Коронавирус пандемиясы жараткан экономикалык оорчулук жана кымбаттоолор биринчи кезекте калктын аялуу катмарына чоң сокку урду.
Дүйнөлүк банктын 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган эсебине ылайык, Кыргызстан ички дүң продукциянын көлөмү боюнча ушул тапта дүйнөдөгү 200дөн ашуун өлкөнүн ичинен 152-орунда же мурдагы советтик республикалардын ичинен эң акыркы катарда турат. Улуттук статистика комитетинин май айындагы маалыматы боюнча билим берүү тармагында иштегендердин орточо айлыгы 15 миң 345 сомду түзөт. Бул айлык акы менен азыркы шартта кантип жашаса болот? "Азаттык" Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы мектептерде иштеген мугалимдердин пикирин сурады.
Султанбек Момунов, Баткен
Султанбек Момунов - облустун эки жолку "Мыкты мугалими", “Мугалим коомдун күзгүсү” республикалык сынагынын жеңүүчүсү, эл агартуунун отличниги. Өзү 23 жылдан бери, аялы 18 жылдан бери мектепте мугалим. Алты баласы бар.
Көп жылдан бери Баткен облустук гимназия-мектебинде географиядан сабак берем. Алты балам бар. Келинчегимдин 18 жылдык эмгек стажы бар. Бюджеттин тартыштыгын көрүп туруп өкмөткө деле кайрылгың келбейт экен. Убакты-сааты келсе айлык көтөрүлөр деген үмүт менен эле жашап жатабыз. Мектепте эң көп айлык алган мугалимдин колуна 25 миң сом тиет. Окууну жаңы бүтүп келген мугалимдер аябай эле аз алат.
Мугалимдик кесипти таштай албайм
Мен балдар менен иштеп ошого көнүп калган үчүнбү айтор, мектептен алыстай албай койдум. Буга чейин башка кызматтарга сунуш түшсө да эч баргым келбейт. Мугалимдиктен башка кесипте иштеп жатканымды элестете албайм. Бала окутуудан ырахат алам. Онлайн окууга өткөндөн бери мектепти аябай сагындык.
Учурда Бишкекте жүрөм. Баткен шаарында Ак-Таш кварталына салынып бүтүп калган 375 орундуу мектеп боюнча өкмөткө кат алып келдим. Анын курулушу токтоп калган. Кышка чейин бүтүп калса жакшы болмок. Азыр ушул иш менен чуркап жүрөбүз. Кошуналарым, ата-энелер жаңы мектептин ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
Бегай Жунусалиева, Нарын
Бегай Нарын районунун Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектепте он жылдан бери иштейт.
Төрт баламдын үчөө мектеп жашында. Мектепке даярдаш үчүн бир балага бери дегенде эле 10 миң сом кетет. Ошондо да көп алып бербейбиз. Акчаны ары чоюп, бери чоюп отуруп араң жеткирем. Кийим-кече Нарында кымбат. Бишкекте арзаныраак болгондуктан ошол жактан алганга аракет кылам. Балдарымдын курсагын тойгузуп, сабактарына жардамдашып өзүмдүн ишимди карай баштайм. Мектептен келгенде ар кандай кырдаалдар болот. Бешиктеги балам ыйлап жаткан болот, уулдарым “калем сабым сынып калды, китебимди таппай атам” деген сыяктуу сөздөрдү айтышат.
Коронавирус кесепети
Коронавирус коркунучунан улам жаралган онлайн окуу режиминин кесепети айылдык мугалимдерди да ашыкча түйшүккө салды. Анткени аралыктан окуган окуучулар сабактан артта калып, кайра окуу программасын кубалап жетүүдө кыйынчылыктар жаралды. Ошентсе да окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу үчүн изденип, эл аралык уюмдардын тренингдерине катышып жатабыз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Айгүл Мусаева, Ысык-Көл
Нарындан Ысык-Көлгө келин болуп келген Айгүл Мусаева 36 жылдан бери Ак-Суу районунун эң алыскы айылдарынын биринде башталгыч класстарга сабак берет. Эмгек жолун Ош облусунда баштаган. 36 жыл аралыгында Айгүл Мусаева 500дөн ашык балага тамга таанытып, билимге жол көрсөткөн. Эл агартуунун отличниги.
Мугалимдик - өтө оор кесип
Мен Караколдогу педагогикалык институтту бүткөндөн кийин сегиз жыл Ошто иштедим. Кийин турмуш куруп, ушул айылга келип иштеп калдым. Мугалимдик өтө оор кесип, ысыгына күйүп, муздагына тоңгондор гана кармалат. Башка кесип ээлери таңдан кечке чейин иштейт. Биз болсо үйгө балдардын дептерлерин алып келип текшеребиз, кайсы бала кайсы сабактан жетишпей жатканын анализдеп, эмнеге андай деген суроого жооп издейбиз. Балдарды эркин сүйлөөгө үйрөтөбүз. Канткенде мыкты билим алат деген ой менен жүрөбүз.
1-сентябрда жаңы класс алам, аларды аман-эсен төртүнчү класска чейин жеткирсем, пенсияга кетип эс алам. Иштеп көнүп алгандан кийин үйдө отурган оор болсо керек. Кичине балдар аябай ачык болот, эмоциясы сыртында. Кээде үйдөгү айтылбай турган окуяларды мага айтып келет, кээде кылыктары менен күлдүрөт. Айтор балдар жок жашоомду элестете албайм. Өзгөчө жогорку класстарга барганда "Айгүл эжей окуткан окуучулар мыкты чыкты" десе төбөм көккө жетип калат. Айрымдары азыр чет өлкөлөрдө иштеп, үй-жайлуу болушкан. Төрт жылдан кийин жумуштан узап атканда мен бүтүргөн ар бир класстан окуучуларымды чакырсам, аларга суктанып карап, бекер эмгектенбегенимди билип кубанып турсам деп кыялданам. Ар бир бала сөзсүз билим алышы керек. Өзгөчө азыркы заманда, баары тездик менен өнүгүп жатат, балдар да ошого жараша болушу керек.
Жаш мугалимдердин айлыгы өтө эле аз
Азыр санарип деп айтып жатабыз, жүздөгөн мектептер интернетке туташты жана башка дегенди угабыз. Бирок, биздин мектепте компьютер жетишсиз. Мугалимдер отурган кабинетте болгону бир эле компьютер бар, ага отуруп жазыш үчүн, материал топтош үчүн күнү кечке кезекте турабыз. Компьютердик классыбызда төртөө эле бар. Интерактивдүү доска керек. Негизи өкмөт ушундай маселелерди чечип, анан санарип мектеп деген чоң ишти баштаса болмок. Окуучуларыбыз деле компьютер талашып отуруп калат, себеби баарына жетпейт.
Негизи бийик тоолуу аймактабыз, бирок документтерде эмес. Жаныбыздагы эки айыл тең тоолуу аймак катары катталып, айлыкты да көбүрөөк алат, эмгек өргүүгө чыкканда да жакшы. Мисалга, алар декреттик өргүүгө чыкканда 70 миң сомго чейин алганы бизди кээде капа кылат. Себеби, биз деле ошондой оор шартта иштейбиз. Мейли, мен 30 жылдан ашык иштедим. Бирок жаш мугалимдердин айлыгы мышык ыйлаарлык, кичине балдар менен иштөө оңой эмес да. Айылдык мугалим деген статус бар, ага миң сом кошулат. Иштебей коёюн десең дагы болбойт, окуучуларымды кантип таштап кетем? Мугалимдер акыркы жылдары каралбай калды, бул чындык!
- Ысык-Көл облусунда 191 мектеп бар, аларда 7006 мугалим эмгектенет. Өзгөчө айыл жергесинде математика, физика жана информатика сабактарынан адистер жетишсиз, алардын саны 46ны түзөт.
Гүлнара Юлдашева, Жалал-Абад
Сузактагы №2 Мирзарахим Хакимов атындагы мектептин директору Гүлнара Юлдашева эки уулдун энеси. Үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн мектептен кийин өз колу менен кургак жемиштерден ширин азыктарды жасап, базардагы дүкөндөргө таркатып, кошумча киреше таап келет. Ал кымбатчылык күч алганда 18 миң сом айлыгы эч нерсеге жетпей, чакан бизнести баштаган.
Маянанын аздыгы күчтүү мугалимдерди бизнеске же миграцияга кетирди
Мектепти ийгиликке жеткирүү үчүн каражат керек. Ошондуктан мен 45 миллион сомдук акчаны демөөрчүлөрдөн жана мамлекеттен тартып, көп иш бүтүрдүм. Башкысы өзбек мектепте кыргыз тилин жана орус тилин алдыга койдук. Анткени мамлекетик экзамендер кыргыз тилинде болгондуктан кыргызча окууга басым жасалды. Бул мээнетибиз быйыл акталды. Бир окуучум республикалык тестирлөөдө Сузак району боюнча алдыга чыкты.
Мен жетектеген Сузактагы эң чоң мектептердин бири - 1400 окуучусу бар, 70тен ашуун мугалим иштейт. Жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүрүп, мектепке мугалим болгондордун билим деңгээли жакшы болбой жатат. Математика, физика жана химия сабактарынан мугалим тартыш.
Маянанын аздыгы күчтүү мугалимдерди бизнеске же миграцияга кетирди. Ал эми жогорку окуу жайларды жамандагым келбейт. Бирок, окууну аяктап келген жаш мугалимдер дурустап окуучуларга сабак бере албагандары көп болууда. Айла жок пенсиядагы мугалимдер иштетип жатам. Алар кетип калса химия, физика сабактарынан ким балдарга сабак берет?
Үйгө барып кошумча каражат табуу үчүн иштейм
Менин мектебимде эле окуучулар сураган нерселерди унутуп, эс-тутуму начарлап кеткенин көрүп, ушундай балдарды кантип дарыласа болот деп ойлонуп калчумун. Бир жолу "жаңгак жана курманы жесе, эс тутуму жакшы болот" дегенди окуп калдым.
Ошондон кийин идея келип, чакан бизнес баштадым. Кийинчерээк кошуналарды чакырып ишти чоңойтум. Антпесем 18 миң айлыгым айдан-айга жетпей, карыз болуп кетесиң. Адал эмгек менен акча табуудан уялбайм деле.
Директор менен катардагы мугалимдин айлыгы бирдей. Анткени өткөн жылы көтөрүлгөн маяна мугалимдер үчүн болгон. Ошондон кийин бирдей акча алып калдык. Жетекчинин жоопкерчилиги чоң, бирок акчасы аз.
Сайназаров: Мугалимдердин жагдайы жакында өзгөрбөйт
Пандемия шартында ар кандай жаратылыш кырсыктары көбөйүп, интенсивдүү болуп жатканынан улам бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө тамак-аш баасы көтөрүлдү. Анан калса биздин экономиканын абалы жакшы эмес.
Тилекке каршы, мугалимдердин көйгөйү Советтер Союзу урагандан бери эле чечилбей келе жатат. Буга чейин Дүйнөлүк банктын изилдөөсү чыккан. Анда Кыргызстан мамлекеттик бюджет бөлүп берген каражаттын 26% билим берүүгө сарптай турганы жазылган. Бул башка кошуна мамлекеттерге караганда жогору деп саналганы менен кем-карчтарды толук жаба албасын билебиз. Ошол себептүү өкмөт айлыкты көтөргөн күндө да мугалимдерге татыктуу шарт түзгөнгө жетет деп ойлобойм. Келечекте 5-10 жылда да чечилет деп айта да албайм.
Мамлекет билим берүүнү каржылай албай жатат
Кыргызстанда кайсы гана өкмөт башчы келбесин укук коргоо жаатында иштегендерге көбүрөөк көңүл буруп, мугалимдер менен догдурлардын көйгөйү көмүскөдө калгандай көрүнөт. Бирок мугалимдер менен дарыгерлер армиясы менен укук коргоо органдарында иштегендерди салыштыра албайбыз. Бир-эки жыл мурда мугалимдердин айлыгын 40% көтөрөбүз деген сөз болгон. Анда да нааразылыктар чыккан. Айланып келип жалпы бюджетке оорчулук келди. Мисалга орто мектептерди эле алсак, 75 миңден ашуун мугалим бар.
Албетте, жакында эле президент ата-энеден келе турган жардамдар дегенди четке какты. Мындай нерсени түшүнсө болот. Ар бир балага миң сомдон төлөсүн деген туура эмес. Бирок ата-энелер коомчулугу деле мамлекет бөлгөн бюджет окуунун сапатын көтөрө албасын көрүп турат. Ошол себептүү жеке билим берүүчү мекемелерге артыкчылык берип, алардын саны көбөйө баштады. Ата-энелер болгон акчасын төлөп атат.
Мына китептерди ижарага берүү маселеси канча жылдан бери талкууланып, чечилбей келген. Азыр эми кайра кирип иштей баштады. Бул мамлекет китеп чыгарууга чама-чаркы жетпей калгандан кайра ошол жолду тандоого аргасыз болгонун билдирет да. Себеби, бир учурда бир китепти үч бала окуп калды. Менин оюмча, мамлекет "биз 70% билим берүүнү каржылап атабыз. Мындай категорияларды момундай сапатта жасап бере алабыз, калган жетишпеген жактарын ата-энелер коомчулугунанбы же каржылоо институттарынанбы каражат тартуу керек" деп ачык айтмайынча көйгөй чечилбейт.
Аймактардагы мугалимдер тууралуу баянды бул жактан угуңуздар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.