Башкы прокуратура "Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат алды. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берди. Эми оппозициячыл саясатчынын иши нукта кандай уланат?
Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенби?
Ошентип “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кол тийбестиги алынып, эми тергөө тоскоолдуксуз жүрүп, керек болсо аны камоого да жол ачылды.
Бул процесстер парламент токтомуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен гана жүрүшү керек. Берене 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасындагы жерди ижарага алуу үчүн протоколго кол койгонуна байланыштуу коюлду.
Кылмыш-жаза кодексинде аталган айып боюнча жаза 1-2 миллион сом айыпка жыгуу же кайсы бир иш менен алектенүүгө тыюу салып, беш-жети жылга чейин эркинен ажыратуу деп каралган.
Бирок кылмыш мөөнөтү өтүп кеткен учурда айыпталган жарандарды камоо жазасы колдонулбай турганы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде жазылган.
Юрист Замир Жоошев иш мыйзамда кылмыштын курамы эскирген деп каралышы керек дейт. Ага карабай кылмыш иши козголсо, тергөө органы ишти кыскартууга барышы абзел. Бирок тергөөчү ишти тергеп бүтүп сотко өткөргөндө, судья кылмыштын мөөнөтү эскиргенине көңүл буруп, ишти кыскартуу маселесин көтөрөт. Айыпталуучу соттук процессти улантып, ак экенин далилдейм десе, сот жараяны толук жүрөт. Сот кылмыш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу айыпталуучуну абакка кесүү чечимин чыгара албайт.
“Бул оор кылмыштардын катарына кирет жана кылмыш жасалды делген убакыттан тартып жети жыл аралыгында иш козгоп, жоопко тартса болот. Мадумаров 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн бийлигинен аша чапты деп айыпталып жаткан. Демек, мыйзамга ылайык ага 2016-жылга чейин эле кылмыш ишин козгоп, жоопко тартса болмок. Андан кийин кылмыш куугунтуктоо мөөнөтү эскирди деп табылып, иш козгоого болбойт. Мурда козголгон иш кыскартылышы керек. Ошол себептүү парламент иш материалдарын изилдеп, ушул жагдайга көңүл бурбаганы кызык болуп жатат”.
Мадумаровдун фракциялашы, депутат Исхак Масалиев 22-июнда Жогорку Кеңештеги жабык жыйында баш прокурор Курманкул Зулушев кылмыштын мөөнөтү эскирип кетти деп табылышы үчүн айыпталуучу коюлган айыпка макул болушу керек деп түшүндүрмө бергенин айтты:
“Башкы прокурор "мөөнөтү өтүп кетти деген сөзгө айыпталуучу макул болушу керек" деп түшүндүрмө берди. Менин оюмча, андай эмес. Бул кылмыш мөөнөтү өткөндөн кийин автоматтык түрдө кыскарышы абзел. Айыпталуучу күнөөнү сөзсүз мойнуна алышы зарыл деген талапты биринчи жолу уктум”.
Дагы караңыз Парламент Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бердиБирок саясий өңүтү бар кылмыш иштерде кылмыш мөөнөтү өткөнү үчүн кыскартуу дайым эле колдонула бербейт. Бир мисал катары 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча кылмыш мөөнөтү эскиргенине карабай, былтыр иш козголуп, сотко өткөнүн айтууга болот. Эми мыйзамдагы бул талап Мадумаровдун ишинде эске алынабы деген суроо турат. Ал өзү 22-июнда парламент жыйынынан кийин түрдүү чаралар колонулушу мүмкүн экенин жана ага даяр турганын айткан.
Башкы прокурордун парламентке түшкөн сунушунда Адахан Мадумаровду эки учур – Кемпир-Абад иши боюнча массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү жана кыргыз-тажик чек арасындагы протоколго кол коюуда бийлигинен аша чабуу боюнча жоопко тартуу каралган. Көзөмөл органынын сунушун карап чыккан депутаттык комиссия Кемпир-Абад ишинде кылмыш курамы тастыкталбаганын негиз кылып, бул боюнча Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүүдөн баш тарткан. Ал эми бийликтен аша чапкан деген беренеге байланыштуу чара көрүүгө макулдугун берген.
Парламенттин бир жылда өзгөргөн позициясы
Парламент 22-июнда уруксат берген сунушту башкы прокурор былтыр да берип, бирок депутаттардын уруксатын алган эмес. Шайлоодо эң көп добуш алып келген оппозициялык маанайдагы Мадумаровду жоопко тартуу боюнча депутаттардын позициясы бир жылда толугу менен өзгөрдү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков муну “парламенттин коркутууга кабылганы” менен байланыштырат.
“Эгер биз макулдук бербей койсок, ушул иштер биздин башыбызга да келиши мүмкүн деп чочулашты. Анткени мунун алдында эле шайлоодон эки жыл өткөндөн кийин деле депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын алуу аракети жүрүп жатат. Бул иш депутаттарды сестентип койду. Ошол үчүн да макул боло берели деген позицияга өтүштү. Айтор, парламент колго алынды десек болот”.
“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков баш прокурордун сунушуна каршы добуш беришине парламентаризмдин аброюн коргоо аракети себеп болгонун түшүндүрдү.
“Кеп Мадумаровдо эмес, аны менен көз караштарыбыз көбүнчө туура келбейт. Анын ордунда ким болбосун, мен каршы добуш бермекмин. Анткени бул парламентаризмге сокку, кыянаттык деп эсептейм”.
Ошол эле кезде Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуунун негизги максаты анын депутаттык мандатынан ажыртуу деген да пикирлер айтылып келет. Муну парламент чечиминен соң Мадумаров да четке какпай, мандаттан ажыратууга барышы мүмкүн экенин кыйытты.
Анткени, Адахан Мадумаров парламенттин азыркы чакырылышы менен келгенден бери бийлик чечимдерин сындап, аны менен бийликтин ортосунда тирештер орун алып келет. Алсак, Кемпир-Абад иши, кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо кыргыз бийлигинин позициясына нааразылыгын билдирген. Мындан улам Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышып, президент Садыр Жапаров берген интервьюларында Мадумаровдун ысымын бир нече ирет айтып, сындаган жайы бар.
Дагы караңыз Жогорку Кеңештеги "эки жашик куралдын" сыры"Бул - оппозицияга чоң коңгуроо"
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча Баш мыйзамда каралган талаптарды аткарбай жатканын негиз кылып, Министрлер кабинетин таратууга сунуш берген.
Ушул өңдүү окуялардан кийин Мадумаровду ооздуктоо аракети көрүлүп жатканын айтып, муну менен оппозицияга ишарат кылынып жатканын айткандар бар.
Эгер Адахан Мадумаров мандаттан ажыратылса, ал жетектеген фракциянын бийлик менен элдешкис оппозиция бойдон калары күмөн.
“Мадумаровду ушундай документке кол коюуга ыйгарым укук бергендер Бакиевдер болгон. Анда алар дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул окуя эми кандай өнүгүшү мүмкүн? Мындай кадам бийлик менен оппозициянын ортосундагы жараны бекемдебей эле кайра ажыратат. Каалайбызбы же каалабайбызбы, азыркы парламенттеги эң күчтүү депутатка ушундай аракет болуп жатканы жалпы оппозицияга чоң коңгуроо”, - деди Момбеков.
Саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков саясий кырдаал бат өзгөрүп турарын, азыркы бийлик басып өткөн тарыхын унутпай жүрүшү керектигин айтты:
“Президент Садыр Жапаров да бир учурда саясий чечимдин негизинде куугунтукка алынган. Кийин адилеттүү чечим болот деп өлкөгө кайтып келген. Анын жыйынтыгы кандай болгонун билесиңер. Чындык өзгөчө нерсе, ал бүгүн уттуруп коюшу мүмкүн. Бирок саясат башкача болуп, чындык чыгышы мүмкүн. Бир учурда куугунтукта жүргөн Садыр Жапаров азыр президент болуп отурат. Ушуну эч качан унутпашыбыз керек. Убактылуу утуш - бул түбөлүк утуш эмес”.
Адахан Мадумаров 1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышына депутат болду. Ал 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин вице-премьер-министр, мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоого "Ак Жол" партиясын баштап барып, спикер болгон. Бирок жарым жыл өтпөй "жаңгак чырынын" арты менен кызматтан кеткен. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын жетектеген. Ал өлкө тарыхындагы президенттик шайлоолордун үчөөсүнө катышып, алдыңкы үчилтикке кирген.