Түркия Айга кол сермейт

Гибрид ракета шекили. Стамбул. 2021-жылдын 28-февралы.

Түркия Айга учуруу долбоору үчүн колдонула турган гибрид ракета жасады, деди Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк. Ал 28-февралда Стамбул шаарында “Delta V” компаниясынын ишканасында жыйналыш өткөрүлдү.

Түркиянын Өнөр жай жана технология министрлигинин маалыматына караганда, 28-февралда (жекшембиде) Айга аралыктан башкарылчу айжүргүнү жеткирүүдө колдонула турган улуттук жана оригиналдуу гибриддик ракета жасалып жаткан “Delta V” компаниясынын Стамбулдагы ишканасында жыйналыш өткөрүлдү.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк алып барган бул жыйналышка бул министрдин орун басары Мехмет Фатих Кажыр, Түркия Космос агенттигинин президенти Сердар Хусейин Йылдырым, ТҮБИТАК Космос технологияларын изилдөө (“УЗАЙ”, б.а. “Космос”) институтунун төрагасы Месут Гөктен жана Delta V Космос технологиялары (Delta V Uzay Teknolojileri AŞ) компаниясынын Башкы директору Ариф Карабейоглу катышты.

Айга учуруу долбоору үчүн колдонула турган түркиялык гибрид ракетаны тааныштыруу маалы. Стамбул. 28.2.2021.

Жыйналышта Варанк мырзага “Delta V” компаниясы тарабынан жүргүзгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берилди жана 2023-жылы Айга коно турган айжүргүнүн учурдагы долбоордук шекили жана техникалык өзгөчөлүктөрү талкууланды.

Караңыз: Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк өз өлкөсү Айга учуруу долбоору үчүн колдонула турган гибрид ракета жасаганын билдирди. “Анатолия” агенттигинин видео тасмасы. 28.2.2021.

Варанк мырза бул тааныштыруу иш-чарасынан кийин жасаган билдирүүсүндө өлкөнүн мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган быйыл 9-февралда Түркиянын Улуттук Космос программасы тууралуу дүйнөгө шардана кылгандыгын эскерте кетти.

Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк. 28.2.2021.

Жыйналыштан соң Мустафа Варанк жарым өкмөттүк “Анатолия” (“Anadolu”) кабар агенттигине маек курду.

Анын айтымында, түрк ракетасы Delta V Space Technologies Inc компаниясынын өз технологиялык изилдөөлөрүнүн негизинде жаралып жатат. Ал эми германдык “Немис толкуну” медиа компаниясынын билдиргенине караганда, министр Варанк түрк ракетасынын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн чоо-жайын айткан жок.

Дагы караңыз Илон Маск быйыл туш тарапка Интернет жеткирмекчи

Түркия Айга учуруу программасын эки баскычта жүзөгө ашырууга беленденүүдө. Министр эки мөөнөттү – 2023-жылды жана 2028-жылды атады. Биринчи баскычта аралыктан (учкучу жок) башкарылуучу айжүргү унаасын Айдын кыртышына кондуруу каралган.

Дагы караңыз Түркия Айга ракета жиберүүнү көздөйт

Варанк мырза: “Улуттук космостук программабыздын эң маанилүү долбоору болгон Ай миссиясынын биринчи баскычын 2023-жылы ийгиликтүү аяктоо менен, биз өзүбүздүн улуттук жана оригиналдуу ракетабызды космоско учуруу аркылуу өзүбүздүн улуттук жана оригиналдуу космос кемебизди чыгарып, Ай менен туңгуч ирет байланышууга жетишүүнү каалайбыз. Ошентип биз Ай жылдыздуу кызыл желегибизди, Теңир кааласа, Айга жөнөтөбүз деп ойлоштуруп жатабыз”, – деп айтты.

Дагы караңыз 2019: Бай өлкөлөрдүн баары Айга учат


Варанктын сөзүнө караганда, “Delta V” компаниясы 2016-жылы негизделген жана 2017-жылдан бери космостук иликтөөгө байланыштуу технологиялык иш-аракет менен алектенип келет.

Дагы караңыз 2021-жылда күтүлгөн технологиялык саамалыктар жана санааркоолор

Түрк министринин айтымында, космостук программаны жүзөгө ашыруу үчүн бүжөттүк таңкыстык маселеси жок.

Өнөр жай жана технология министринин айтымында, анын өлкөсү "космостук чөйрөнүн жогорку лигасына" кирүүгө умтулат. Бул маалыматты Си-Эн-Эн-Түрк каналы жана түркиялык бир катар каналдар менен "Жүмхүрийет" сыяктуу басылмалар да чагылдырышты.

Дагы караңыз Эрдоган: 2023-жылы Айга конобуз

Түркиянын президенти Эрдоган 9-февралда өлкөнүн улуттук космос иликтөө программасын жарыялаган. Түркия бийлиги, башка милдеттердин катарында, өзүнүн космодромун түзүү, өз жаранын космоско аттандыруу, ошондой эле жарандык жана аскердик муктаждыктар үчүн Жердин жаңы жасалма жандоочуларын орбитага учуруу үчүн алгачкы камылгаларды көрүп жаткандыгын маалымдаган.