Кремлчил депутаттын Ташкентти чыйрыктырган сөзү

Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбой турганын бул өлкөнүн парламенти - Олий Мажлистин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева билдирди.

Буга Орусиянын "Справедливая Россия – За правду" партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепиндин Орусияда "мигранттар аралашкан чыр-чатактарды жаңы аймактарды, тагыраагы, өзбек жерлерин кошуп алуу менен чечсе болорун" айтканы себеп болгон.

Көп өтпөй Орусиянын Ташкенттеги элчиси Прилепиндин айткандарына байланыштуу чакыртылып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

Айрым өзбекстандык саясатчылар мындай билдирүүлөр эки өлкө мамилесине доо кетириши мүмкүн экенин эске салууда.

"Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбойт"

Танзила Нарбаева 25-декабрда жаштарга жолукканда Өзбекстан эч качан колония болбой турганын айтты:

"Сиздер интернеттен Өзбекстанды тигиндей кылабыз же мындай кылабыз деп айткандарды көрүп жатасыздар. Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбойт. Муну силер билесиңер, түшүндүрүүнүн кажети жок. Бул нерсе биздин ар бирибиздин жүрөгүбүздө", - деди.

Танзила Нарбаева.

Нарбаеванын мындай сөзүнүн төркүнү "Справедливая Россия – За правду" партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепиндин мигранттар тууралуу айтканында жатат.

20-декабрда ал Орусияда "мигранттар менен улам тутанып жаткан чыр-чатактарды жаңы аймактарды, тагыраагы, өзбек жерлерин кошуп алуу менен чечсе болорун" айткан.

"Бизге келип жаткан гастарбайтерлердин жерин өзүбүзгө кошуп алып, орус тилине аларды ошол жактан, мисалы, Өзбекстандын өзүнөн эле окутса болоруна ишенем", – деген Прилепин.

Прилепин Орусия Украинадагы согушту жеңсе Евразия аймагында да "кайсы бир пайдалуу нерселерди жасоого", мурдагы СССРдин аймагы боюнча дооматын билдирүүгө эч ким тыюу салбай турганын белгиледи.

"Мен тамашалап жаткан жокмун. Биз бул теманы көтөрүп чыгабыз. Биздин 2 миллион жараныбыз силердин аймакта болгондуктан ошол аймакка талапкер боло алабыз", – деп айткан.

Ташкенттин реакциясы, Кремлдин жообу

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) дароо Орусиянын бул өлкөдөгү элчиси Олег Мальгиновду Прилепиндин айткандарына байланыштуу чакырып, сүйлөшүү жүргүзгөн.

"Өз кезегинде элчи Олег Мальгинов Прилепиндин сөзү Орусиянын жетекчилигинин дос жана көз каранды эмес Өзбекстан боюнча расмий позициясына туура келбей турганын айтты. Ал Орусия Өзбекстандын суверенитетинен, көз каранды эместигинен жана аймактык бүтүндүгүнөн эч качан күмөн санабай турганын билдирди", - деп айтылды ТИМдин маалыматында.

Прилепиндин айткандарын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да четке какты. Мекеменин расмий өкүлү Мария Захарова Прилепиндин сөзү анын жеке көз карашы гана экенин жана Москванын расмий позициясын чагылдырбай турганын белгиледи.

Захар Прилепин.

Быйыл августта Госгвардиянын "Оплот" полкунун командиринин орун басары болуп дайындалган Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси.

2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилдер тарапта согушка катышкан. Быйыл май айында ал кетип бараткан машинада жарылуу болуп, эки бутунан жабыркаганы маалымдалган.

Олий Мажлис Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева 2022-жылдын 28-октябрында Самарканд шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын 54-сессиясында Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун колунан "Достук" орденин алган. Өзбекстандык социалдык түйүндүн колдонуучулары Нарбаеванын ыраазычылык катары айткан сөздөрүн кескин сынга алышкан.

Танзила Нарбаева жана Валентина Матвиенко.

Орусиянын Федерация кеңешинин ишмердүүлүгүн чагылдырган Senatinform.ru сайтынын маалыматында, Өзбекстан парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы бул сыйлыкты алуу "чоң сыймык" экенин белгилеп, "президент Путинге чын жүрөктөн ыраазылык билдиргим келет, биз бул орденди сөзсүз түрдө эмгегибиз менен актайбыз" деген.

Эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетиши мүмкүн

Орусия Украинага кол салгандан бери өзбек интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү улут менталитетин постколониалдык ой жүгүртүүдөн тазалоо зарыл экенин айтып келүүдө.

"Юксалиш" улуттук кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов Прилепиндин айтканы "акылга сыйбай" турганын белгилеп, мындай билдирүүлөр Өзбекстан менен Орусиянын мамилесине доо кетириши мүмкүн экенин эске салды.

"Захар Прилепиндин "Өзбекстанды басып алуу" опузасы таптакыр кабыл алынгыс. Орус саясатчыларынын мындай көз карашы өзбектер арасында Орусияга карата терс көз карашты күчөтүп жатканы талашсыз. Бул жагдай анын ансыз да жоголуп бараткан таасирин төмөндөтүүдө. Орус саясатчылары агрессивдүү маанай же сөздөр менен достошуу мүмкүн эместигин түшүнүшү зарыл. Дал ушундай агрессивдүү аракеттер дос өлкөлөр менен мамиленин начарлашына алып келүүдө" деп билдирди өзбек депутаты.

Саясат таануучу Алишер Илхамов мындай билдирүүлөр Мирзиёевдин экономикалык саясаты чабалдыгынан чыгып жатканын айтты.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 21-декабрда агартуу жана руханий маселелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, өз өлкөсү "бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө" аракет кылып жатканын айткан.

"Өз максаттарын жана кызыкчылыктарын дипломатия жана саясат жолу менен коргоп келген "дүйнөнүн күчтүү борборлору" ачык басмырлоо, каршылык жана чыр-чатак жолуна түшкөнүнө күбө болуудабыз. Тилекке каршы, мындай масштабдуу жараяндардын таасири Борбор Азияны жана анын бир бөлүгү болгон биздин өлкөнү да кыйгап өтө албайт. Мындай өтө татаал жана кооптуу кырдаалда Өзбекстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берген туура жолду табуу оңой эмес", - деген Мирзиёев.

Соңку бир нече айдан бери Орусияда Мамдуманын депутаттары мигранттарга каршы бир нече мыйзам долбоорлорун сунуштады.

“Справедливая Россия — За правду” партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөөнү демилгелесе, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан чыгарууну сунуштаган.

Ноябрда Мамлекеттик Думанын өкүлү Петр Толстой орус тили мамлекеттик макамга ээ эмес мамлекеттерден келген мигранттарга айдоочу жана курьер болуп иштегенге тыюу салууну сунуштаган.

Көп өтпөй ал орус тилин коргоого арналган парламенттик угууда орус тили мурдагы советтик жумурияттарда улут аралык тил болушу керектигин, Беларус Казакстан жана Кыргызстандан айырмаланып, Өзбекстан, Тажикстан жана Арменияда андай эместигин белгилеген.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын тиешелүү органдарынын маалыматында, чет өлкөлөрдө туруктуу иштеген өзбекстандыктардын саны 2 миллиондон ашат, алардын 60% ашыгы Орусияда иштейт.

Ал эми Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын миллиондогон жараны учурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын айрымдары орус жарандыгын алган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мигранттарды сынаган жыл: согуш, рейд, рубль курсу