Кремлдин Украинадагы тымызын планы

Харьковго урулган орус армиясынын соккусунан каза тапкан баласын карап жаткан ата.

Орусия Украинанын аймактарынын көпчүлүгүн аннексиялап алууну көздөп жатат. Бул тууралуу АКШнын расмий өкүлү 19-июлда билдирди.

Пентагондун өкүлү Жон Кирби 19-июлда чалгын кызматтарынын маалыматына таянып, Москва Херсон, Запорожье, Луганск, Донецк облустарын толугу менен аннексиялап алууну көздөп жатканын билдирди.

"Кремль референдумдар качан өтөрүн ачыкка чыгара элек. Бирок Орусиянын бул аймактардагы ишенимдүү адамдары сентябрь айында өтүшү мүмкүн экенин айтышууда. Орусияда бул айда жергиликтүү шайлоо белгиленген. Аннексия Улуттар Уюмунун жобосун бузууга жатат. Ошондуктан буга жол берилбейт жана жазасыз калбайт", - деди Кирби.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби. 14-февраль, 2022-жыл.

Кирби кошумчалагандай, Орусиянын бийлиги аталган аймактарга ишенимдүү адамдарын дайындап, жергиликтүү тургундарды орус жарандыгын алууга мажбурлап, рублди жүгүртүүгө киргизгенге аракет кылууда.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-июлда жергиликтүү маалымат каражаттарына курган маегинде эгер Батыш мамлекеттери Украинаны курал-жабдык менен камсыздоону улантса, орус аскерлеринин "географикалык тапшырмалары" кеңейерин айтты.

Ал "бул бир эле Донецк жана Луганск элдик республикалары эмес, Херсон, Запорожье облусу жана башка аймактар" экенин баса белгиледи.

Орус күчтөрү марттын башында Херсон жана Запорожье облустарынын айрым бөлүктөрүн басып алып, Москва өз ишенимдүү адамдарын дайындап койгон. Көп өтпөй алар Орусияга кошулуу тууралуу референдум өткөрүү ниетин билдиришкен.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Согушту иликтөө институтунун» эксперттери билдиргендей, «фиктивдүү референдум» 11-сентябрда өтүшү ыктымал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин бир нече ирет Киев орус баскынчылардын карамагына өткөн аймактарды кайтарарын убада кылган.

Украин коргоо министри Алексей Резников Зеленский Башкы штабга баскынчылардын карамагындагы аймактарды бошотуп алуу боюнча так тапшырма бергенин билдирген.

Орусия Украинага таандык Крымды 2014-жылы аннексиялап, референдум өттү деген жүйө менен жарым аралды өзүнө кошуп алган. Донецк, Луганск облустары кирген Донбасста Орусия колдогон жикчилдер өздөрүн мамлекет катары жарыялап, аларды Москва тааныган.

Бирок эл аралык коомчулук Крым менен Донбассты Украинанын аймагы деп эсептейт.

Жон Кирби Кошмо Штаттар жакында Украинага бериле турган аскердик жардам тууралуу жарыяларын билдирди. Анын алкагында HIMARS артиллериялык системалары дагы жөнөтүлгөнү турат.

Украин бийлиги дал ушул системалар согуш талаасында натыйжа көрсөтө баштаганын билдирген. Аскердик аналитиктер HIMARS сыяктуу заманбап куралдар Украинадагы согуштун жүрүшүн Киевдин пайдасына өзгөртө аларына ишенишет.

Дагы караңыз

Украинадагы согуштун жүрүшүн өзгөрткөн HIMARS


Британиянын чалгын кызматы 20-июлда өлкө чыгышында украин күчтөрүнүн саны аз болсо да орус армиясына туруштук берип жатканын жазды. Краматорск шаарына жасалган орусиялык армиянын соңку соккусу кеминде бир адамдын өмүрүн алган. Ага чейин орус күчтөрү Одесса облусун аткылашкан. Москва адаттагыдай аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирди.

"Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагында атайын аскердик операцияны улантып жатат. Одесса облусундагы Беленькое айылындагы курал-жабдык кампалары жок кылынды. Ал жакта АКШ жана Европа мамлекеттери Украинага жөнөткөн жогорку тактыктагы курал-жабдык сакталчу", - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык аскерлер эч кандай аскердик объектиси жок тынч аймакка сокку урганын билдирип, муну террорго теңеди.

Дагы караңыз Турдукулов: Украинага согуш өзгөрткөн жашоону чагылдыруу үчүн бардык

Ал арада Херсон аймагын көзөмөлдөп турган орусиячыл бийлик украин күчтөрү стратегиялык деп эсептеген Антоновский көпүрөсүнө сокку урганын билдирди.

Бул Днепр дарыясынын эки тарабын бириктирген, 1,4 чакырымга созулган негизги көпүрө. Эгер ал жарактан чыкса, Москвага Херсондогу күчтөрүн керектүү жабдыктар менен камсыздашы кыйын болот.

Украин күчтөрү мурда дагы орус аскерлеринин командалык пункттарына жана кампаларына чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерге жасалып же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салып келген. Июндун аягынан бери фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты.

Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системасы Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Ушу кезге чейин Киевге аталган техникадан сегиз даана келип түшкөн, Вашингтон дагы төртөөнү жөнөткөн.

Украинаны коргоо боюнча Байланыш тобунун жыйыны 20-июлда өтөрү күтүлүүдө. Мындан мурда, май айында өткөн жыйынга 47 мамлекет катышкан. Алардын 20сы Украинага коопсуздук жаатына жардамдашуу милдеттенмесин алган.