"Күн балдары" коштогон футбол

Футболчулар беттештен мурун "Күн балдары" менен жакындан таанышышты.

Футболчулар беттештин алдында оюн талаасына "Күн балдары" менен чыгып келаткан учур.

Балдар беттештен бир күн мурун ата-энелеринин коштоосунда стадионго келип, футболчулар менен таанышып, топ ойношту.

Даун синдрому - хромосом жыйындыларынын аномалиясы менен мүнөздөлүүчү генетикалык көрүнүш.

Даун синдрому – ата-эненин жүрүм-турумунун жыйынтыгы эмес, аял кош бойлуу кезинде ооругандыгынан же дары-дармек ичкенден пайда болбойт. Адистер мындай синдрому бар бала бардык үй-бүлөдө төрөлүшү мүмкүн экенин айтышат. 

Адамдын организми миллиондогон клеткалардан турат, ар бир клеткада 46дан хромосом бар. Генетикалык мутациянын айынан Даун синдрому бар адамдардын клеткасында 46 эмес, 47 хромосом калыптанат. 

Ата-энелер, балдар жана фтуболчулар.

Даун синдрому бар адамдар музыкада, көркөм өнөрдө ийгиликке жетип жатканы жөнүндө дүйнөдө мисалдар толтура.

Даун синдрому барларды дүйнөдө "Күн балдары" деп аташат.

"Сантерра" коомдук фондун 2018-жылы Даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин демилгелүү тобу түзгөн. 2021-жылдын февралында Даун синдрому бар балдарга маалыматтык, консультациялык жана билим берүүчү ресурстук борбор катары иштей баштады.

Сүрөттөрдү "Азаттыкка" сунуш кылган фотоблогер Азамат Алымкулов жана футбол калысы Бахадыр Кочкаров.

Футболго келген күйөрмандар.

“Алай” жана “Алга” командаларынын Оштогу беттешинин алдында футболчулар оюн талаасында "Күн балдарынын" (даун синдрому) коштоосунда чыкты. Фотоблогер Азамат Алымкулов тарткан сүрөттөрдү сунуш кылабыз. Ата-энелерден, балдардан жана уюштуруучулардан уруксат алынган.