Кыргыз бийлиги лидер аялдарды көбөйткүсү келет

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган айымдар парламенттеги жыйынга катышып жатышат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Кыргыз бийлиги жетекчиликке даярдалган аял кадрлардын резервин түзүүнү ниет кылууда. Коомчулукта "бул кадам кагазда эле калып кетпесе болду" деген кабатырлануу бар.

Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жарлыгына 8-мартта кол койду.

Ал кыз-келиндердин саясий, экономикалык жана коомдук турмушка жигердүү катышуусуна, чечимдерди кабыл алуудагы ролун жогорулатууга багытталган.

Алты жылдык жаңы программа

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, документти даярдоого эл аралык уюмдардын, анын ичинен БУУнун аялдар программасынын адистеринин, жергиликтүү эксперттердин, мамлекеттик органдарда иштегендердин сунуштары камтылган:

Эдил Байсалов

"Лидерлик дарамети бар кыз-келиндерден 150-200дөй адисти тандап, алардын ар бирине жекече программа түзүп, мекеме-уюмдарга кызматка тартуу максатыбыз бар. Андан тышкары айыл өкмөттөрдү, райондорду башкара турган аялдарды даярдашыбыз керек".

Байсалов алты жылдык программа алкагында жетекчиликке даярдалган аялдардын кадрдык резерви түзүлөрүн, бул аракет андан ары да улантыларын кошумчалады. Программаны иштеп чыгууга президент былтыр тапшырма бергенин айтты.

"Стратегия керек"

Соңку жылдары мамлекеттик башкарууда гендердик теңдик сакталбай жатканы көп талкууланууда. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсү болсо, үч эле аял министр бар. Облустарды, райондорду башкарган аял жетекчи жок, айыл өкмөттөрдү башкаргандар да негизинен эркектер.

Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Химия Суеркулова президенттин жарлыгы зарыл документ экенин, бирок өкмөт аны ишке ашырууга олуттуу көңүл бурбаса, кагаз жүзүндө калып кетиши мүмкүндүгүн белгиледи:

Химия Суеркулова

"Чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын аз болуп жатышы - мамлекет чоң потенциалды пайдаланбай келет деген сөз. Жаңы чыккан жарлыкты толук кандуу ишке ашыруучу стратегия керек. Себеби буга чейин канчалаган жарлыктар болгон, "ура-ура" деп ак калпагыбызды асманга ыргытканбыз. Эки-үч ай иштеп жаткандай түр көрсөтүп, ошол бойдон калып кетпеши керек. Иштеп жаткан эркектерди кызматтан алып, резервдеги аялдарды алып келип эле алардын ордуна коюп коё тургандай ойлонулбаган иштер жасалбашы керек. Кадр маселеси аял менен эркектин ортосундагы атаандаштык эмес, тандоону жакшырткан шарттар менен чечилиши абзел".

Суеркулова өкмөт көңүлдү кыздардын билим алуусуна буруу зарыл болуп турганын да белгиледи.

Лидер аялдар бар


Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Саясат таануучу Алмаз Тажибайдын байкоосунда, мамлекеттик органдардан айырмаланып, бейөкмөт уюмдарды башкаргандардын көбү - аялдар:

Алмаз Тажибай

"Бир жагынан караганда, бул көрсөткүч кыргызстандык аялдар эркиндик, адам укугу жаатында көрөгөч, тажрыйбалуу экенин, көз карандысыз болууга умтуларын айгинелейт. Алар мамлекеттеги социалдык көйгөйлөрдү жакшы билишет, чечкенге жардам беришет. Аларды заманбап менежерлер деп атасак болот. Учурдагы саясий-экономикалык жана башка тармактардагы жетишкендиктерде бейөкмөт уюмдардын да көмөгү чоң. Ошолордун ишине мамлекет колдоо көрсөтүүнү улантса, өнүгүүгө дагы да өбөлгө түзөт эле. Бирок бейөкмөт уюмдардын ишин тизгиндеген мыйзам долбоорлордун сунушталып жатышы мамлекеттик эмес багытта иштегендердин арасындагы лидер аялдардын азайып кетишине шарт түзүп коюшу ыктымал".

Жогорку Кеңештеги жыйындардын бири.

Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда кыз-келиндерди саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун колдоо керектигин билдирди. Адатта майрамдык кайрылууларда буга чейинки бийлик башындагылар да ушул өңүттө сүйлөп, бирок иш жүзүндө ал аткарылбаганын жарандык коом сындап келген.

Сандар менен салыштыруу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда президенттик администрацияда иштеген 225 кишинин 82си аял. Жогорку Кеңештин аппаратындагы 445 кызматкердин 78и кыз-келиндер. 452 айыл аймагынын жетекчилеринен 14ү аялдар. Прокуратурада жалпы 1014 кызматкер болсо, 155и аялдар, мунун 11и жетекчилик кызматта.

Учурда Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 20сы аялдар, бул 20% ашыгыраак көрсөткүч. Мыйзам боюнча гендер теңдигине тиешелүү ченемдеги 30% жетпейт.

Дагы караңыз Айылга жол салдырып, бала бакча, фитнес зал ачкан айымдар

Эгемен Кыргызстандын тарыхында өлкөнү бир жылдан ашуун аял президент башкарган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки убактылуу өкмөттүн тушунда Роза Отунбаева президент болуп турган.

2024-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,2 миллион адамды түзгөн. Мунун ичинде 50%дан ашыгын аялдар түзөт.

Улуттук статистикалык маалыматка караганда, өлкөдө аялдардын жашоо узактыгы 2022-жылкы эсеп боюнча 76, эркектердики 68 жаш. Ошол эле жылкы эсепте республикада эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48% экени белгиленген.

8-мартта чыккан жаңы жарлыкка ылайык, аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында маалыматтык кампанияларды өткөрүү да каралган.