Уюшма топторго «аңчылык»

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку мезгилде Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн биринен сала экинчисин удаалаш кармап, бирок кайра алардын соттон бошотулуп жатканы суроо жаратты.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов муну күч түзүмдөрүндөгү жеңил-желпи рейтинг үчүн уюштурулган «маски-шоу» катары карап, алардын ортосунда биргеликте иш алып баруунун жоктугу катары баалады.

Ал эми күч түзүмдөрү соңку кайталанма кармоолорго карата ар бир мекеменин өзүнүн себеби бар экенин жана аны уюшкан кылмыштуулукка каршы чара катары чечмелеп беришти.

Кримтөбөлдү коё берүүнүн сыры эмнеде?

УКМКнын «Альфа» атайын даярдыктагы тобу «Алтуха» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимов баш болгон уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсүн кармаган. Аларды автоунаада бара жаткан жеринен токтотуп, жерге бети менен ныгыра басып түшүрүп, кармаган тасма Интернетке чыкты.

Андан кийин кармалгандар УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылып, бирок алардын кайсы иш боюнча колго түшкөнү жарыяланган эмес. Андан бир аз мурун эле Ички иштер министрлиги кримтөбөл Алтынбек Ибраимов менен профилактикалык аңгемелешүү жүргүзгөн тасма чыккан. Андан соң ал коё берилгени маалымдалган.

Мурдагы премьер-министр, улуттук коопсуздук органынын мурдагы жетекчиси Феликс Кулов күч түзүмдөрүнүн бул удаалаш операцияларын кесипкөйлүктөн алыс, жеңил-желпи рейтинг үчүн жасалган иш-чара катары сынга алды:

Феликс Кулов

«Мен буга аябай таң калдым. Алгач ИИМ аны кармап, профилактикалык аңгемелешүү өткөрдү. Анын артынан УКМК аны кайра кармап, андан соң сот үй камагына чыгарып койду. Мындай учурда кызматтык иликтөө жүрүшү керек. Ал кайсы иштин негизинде, эмне деген кылмыш беренеси боюнча кармалды? Бошотуп коюшканы кандай? Бул жөн эле пиар беле, же ИИМ жакшы иштеген эмеспи? Негизи кылмыштуу топтор менен күрөшүү ИИМдин милдети. Бирок эмне үчүн булар ушинтип кошо жарышып жатышат? Бул деген аталган эки органда өз ара аракеттенүүнүн жоктугу. Албетте, мен мындай кармоолорго каршы эмесмин. Күрөш болушу керек. Бирок бул жерде мыйзамда так көрсөтүлгөн тартипте кимге, кайсы милдеттер тагылганы боюнча алдын ала аныкталган шартта иш алып барылышы керек болчу».

УКМКнын басма сөз кызматы алгач милиция кармап, кайра коё берген «Алтуха» аттуу кримтөбөл Алтынбек Ибраимовду кармоого олуттуу негиздер себеп болгонун белгилеп, бирок ал иш тууралуу ачык маалымат берген жок. Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып барылган Алтынбек Ибраимовдун бөгөт чарасы катары сот үй камагын тандап, аны эркиндикте калтырган чечим кабыл алды.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова кримтөбөлдүн кылмыш ишине «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан анын бөгөт чарасы сотто жабык каралганын айтты:

«Бул иш сотто жабык түрдө каралгандыктан ал тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз. Себеби ал жактан алынып келип, сотто каралган бөгөт чарасын кароо боюнча материалдар камтылган иште «жашыруун» деген гриф бар экен. Бул иш тергөөдөн ошондой тартипте каралган. Ошондуктан бул тууралуу эч нерсе деп айта албайбыз. Бул мыйзамдын талабы».

Чекисттер четин чыгарган жүйөлөр

Ошол эле кезде УКМКнын мурдагы төрага орун басары, «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы иши чабал болгондуктан атайын кызмат өз алдынча аракеттенип жатканын белгиледи:

Артур Медетбеков

«Эгерде мындай системалуу иш-чаралар байма-бай жүрбөсө, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эч кимге баш бербей, кутуруп кетишет. Алар үстөмдүк абалды ээлеп алып, бийлик өкүлдөрү менен чырмалышып кеткен учурлар аз эмес. Ошондуктан УКМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-чаралары абдан туура багыт. Анткени соңку мезгилде ички иштер органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү солгундап кеткени байкалат. Бул багытта жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенине карабастан талап кылынган деңгээлде иштерди алып бара албай, көрүлүп жаткан чаралар аябай эле чабал».

Бирок эгерде кримтөбөлдү кармоого негиз берген олуттуу себептер бар болсо, анда атайын кызмат эмнеге анын соттон үй камагына чыгышына жол берди деген суроо жоопсуз турат. Ал эми Ички иштер министрлиги мурда кылмыш жообуна тартылган Алтынбек Ибраимов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыктан башында профилактикалык аңгемелешүүгө чакыртылып, бирок анын кайсы бир кылмыш ишине катышы болбогондуктан кайра коё берилгенин билдирди.

Дагы караңыз «Караларга» каршы күрөштүн күчү


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов бул жагдай тууралуу мына буларга токтолду:

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү - Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багытта жүрүп жаткан иштер эч качан токтоп, үзгүлтүккө учураган эмес. Алтынбек Ибраимов мурда соттолуп, түрмөдө отуруп чыккан. Бизде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эркиндикте жүргөн учурда да атайын ыкчам каттоого алып, алар менен профилактикалык иш-чараларды өткөрүү жагы каралган. Ошол максатта ал криминалдык милиция кызматына чакыртылып, тиешелүү иш-чаралар жүргөн. Мен сураганда «бул адам түрмөдөн чыккандан бери эч кандай кылмышка аралаша элек» деп жооп беришти. Ошондуктан ал коё берилген. Анан эле аны УКМК кармаптыр. Ал тууралуу УКМКда кандай маалымат болгону бизге белгисиз».

Буга чейин Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери жана спорт комитетин жетектеген Кылычбек Саркарбаевдин да кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экени жана анын бул кызматта турганда жемкорлукка жол бергени үчүн кармалганы жарыяланган. Бирок ал да жакында сот тарабынан үй камагына бошотулган. УКМКнын басма сөз кызматы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген 1 млн. сом зыянды төлөп бергени жана анын иш-аракетине ошого жараша укуктук баа бериле турганы тууралуу учкай маалыматын таратты.

Ички иштер министрлиги 1146 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турарын жарыялаган. Алардын ичинен былтыр 22 уюшкан топтун мүчөсү ар кайсы кылмышка шек саналып кармалган.