"Алимент төлөбөйт же Ноокенден чыгарбайт". Өзбекстандык келиндин муңу

Хуснийда Отамирзаеванын эгиз кыздары

Ноокен райондук соту Өзбекстандын жараны - Кыргызстанга келин болгон аялга эгиз кыздарын төркүнүнө алып чыгууга тыюу салган чечим чыгарды. Жолдошу менен ажырашкан келин учурда талаада жалданып иштеп, балдарын багып жатат.

Өзбекстандын Анжиян облусунун 25 жаштагы тургуну Хуснийда Отамирзаева 2018-жылы Жалал-Абаддын Ноокен районуна келин болуп келген.

Жубайлар үч жыл жашап, эгиз кыздуу болгондон кийин эки ача жолго түшкөн.

Хуснийда Кыргызстанда туугандары жок болгондуктан Өзбекстанга кетүү чечкен. Бирок келинге балдарын алып кетүүгө күйөөсү уруксат бербей жатат. Мындан улам балалуу келин батирде баш калкалап, талаада жалданып иштөөгө аргасыз.

Хуснийда Отамирзаева

"Өзбекстандагы ата-энемдин үйүндө балдарды багууга шарт бар. Жолдошум экөөбүз ЗАГС аркылуу ажыраштык. Бирок ал эгиз кыздарымды алып кетүүгө уруксат бербей, балдарды алып калуу үчүн соттошуп жатат. Мен кыйналып кеттим. Балдарды апам Өзбекстандан келип карайт, талаада иштеп акча таап, багып жатам. Батирде турабыз. Бизге жардам берген эч ким жок".

Хуснийда Отамирзаева жолдошу менен былтыр ажырашкандан бери балдарын жалгыз багып келе жатат. Ал күйөөсү алимент төлөөдөн баш тартканын билдирди.

"Алимент төлөбөй жатат. Акыркы жолу "төлөбөйм" деп кол коюп бериптир. Биз бардык тийиштүү тараптарга кайрылып, жардам сурап жатабыз. Балдарымды таштап кете албайм. Милицияга, айыл өкмөткө, акыры сотко кайрылсак, судьяга анын пайдасына чечим чыгарды. Балдардын укугун коргоочу эч ким жокпу? Бир жылдан бери көчүп-конуп араң жашап жатабыз. Ажырашкан күйөөм балдарды өзүнө алам деп жатат. Өзбекстанга өтүп алсам, тыңып калат элем. Ал жакта туугандарым, ата-энем бар. Турмуш-шартыбыз жакшы".

Хуснийданын ажырашкан күйөөсү алимент төлөөдөн баш тарткан.

Хуснийда Отамирзаеванын адвокаты Нурислам Райимжановдун айтымында, Хуснийда жок дегенде төркүнүнө кыздары менен эки айда бир барып турууну суранып, сотко кайрылган. Келин Өзбекстандын жараны болгондуктан Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн улам узартып турууга мажбур.

Нурислам Райимжанов

"Соттук териштирүү болду, анда энеси балдарын карап жатканы жана Өзбекстанда туугандары менен ата-энеси бар экенин аныктап, эки айда жети күнгө барып келүүгө уруксат берүүсүн суранганбыз. Бирок судья андан баш тартып койду. Сот мыйзамды сактабай, жарыяланган чечимди 10 күндөн кийин берип жатат. Себебин сурасак, жооп жок. Келинге балдарын мыйзамдуу алып чыгууга уруксат бербей жатышат. Биз эми облустук сотко үмүт кылып, арыз менен кайрылганы турабыз".

Ушу тапта арасат абалда калган Хуснийданын түйшүгүн апасы Эхтибархан Отамирзаева кошо тартышууда. Үч жаштагы эгиз неберелерине каралашуу үчүн эне беш күн сайын чек арадан өтүп, бир жылдан бери алар менен бирге болууда.

Эхтибархан Отамирзаева башкы прокурор Курманкул Зулушев 15-июлда Жалал-Абадга келип, эл менен жолугушканда атайын барган экен. Бирок кезеги жетпей калып ал жердеги прокуратура, сот кызматкерлерине жолугуп, көйгөйүн айткан. Алар мыйзам чегинде көзөмөл болорун билдиришкен.

Хуснийданын апасы Эхтибархан Отамирзаева

"Мен Жалал-Абад шаарына башкы прокурор келди дегенинен жолугуп, бул көйгөйдү микрофондон болсо да айтайын деп бардым эле. Кезегим жеткенде убакыт бүтүп калды. Сыртта кабыл алып жаткан прокуратуранын кызматкерлерине арызым тууралуу айтып бердим. Алар мыйзам чегинде карап беребиз дешти. Кызым менен үч жашар неберелерим кошо кыйналып жатат. Мен Өзбекстандагы үй-бүлөмдү таштап, жалгыз калган кызымдын жанында бир жылдан бери жүрөм. Чек арадан жумасына кирип, чыгып турушум керек. Кыйналып кеттик. Өзбекстанга кайрылсам, алар бул маселени Кыргызстан өзү чечет дешти. Бул жакта бизди эч ким карабай жатат".

Ал эми келиндин кайнатасы Тажымамат Мустафаев келининин баскан-турганын сындап, неберелерин жакшы карабай жатат деп айыптады.

"Соттун чечими турат, эгиздер эч жакка барбайт. Бул келиним өзү жаман жолго түшүп кеткен. Балдарды карабай көчөлөп жүрчү. Алимент төлөбөйбүз. Анткени кудалар мага карыз болуп калган. Алардын балдарды багып алганга шарты жок, биз билебиз го. Учурда балдар көрүнгөн жерде кыйналып жүрөт. Менин колумда жүргөндө жумасына 2 миң сомго буламык алып берчүмүн".

"Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова жогорудагы көрүнүш мамлекетте үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо кызматтарынын жоктугунан болуп жатат деген пикирде.

"Өлкөдө балдардын укугун коргогон же үй-бүлөнү колдогон социалдык кызматкерлер жок. Эки ажырымга түшкөн жубайлардын балдары кимде болбосун балдар үчүн шарттар каралып, укуктары сакталышы керек. Эгер андай болбосо, атайын фостер үй-бүлөгө социалдык кызматкерлер аркылуу өткөрүшү керек. Сот чечим чыгарып бермейинче, бала ошол жерде жашап турат. Акыркы жылдары балдардын оор кырдаалга кабылган учурлары көбөйдү".

Дагы караңыз "Одинаны короосуна көөмп койгон". Зомбулуктан кыйылган өмүр

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жашы жете элек баланы сыртка алып чыгуу үчүн ата-энесинин уруксаты керек.

2020-жылы Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, учурда баланы чет өлкөгө алып чыгуу маселесинде ата-энесинин бири уруксат бербесе, экинчиси сотко кайрылууга укуктуу.

Буга чейин ата-эне гана балдары үчүн уруксат берсе, эми сот бардык жагдайларды иликтеп чыгып, баланы өлкөдөн алып чыгууну ата-энесинин пайдасына чечиши мүмкүн.