Бишкекте 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтты. Ал бул багытта күрөштү күчөтүүнү, айрым таза эмес кызматкерлерден арылууну талап кылды. Байкоочулар президенттин коррупция тууралуу убадаларына ар кандай баа берип жатышат.
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында паракорчулук сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын айынан азайбай жатканын билдирди. Ал бул органдардын өзүндөгү коррупция өтө кооптуу абалга жеткенин эскертти. Президент "чоӊ кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогору эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды" деген мазмундагы даттануу көбөйгөнүн белгиледи.
Жээнбеков айрыкча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин натыйжасыз, сапатсыз деп баалады. Ал ушундан улам бул кызматтын форматын өзгөртүүнү, ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келер-келбесин карап чыгууну тапшырды:
- АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калышты. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөш багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган. Өткөн жылда АКС ири жана өзгөчө ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуунун 2 гана фактысын далилдеген. Бирөө "сегиз миң долларлык кранды сатып жиберди" деп иш козгогон. "Ири өлчөмдө зыян келген" деп тапканы экинчи иши - "бала бакчага курулуш материалдары кымбат алынган" деген иш. Бир жылда болгону эки факт.
Жээнбеков мындан ары сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын дарегине айтылган ар бир олуттуу арызды өз көзөмөлүнө аларын айтты. Ал судьяларга чыгарган өкүмдөрүнө байланыштуу чара көрөрүн жарыялады:
Соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп жатса, мыйзамды бузуп жатса, жарандардын укуктарын тебелеп жатса - эл шайлаган президент катары эмне үчүн мен муну карап турушум керек?
- Биз мына Бишкек шаарынан эки сотту өткөрбөй койдук. Мен бир мисал келтирейин: бир судья бир ишти 4,8 жыл кармаган. Өткөндө Чүй сотунун дагы бирөөнү жыктык. Ал сотто 18 жыл иштептир, болгону 177 иш караптыр. Ошондо бир жылда сегиз иштен гана караптыр. Ушундай да болобу? Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайылап созгон учурлар көп кездешет. Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар да бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы? Шайланган президент катары соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп жатса, мыйзамды бузуп жатса, жарандардын укуктарын тебелеп жатса - эл шайлаган президент катары эмне үчүн мен муну карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерден мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, элге, мамлекетке зыян келтирип жаткан болсо - мен анда президент катары бардык маселеге кийлигишем.
Жээнбеков уюшма кылмыштуулук боюнча күрөштү да коррупция аксатып жатканын айтты. Ал кримчөйрөдөгү акчанын өлчөмү көбөйгөнүн, буга укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышы бар экенин белгиледи. Президент "Башкы прокуратура болсо коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор деген милдетин натыйжалуу аткара албай жатат" деп сындады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мамлекет башчы коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтүп, укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чара көрүүнү талап кылды жана коррупцияга каршы күрөшкөн мекемелердин жетекчилерине дагы бир жолу мүмкүндүк берилип жатканын эскертти.
Айтылгандар аткарылабы?
Коомчулукта президенттин коррупция тууралуу билдирүүлөрү ар кандай талданып жатат. Серепчи Турат Акимовдун пикиринде, Сооронбай Жээнбеков чоң реформа жасай аларын азырынча далилдей элек:
- Ал өзү илгертен президенттикке умтулган киши эмес эле. Аны Алмазбек Атамбаев тандап алып келген да. Мурдагы президенттин башынан аттай албайт. Бирок кыргызда "жооштон жоон чыгат" деген сөз бар. Бул же өтө катуу тапталып, бышып, жүрөгү таш болуп, аң-сезими чыңалган киши, же болбосо суунун агымына каршы акпай турган киши. Ошондуктан анын айткандары кандай аткарыларын күтүш керек. Азыр эми бизде эки президент болгондой сезим болуп турбайбы. Ал эски командадан айрылбаса иштей албайт. Анткени алардын кылмыштары бар. Көп иштерге баштарын салып алган. Жээнбековдун өзү даярдаган партиясы да, командасы да жок. Жакында анын иштегенине 100 күн болот, ошондо көп нерсе байкалат. Азыр болсо бул эски кербендин жүгүн көтөрүп баратат. Азыр өтө чоң реформаларга батына албайт. Анан бул киши мурда эч качан жоопкерчиликти алган эмес да, орто, экинчи кызматтарда иштеп келген. Ал УКМКны, ИИМди, прокуратураны жана Коопсуздук кеңешин чечмейинче колуна бийликти ала элек. Конституциялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, кол башчы катары бул органдарга өз адамын койгондо гана алдыга ишенимдүү жыла алат.
Мурунку юстиция министри, коомдук ишмер Марат Кайыпов болсо президент коррупцияга каршы күрөштү туура баштады деген ойдо. Анын баамында, адилетсиз чечим чыгарган, алкымы соң судьялардан арылуу президенттин милдети:
- Сооронбай Жээнбеков ант берүү аземинде элдин алдында берген убадаларын аткарып жатат. "Тартип коргоо органдары, сот органдары биригип алганы үчүн уюшма кылмыш топтору күч алып жатат, алардын бюджети өсүп жатат" деп жакшы баа берди. Прокуратура, ИИМ бир катар сынга кабылды. Алар "ишибиз көп, кыйратып жатабыз" дейт, кымындай эле иштерди сотко жөнөтөт, алардын дагы көбү акталып кетет. Бул иштин сапаты жок деген сөз. Мен президенттин "соттордун ишине кийлигишем" дегенин жакшылап окуп чыктым. Ал сот чечим чыгаргандан кийин анын жыйынтыгына карап, талдап туруп ошол сотторго чара көрөм деп жатат. Туура кылат. Адилетсиз чечим чыгарган, коррупцияга аралашкан соттордон тазаланыш керек. "Чечимине, өкүмүнө карата, сапатына карата, ишинин көлөмүнө карата, бир ишти айлап-жылдап кармап отуруп алганына карата чечим чыгарам" деп жатат. Чечим чыгарышы керек, бул президенттин милдети. Себеби жергиликтүү сотторду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу - бул президенттин милдети.
Жарандык активист Рита Карасартова Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышып жатканда "коррупционер деген адамдардын тизмеси бар" деп айтканын эстеди жана коомчулук анын жарыяланышын күтүп жатканын айтты. Ал сөздөн ишке өтмөйүнчө берген убадалары ишеним жаратпай турганына токтолду:
- Негизи коррупцияга каршы күрөш, буга чейин иштеген чиновниктерге "силерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берем" дегенден башталбашы керек. Эгер факты бар болсо, ошону аягына чыгарып туруп, керек болсо өзүнүн бир-эки санаалашын ары-бери кылышы керек. Макул, бүгүн дагы бир жолу мүмкүнчүлүк беришсин. Бирок адамдар "тазалануу башталды, өзүнүн кишиси болсо да кылмыш ишин козгоду" деген жыйынтыкты көрмөйүнчө эч ким коррупцияны жеңбейт. "Дагы бир мүмкүнчүлүк берели" дегени - "дагы деле уланта берели" деген эле сөз.
Расмий маалыматка ылайык, соңку эки жылда укук коргоо органдары 76 миӊден ашык кылмыш иши козголгон. Бирок анын теңине жакыны “күнөөгө шектүү адамдар табылган жок" деген негиз менен токтотулган же кыскартылган. Козголгон кылмыш иштеринин 30 пайызы гана сотко өткөнү менен 10дон ашык пайызында гана жарандар жоопко тартылган.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы эки жыл ичинде 485 кылмыш ишин козгоп, анын 118и сотко жөнөтүлгөн, калганы кыскартылган. Айыптоо өкүмү 37 иш боюнча гана чыккан.
2016-2017-жылдары сотко 22 миңден ашуун кылмыш иши келип түшкөн, бирок теңине жакыны кыскартылган же токтотулган.
2016-жылы прокуратура тогуз миңге жакын текшерүү жүргүзгөнү менен сегиз пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин теңи эле сотко жеткен. Кызыгы, эки пайызга жетпеген иш боюнча айтоо өкүмү чыккан, сегиз иште айыпталгандар эркинен ажыратылган.