Кремль Украинада өзөктүк курал колдонуудан баш тартабы?

Владимир Путин стратегиялык өзөктүк машыгуу учурунда.

Украинанын чыгышында жана Херсон облусунда айыгышкан салгылашуулар уланууда. Расмий Киев билдиргендей, орус армиясы чоң жоготууларга учурап жатат. Москва мындай маалыматтарды ырастаган жок. Ал арада Согушту иликтөө институту Кремль Украинада өзөктүк курал колдонуу ниетинен кайтканын боолголоп жатат.

Северск шаары Донецк облусундагы Орусия көзөмөлдөгөн аймактан бир нече чакырым гана алыс жайгашкан. Орус армиясынын аба соккуларынан улам калаанын жолдорунун тамтыгы калган эмес. Дээрлик ар секунд сайын артиллериянын үнү угулат. Шаардыктардын көбү чыгып кеткен. Калгандары жарым жылдан бери суусуз, жарыксыз жана газсыз күн көрүүгө аргасыз. 56 жаштагы жергиликтүү тургун Олександр Горбатих тынчтык болсо эле жарыксыз деле жашай берүүгө даярмын дейт.

"Шаарда эки дүкөн иштеп жатат. Нан жана эң зарыл гана азык-түлүктөрдү алып келишет. Акчасы барлар алышат. Акча чыгарып алуу үчүн Краматорск же Славянскка баруу керек. Мен кепемди от жагып болсо да жылытып, жарыксыз деле чыдайт элем. Башкысы атышуу токтоп, тынчтык орносо болду", - дейт ал.

Орус президенти Владимир Путин сентябрдын соңунда Северск шаары жайгашкан Донецк облусун Украинанын башка дагы үч аймагы менен кошо Орусияга кошуп алганын жарыялаган. Кремлдин аннексиясын дүйнөдө Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Орус армиясынын ракетасы түшкөн жер. Северск шаары. 6-ноябрь, 2022-жыл.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, орус армиясы учурда буга чейин басып алган аймактарды колдон чыгарбоо үчүн болгон аракетин көрүүдө. Ошондой эле орус аскерлери өлкө чыгышындагы Бахмут, Авдеевка, Новопавловск багыттарында чабуулдарын күчөткөнү кабарланды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди:

"Донецк облусунда орус армиясы катуу чабуулду улантууда. Душман ал жакта чоң жоготууларга учурап жатат. Бирок ошого карабастан Орусия жалданма аскерлерди жана мобилизацияга тартылгандарды түз өлүмгө жиберүүнү улантууда. Бул чабуулдарга туруштук берип, кебелбестен аскердик турумдарыбызды каармандык менен коргоп жаткан аскерлерибизге ыраазычылык билдирем".

Башкы штабдын ырастоосуна караганда, орус аскерлери "согуш мыйзамдарын одоно бузуу менен карапайым тургундарга зулум мамиле жасашууда". Маселен, Луганск облусунун Боровское жана Щедрищева конуштарында орус жоокерлери жайкын тургундардын үйлөрүн тинтип, уюлдук телефондорун алып коюшкан.

Андан тышкары Херсондо орус аскерлери формаларын чечип, жайкын тургундардай кийинип, көчө кармаштарына даярданып жатышканы белгиленет.

Жалпысынан украин Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө караганда, соңку бир суткада орус армиясы 530 жоокеринен айрылган. Бул маалыматтын чын-төгүнүн башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Анткен менен орус аскердик блогерлери да Украинадагы чоң жоготуулар тууралуу жазышты.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги блогерлердин жазгандарын четке какты. Мекеме күнүмдүк отчетунда украин тараптын канчалаган курал-жабдыгын жок кылганын билдирди.

"Донецк элдик республикасынын жанындагы Лиман шаарынын жанында Орусиянын таамай урулган соккусунан жүздөй улутчул топтордун өкүлдөрү жана чет элдик жалданма аскерлер жок кылынды. Андан тышкары он чопкутталган машине, Американын HIMARS реактивдүү системасынын 120 ракетасы талкаланды", - деди Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

ISW: Кремль өзөктүк курал тууралуу риторикасын жайлатты

Ал арада Кремль Украинада өзөктүк курал колдонуу риторикасын жайлатты. Бул туралуу Согушту иликтөө институту күнүмдүк баяндамасында белгиледи. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан институттун эксперттеринин божомолуна караганда, орус аткаминерлери өзөктүк курал колдонсо кесепети кандай болорун түшүнүшкөндөй.

6-ноябрда Wall Street Journal басылмасы АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусиянын жогорку даражалуу аткаминерлери менен сүйлөшүп, өзөктүк курал колдонуу тобокелчилигин азайтууну талкуулаганын жазган.

Кремль америкалык медианын жазганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 7-ноябрда журналисттерге билдиргендей, Орусия сүйлөшүүлөргө ачык болгону менен Киев баш тартып жаткандыктан мындай кадамга бара албайт.

Ак үй дагы бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес.

Чечим Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган.