болгон ондогон кыз-келиндер үрөй учурган окуяларын блогер Назира Айтбекованын социалдык тармактардагы баракчасынын кат куржунуна анонимдүү калтырышкан.

Кат ээлери секелек кезинде, бойго жеткенде чоочун эркектерден, жакын туугандарынан сексуалдык ыдык көргөнүн, айрымдары зордуктоого дуушар болгонун баяндашкан.

Анонимдүү каттардын айрымдарын сайтка жарыяладык. Маанисин өзгөртпөстөн, грамматикалык каталарын оңдоп, кыскартып бергенибизди эскерте кетели.

“Азыр жашоом кыйын, 5-класста окуп жатканда кошуна байке алдап, зордуктап салган. Ошол күндөн баштап келечегимди элестете албайм. Азыр жашым 22де, турмуш кургандан корком”.

Дагы караңыз Этек аңдыгандардын эзүүсү


“10-класста атам каза болду. Апам ооруп жаткан, колдон келишинче ага жардам берип, каникулда шаардагы чакан кафеде идиш жууп иштечүмүн. Айылдаш, менден тогуз жаш улуу бала таанып калып, жумуштан чыкканча күтүп туруп зордуктап койгон. Апам ооруп калбасын деп кимге айтарымды билбей эзилип жүрдүм”, - деп жазган кыз кийин ала качууга кабылып, күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтып берген.

Айтбекова жарыялаган каттарда кыздар көпчүлүк учурда коомдук транспортто сексуалдык ыдыкка кабылганын жазышкан.

“Жолугууга шашып бара жаткам, маршруткада эл толтура болчу. Артта турган бир бала сыйпалай баштады, дароо болгон күчүм менен түртүп урушуп кирдим. Ошол жердеги толтура кишинин бирөө да унчуккан жок. Тескерисинче, мени жаман көзү менен карашты, тиги "мал" мени сөккөнүнөн өзүм уялып, түшүп кеттим. Абалымды көргөн жигитим окуяны угуп, кайра мени күнөөлөсө болобу... "Анан эмне өзүң шыкакчы болуп, көйнөк кийип аласың" деп айтты”.

Ошондой эле жумушта же көчөдө эле эмес, үйдө жакын туугандарынан ыдык көргөң кыз-келиндер да кат жазган.

“Эжем 1-2-классты таенемдин колунда окуду. Каникул сайын апам "эжеңе барып кел" деп алардыкына жиберчү. Барган сайын таятам эжем экөөбүзгө шоколад, балмуздак алып берип, артты каратып "шымыңарды чечкиле" дейт эле...”, - деп башталган катта төбө чачты тик тургузган окуя баяндалган.

“Бир тууган таежем күйөөсү менен сарайда жашачу, 5-6 жашымда үйүнө барып калдым. Түндө бир маалда ойгонсом жездем кармалап жатыптыр, айта албай колун түртүп салып, түнү менен ыйлап чыккам. Эртеси туруп алып эле кетип калгам. Азыр эстесем ыйлагым келет”, - дейт дагы бир каттын ээси.

"Коомдун жарасын жардым"

Жогорудагы адам акылына сыйбаган окуялар айтылган ондогон каттардын скриншотун социалдык тармакка жарыялаган блогер Назира Айтбекова күн сайын зээнди кейиткен каттар келип жатканын билдирди.

Назира Айтбекова.

“Мага эркектер тийишип, сексуалдык мүнөздөгү каттарды жазып, сүрөттөрдү салат. Мен алардын жазганын эл алдына чыгарып, айыптай баштадым. Эркектердин аялга ушундай мамиле кылганы туура эмес дедим. Анан мага башка кыздардан каттар келе баштады. Бир-экөөнү жарыялагандан кийин кат жаай баштады. Шишип, ириң толуп калган жара жарылгандай болду. Мен азыр окуп, жетишпей жатам. "Назира эже эч ким жокто ыйлайм, биринчи жолу сизге айтып жатам" дегендер да толтура”.

Айтбекова айрым каттарда элге айтууга ооз барбай турган окуялар да жазылганын кошумчалады.

“Психологдор менен маектешкенде кыздардын көпчүлүгү ушул көйгөйдү айтышат экен. Бала чагында мындай окуяга кабылгандар психологиялык жактан катуу сокку алышат экен. Мага өз атасы, таятасы, чоң атасы зордуктагандар, кыздын кызды, эркектин эркекти зордуктаган окуялары тууралуу да жазышты. "Назира оюнан чыгарып жатат" дегендер бар, аларга эч нерсе деп айткым келбейт. Алар чындыкты уккусу келбейт. "Жашыруун чыгарып коюңузчу, жан дүйнөмдү эзген арманымды биринчи жолу айтып жатам" дегендер бар".

Айтбекова жарыялаган каттарды социалдык тармактарда укук коргоочу, жарандык активисттер бөлүшүп, сексуалдык ыдык көрсөтүү кыргыз коомундагы чоң көйгөй экенин белгилеп жатышат.

Журналист Ибраим Нуракун уулу бул маселеде коом кайдыгер болбошу керектигин, айрыкча журналисттер сөз болуп жаткан теманы көбүрөөк чагылдырышы керектигин Фейсбукка жазды.

"Биздин коом ошол окуяны көрүүчү катары гана карап, лайк басып олтургандай сезилүүдө. Ар бир окуя боюнча акыйкатчы, укук коргоочулар, коопсуздук органдары иликтөө жүргүзүп, педофилдерди же педофилияга шектелгендерди жазалап, кур дегенде эскертүү берип койбосо болбой турган маселе экен. Назиранын посттору Кыргызстан эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги маселе. Ар бир өлкөдө мындай көрүнүштөр бар. Бир гана айырмасы, билимдүү коом мындай окуялар ачыкка чыгып кеткенде кандайдыр бир чара көрөт. Кол куушуруп отурбайт".

Кордолгондордун чыныгы үнү

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Айтбекованын зомбулукка, сексуалдык асылууга туш болгон кыздарды колдоп, ачык айтып чыгууга чакырган билдирүүсүн кубаттады.

Касымалиева мамлекеттик органдар баштап, ар бир жаран коомдогу бул терс көрүнүштү токтотууга салым кошууга чакырды. Ал мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасында калтырган.

Аида Касымалиева.

“Адатта биз маалымат чогултуп берүү үчүн чет элдик эксперттерге, кеңешчилерге көп акча коротобуз. Бирок, көйгөйдүн масштабы ушундай, булар замандаштарыбыздын чыныгы үнү”, - деп жазды ал.

Ушул тапта Кыргызстанда Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгеси менен социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк жүрүп жатат. Анын алкагында ыдык көрсөтүү эмне экенин түшүндүргөн кыргыз жана орус тилинде видеолор тартылып, ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү тууралуу маалымат камтылып, коомчулукка көйгөй тууралуу жеткирүү максаты болгон.

“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын коммуникация бөлүмүнүн өкүлү Айнагүл Абдрахманова буларга токтолду.

“Акыркы эки айдан бери өзүбүздүн социалдык тармактагы баракчаларда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык кампания жүргүзүп жатабыз. Адегенде "Ыдык деген эмне?" деген түшүнүктү коомчулукка жеткирүү үчүн маалыматтык баракчалар, ролик даярдалган. Бул жолу коомчулуктун мамилеси жана ыдык учурунда элди кайдыгер болбогонго чакырган видео тараттык. Биздин баракчада эле аны бир күнгө жетпей 200 миң адам көрүп, жүздөгөн кыз-келин окуялары менен бөлүшүп жатат. Ыдыкка каршы күрөштө элде маалыматтын жетишсиздиги байкалууда. Муну менен кампания токтоп калбайт. Элет жеринде, жаштар арасында өнөктүк баштайлы деп турабыз”, - деди Абдрахманова.

Ак үйдөгү сексуалдык ыдык

2018-жылы Жогорку Кеңештин имаратында харассментке кабылган депутат Элвира Сурабалдиева сексуалдык ыдыкка каршы мыйзам иштеп чыгып, коомдо кыз-келиндерге тийишкен обужок адаттарды жоюу керек экенин айтып чыккан.

Сурабалдиева өз окуясын ачык айтып чыккандан кийин ага ондогон аялдар кайрылганын белгиледи. Эл өкүлү бул тема коомчулукта жабык көйгөйлөрдүн бири экенин, ага каршы күрөшүү кыйын болуп жатканын билдирди.

Элвира Сурабалдиева.

“Башымдан өткөн окуядан кийин айрым кесиптештерим "жаш эмессиң го" деп мазактап чыгышкан. Коомго бул көйгөйдү ачык айтып чыккандан кийин 50дөн өткөн аялдар ыйлап келген. "Элвира айтайын десең шылдыңдашат, эмне кылалы?" дегендер болгон. Жаш кыздар дагы муну коомго ачык айта албайбыз дешет. Коомдо жалгыз бой аялдарга эле тийишет деген түшүнүк бар, бирок бизде аялдардын баары ушул көйгөйгө дуушар болот. Күйөөсү бар эле айымдар "ушул мыйзамды киргизип бериңиз" деп кайрылышат".


Укук коргоочулардын айтымында, жыныстык асылууга, кала берсе зордуктоого кабылган кыз-келиндер, аялдар коомго өз арманын ачык айтып чыгуудан жазганат.

Депутат Элвира Сурабалдиева адам укугун сыйлаган өлкөдө далил үчүн фото-видео сурабай, кыздын арызы менен иш козголуп, териштирүү жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул боюнча мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кыларын айтты.

“Стамбул протоколун билесиңер да? Грузияда Ички иштер министрлигинде бардыгы жазылган жоболорду көрүп келгенбиз. Ал жерден беттештирүүдөн баштап атайын далилдөөчү иш-чаралар болот экен. Факт түрүндө аудио же видео жазуу болбосо деле далилдөөчү чаралар бар. Бул тажрыйбаны дүйнө жүзү колдонуп жатат. Бизде эмнеге иштебеши керек?”, - деди депутат.

Ар кандай харассмент тууралуу изилдөөлөрдө жыныстык асылуудан кийин зордукчулдун жазасыз каларына ишенгени, күч органдарындагы жеке байланыштары, коомчулуктагы жектөөнүн жоктугу бул көрүнүшкө каршы күрөшкө бут тосуп жатканы айтылып келет.

Ыдык көрсөтүү же харассментке – кимдир бирөөгө карата олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык зомбулук кирет. Аны кайсы бир адамга туугандары, тааныштары же чоочун адамдар жумушта, көчөдө, үйдө, социалдык тармактарда көрсөтүшү мүмкүн.