"Кылым шамы" укук коргоо уюму аскерде каза тапкан жоокерлердин өлүмүн иликтөө толук кандуу жүрбөйт деген тыянагын чыгарды. Уюм бир нече жыл бою аскерде түрдүү себептер менен көз жумган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берип келген.
Уюмдун билдирүүсүндө, суицид кылмыш-процессуалдык мыйзамдар талап кылгандай иликтенип, тергелбей жатканы айтылат. Ал эми Аскер прокуратурасы буга өзүнүн жүйөөсүн келтирип, уюмдун тыянагын четке кагууда.
"Өз жанын кыйганына ишенбейбиз"
2015-жылы, 11-январда Араван районундагы чек ара аскер бөлүгүнүн жоокери Кубанычбек Ногойбаевдин асылып турган сөөгү чек ара тозотунан эки чакырым аралыкта, Найман деген айылдын четинен табылган. Маркум жоокерди багып чоңойткон чоң ата, чоң энеси анын өз жанын кыйганына эмдигиче ишенбейт.
"Мына, жети жыл болду. Биз анын өз жанын кыйганына ишенбейбиз. Аны өлтүрүп коюшкан. Себеби, балабыздын асылып турган сөөгүн эрте менен эле табышкан экен. Бизге болсо улам телефон чалып, "балаңар качып кетти, үйгө бардыбы" деп сурап атышты. Эмнеге жашырышты? Эгер бир мандем болбосо мынчалык жашырышмак эмес",- дейт чоң энеси Замира Нарынбаева.
Дагы караңыз
Армиядагы өлүм: Жалгызынан айрылган ата-эне, "Кылым шамы" БУУга кайрылатКубанычбек өзүнүн каалоосу менен аскерге барып, 2014-жылы октябрда Аравандын кыргыз-өзбек чек арасындагы №2024 “Төө-Моюн” чек ара бөлүгүнө түшкөн. Ант берген күнү түшкөн сүрөттөрүн Бишкектеги чоң атасы менен чоң энесине берип жиберген экен.
Замира Нарынбаева небереси менен ал кайтыш болордон бир күн мурда, 10-январда байланышкан. Анда небереси шайдоот сүйлөшүп, эч нерсе даттанган эмес. Жакшы сүйлөшүп, жылуу коштошконун айтып отурду.
"Жоокердин өлүмү кылдат иликтениши керек"
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун тыянагында аскерде суицидге барган жоокерлердин өлүмүн иликтөөдө эң алгач алардын эмне себептен өз өмүрүнө кол салганына көңүл бурулбай, көз жаздымда калып кетери жазылган.
Дагы караңыз
Аскер кызматкеринин өлүмү шек жаратты"Биздин уюм аскерде каза болгон ондогон жоокерлердин өлүмү боюнча кылмыш иштеринде алардын жакындарына укуктук жардам берип иштеп келди. Ошондо иш тажрыйбабызда аныкталгандай, жоокерлердин суицидин иликтеген тергөөчүлөр "ат үстүнөн" мамиле кылып, толук кандуу иш жүргүзгөн эмес. Сөөк табылган жер толук изилденбейт, керектүү зат, далилдер каралып алынган эмес. Тергөө иштеринде мисалы, сөөк асылып турган жип, зым жана башка заттардын байланып турганынан тартып, андагы манжалардын тактарына, сөөктөгү тактарга, тырмак алдына, окуя болгон жерден табылган чач жана башка шектүү заттарга чейин көңүл бурулуп, кылдат иш жүргүзүлүүсү керек. Жоокердин жан кыйганга чейинки жүрүш-турушу, психологиялык абалы жана башкалар көбүнчө көңүл бурулбай кала берет",-деди уюмдун юристи Акынбек Ногоев.
Аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлердин баскан-турганы, кыймыл-аракети чектелүү. Алар кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүк көп учурда төрт тараптан тосулган, басымдуу бөлүгүндө көзөмөл камералары бар. Алар каалаган убакта каалаган жагына басып кете алышпайт. Бирок ошого карабай, көбүнчө аскер бөлүктөрүнөн сыртка чыгып, ээн жерде, айылдын четинде өз өмүрүнө кол салуусу адатта ага өлүмүндө башка бирөөнүн тиешеси бардыгы тууралуу шек жаратат.
Ушул жагдайларды белгилеген укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова жоокердин өлүмүнө байланыштуу дээрлик ар бир иште тергөө тараптан жоопсуз калган суроолор болуп келгенин айтты.
"Мисалы, айылдын четинен сөөгү табылган Кубанычбекти алалы. Ал жоокер аскер бөлүктөн түн ичинде кантип чыгып кетти? Мунун сөөгүн эртең мененки саат 5те ошол айылдын тургундары таап алып, кабар беришкен. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жоокер денесине өлөрдөн эки саат мурда жараат алганы айтылып жүрөт. Демек, ал түнкү саат 1-2 чамасында кайдан токмоктолгон? Аскер бөлүккө кирип-чыккандарды каттаган журнал эме үчүн тергөө тарабынан иликтенген эмес. Аскер казармасында видео көзөмөлдөгү маалыматтар эмнеге алынган эмес? Аны тергөө алган эмес, биз да таптакыр ала албадык. Аягында сөөктү алган жерде дагы кароо жүргөн эмес. Мындан тышкары жүргүзүлгөн экспертизалар бири-бирине каршылыгы да тергөө тарабынан эске алынган эмес".
Расмий маалыматта акыркы он жыл аралыгында аскерде ар кандай жагдайда өмүрү кыйылып, ал "суицид" деп бааланган жоокерлердин саны 150гө чамалады. Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес.
Аскер прокуратурасы эмне дейт?
Жоокерлердин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтейт.
Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн башчысы, юстициянын полковниги Динмухамед Осмон уулу "Кылым шамы" уюмунун тыянагын четке какты.
"Мындай учурларда өлүмдүн себеби толук аныкталат. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын баары аткарылат. Жоокерлердин өз жанын кыйганы тергөө гана эмес, башка жогору турган органдар тарабынан да иликтенет, текшерилет. Айрым учурларда маркумдун өз жанын кыйышына башка бирөө себепкер болуп, "өз өмүрүнө кол салууга жеткиргени" тергөө учурунда аныкталат. Андай кылмыш иштери аягына чыгарылып, сотко ашырылып, бүгүнкү күндө жазасын өтөп жаткандар бар. Бирок, басымдуу учурда жоокерлер түрдүү себептер менен өз өмүрүнө кол салышкан. Анын ичинде өзгөчө үй-бүлөдөгү иштер, жакшы көргөн кызы турмушка чыгып кеткени сыяктуу себептер басымдуулук кылат. Андан кийинки орунда аскердик түйшүктөргө туруштук бере албагандыктан кетүүгө аракет кылуу же коркутуу максатында барганы турат. Кээ бирде уставга туура келбеген мамилелер себеп болушу мүмкүн. Андай учурларда иликтөөнүн жыйынтыгында күнөөлүү адам аныкталып, жоопко тартылат".
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, аскерде каза болгон жоокерлерге мамлекет тарабынан кенемте төлөнүп берилет. Анын суммасы аскер кызматкеринин эң аз айлык акысынын 200 өлчөмүнө барабар. Бирок, бул тергөө тарабынан "өз жанын кыйган" деген тыянак менен белгиленген маркумдардын жакындары үчүн эмес. Аскер прокуратурасынын адиси Динмухаммед Осмон уулу белгилегендей, бул аскерде кызматын өтөп жатып каза тапкандар үчүн гана төлөнүүчү кенемте.
Дагы караңыз
Баткен: Аскер бөлүгүндө жоокер өлүмү катталдыДагы караңыз
Чек ара кызматы: жоокер өзүн-өзү төшкө аткан"Суицид деп корутундулап коюудагы кызыкчылык"
Ушундан улам укук коргоочулар аскердик кызматын өтөп жүрүп каза болгон жоокерлердин өлүмүн суицид деп аныктоо аракети күч деп белгилешүүдө. Мындан тышкары аскер бөлүгүндөгү кылмыштар көп учурда командирлери тарабынан жаап-жашырылып, суицид деген тыянак менен бүтүрүүгө аракет кылышат дейт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун юристи, мурдагы аскер прокурору Акынбек Ногоев.
"Кайсы бир аскердик бөлүктө кылмыш жасалып, андан жоокер өлгөн болсо, ал бөлүк "аскердик-дисциплиналык жактан туруксуз" деп саналып калат. Андан офицерлер менен командирлер да жоопко тартылышы мүмкүн. Бул алардын кесиптик карьерасына чоң таасир этет. Ошондуктан, алардын дагы жоокерлердин өлүмүн суицид деп корутундулап коюуда кызыкчылыктары бар. Аскер прокуратурасы, тергөө иштеринде буга да көңүл бурууга тийиш".
2017-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштаган. Бирок ал сунуш өткөн эмес.
Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов бул маселе дагы көтөрүлөрүн "Азаттыкка" билдирди.
"Кызмат өтөп жүрүп өлүмгө дуушар болгон аскер кызматкерлери, келишим менен кызмат өтөп жүргөн аскерлер гана эмес, жашы 18ге толгону үчүн аскердик милдет өтөөгө чакырылган жоокерлер да кандай жагдайда болбосун каза тапса, мамлекет кенемте төлөп берсин деген сунушубузду жаңылайбыз. Мына парламент жаңыланды, эми ага жолдонот. Ата-эне 18 жыл багып чоңойтуп, мекенге кызмат өтөсүн деп бир жылдык мөөнөткө жиберген уулунун сөөгүн алып калууда. Айрым каза болгон жоокерлер бир үйдүн жалгыз баласы же карыган ата-энесинин жалгыз багуучусу болгон учурлар дагы бар".
“Кылым шамы” укук коргоо уюму, Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен биргелешип армиядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Алар жоокерлердин укуктарын анкета аркылуу изилдешкен. Натыйжада, бул тармакта эң негизги көйгөй - мурдагыдай эле аскерлер арасындагы үстөмдүк, зомбулук, уруп-сабоо экени аныкталган.
Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, 2019-жылы бир жоокер өз өмүрүнө кол салган. 2020-жылы үч аскер кызматкери суицидге барган, үчөө тең ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери болгон. Былтыр Баткенде эки жоокер өзүн атып алган.
Ал эми Башкы прокуратура мурунку жылдары тараткан маалыматта 2020-21-жылдары он чакты жоокер жанын кыйганы кабарланган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган.