Өкмөт Ирактан 79 баланы алып келди

Балдар Иракта калган энелеринин уруксаты менен Кыргызстанга жеткирилди.

Балдарды кайтарып келүү үчүн 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу тобу жөнөтүлгөн.

Эми балдар реабилитациядан өткөрүлөт.

Балдарды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген.

Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашары айтылган эмес.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатканы кабарланган. 11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар.

2017-жылы Рейтер агенттиги Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринин аялдары жана балдары деген 1400дөй чет элдик бар жана кармалгандардын көбү Түркиядан, калгандары Тажикстан, Азерабайжан, Орусиядан келгендер экенин, арасында борбор азиялыктар да бар экенин жарыялаган. 

Ирактын расмий өкүлдөрү чет элдик аялдар менен балдар Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерде кармалып турушканын, алардын тек-жайын, жарандыгын тактоо аракеттери жүрүп жатканын 2017-жылы августа билдиришкен. 

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. 

Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.