Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Парламент Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берди


Адахан Мадумаров. 22-июнь, 2023-жыл.
Адахан Мадумаров. 22-июнь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттары "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюушуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча Мадумаровду жоопкерчилигине тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон.

Мадумаров парламент чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берип:

"Бийликчил фракциялар Кыргызстандын элинин канын соттор ичип жатат деп айтышты. Эми Мадумаровдун тагдырын ушундай сотторго кантип тапшырып жатасыңар?” деп Масалиев кайрылды. Ошондой. Массалык башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу дегендин баарын изилдеп чыгып, баарын четке какты. Бул айыптарга да илештирсе болмок, бирок эч кандай илинчек жок. Бүгүн жыйында комиссиянын төрайымы баш прокурорго караганда беш эсе күчтүүрөөк кызмат аткарып, мүчө болгон айрым депутат кесиптештерибиз ушундай катуу жан үрөдү. Аларга таарынбайм, бийик болуу керек", -деди.

Маселе каралып жатканда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Мадумаровдун бир нече тарапташы чогулду. Алар депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербөөгө чакырышты.

ЖК депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев акциянын катышуучулары менен. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.
ЖК депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев акциянын катышуучулары менен. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.

"Адахан Мадумаровдун мандатын парламент да, Башкы прокуратура да ала албайт. Анын мандатын алуу маселесин Мадумаровду шайлаган эл чечет. Муну эл өкүлдөрү эмес, комиссия дагы эмес, эл чечиши керек", - деди акциянын катышуучуларынын бири Венера Мусаева.

Жогорку Кеңеште комиссия чечими жабык каралды. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев "документте жашыруун маалыматтар бар экенин" белгилеп, жабык кароону сунуштап, көпчүлүк колдогон. Буга чейин төрага Нурланбек Шакиев комиссия чечими парламенттин Координациялык кеңешинде каралганын айтып, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген эле.

Депутаттык комиссиянын курамына Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Жоопко тартууга экинчи жолу уруксат суралды

Парламенттин 31-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуш түшкөнү белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча иш козголгон.

Адахан Мадумаров аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирген.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген. Кийин парламент аны жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттеги азыркы бийликке негизги оппозициячыл күч катары саналат. Ал жыйындарда өкмөттү, парламенттин өзүн да сынга алган курч билдирүүлөрдү жасап жүрөт. Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликттин дарегине ачуу сындарды айткан.

2022-жылы 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүнү каралып жатканда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Мадумаров кайым айтыша кеткен. Президент Садыр Жапаров да депутат Мадумаровдун сөзүнө комментарий берип, Төрт-Көчө тилкеси боюнча маселеге токтолгон.

Бул сыяктуу кайым айтышуу 2022-жылдын 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында болгон эле.

Быйыл апрель айында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетирүүнү сунуштап чыккан. Мындай чечимге Министрлер кабинетинини Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон. Бул беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

Министрлер кабинети ушул беренени чечмелеп берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылган эле. Мадумаров бул аракетти сынга алып, “пенсиялар, жөлөк пулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деген Баш мыйзамдын талабын өкмөт сөзсүз аткарышы керектигин айтып чыкканы бар.

Жогорку Кеңеш фракциянын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке каккан.

Парламенттеги негизги оппозициячыл күч

58 жаштагы белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык көз караштагы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери. 1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышына депутат болду.

2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин вице-премьер-министр, мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоого "Ак Жол" партиясын баштап барып, спикер болгон. Бирок жарым жыл өтпөй "жаңгак чырынын" арты менен кызматтан кеткен. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын жетектеген.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен үч жолку парламенттик шайлоого катышты. Алгачкы эки шайлоодо партия босого чекке бир аз гана жетпей калса, 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” алты мандат алган.

Мадумаров үч жолку президенттик шайлоого катышып, алдыңкы үчилтикке кирген:

  • 2011-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунда келип, жалпы добуштардын 15 пайызын алган;
  • 2017-жылы 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыккан;
  • 2021-жылы өткөн президенттик шайлоодо Мадумаров экинчи орунду алып, ага 94 278 шайлоочу добуш берген (6,69%).

XS
SM
MD
LG