Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Бишкекте аялдардын бийликтеги орду талкууланды


8-ноябрда Бишкекте бийликтеги аялдардын ордун жана коомчулуктагы стереотиптерди талкууга алган тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" ДИА коомдук фондунан кабарлады.

Иш-чарага Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан келген активист айымдар, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары, жамааттардын өкүлдөрү чогулган. Катышуучулар жарандык коомдо, жергиликтүү өз алдынча башкарууда, аялдар арасындагы лидерлерди өстүрүүдөгү жана жалпы саясий процесстердеги аялдардын ордун талкуулашты.

Асел Тимур кызы иш-чаранын максаты тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул иш-чарада "Эмне себептен саясатта аялдар аз?" деген проблеманын себептери талкууланды. Учурда жергиликтүү кеңештерде аялдардын 30 пайыздык квотасы тууралуу мыйзам иштелип чыгууда, бирок ушул күнгө чейин аны парламент кабыл албай келет. Мындай иш-чара аркылуу биз калктын оюн билгибиз келет. Бул иш-чараны 2020-жылы өтчү шайлоого даярдык деп кабыл алсак да болот. Андагы шайлоого катышкан аялдар көбүрөөк болот деген үмүттөбүз.

Учурда коомдо "аялдын орду үйдө, саясатта эркектер жүрүшү керек" деген туура эмес көз караш бар экенин адистер байма-бай айтып келишет. Статистикалык маалыматтарга караганда, айылдык кеңештерде аял депутаттардын саны соңку он жылда дээрлик 10% азайган. (KR)

XS
SM
MD
LG