Астронавттар Гловер менен Хопкинс ачык космостогу жумуштарды аткарышты

НАСАнын астронавттары Виктор Гловер менен Майк Хопкинс Эл аралык космос бекетинин Европа лабораториясында демейдеги техникалык тейлөө ишин жүргүзүштү. 2021-жылдын 27-январы.

Америкалык астронавттар Виктор Гловер менен Майк Хопкинс учурдагы космостук сапардын алкагында ишембиде (13-мартта) акыркы жолу ачык космос мейкиндигине чыгышты. Бул тууралуу «НАСА» космос агенттигине шилтеме кылуу менен «Ассошиэйтед Пресс» агенттиги маалымдады.

Ачык космостук иш-аракети учурунда астронавттарга өзгөчө этият болууга туура келди, анткени Эл аралык космос бекетинин сырттагы муздатуу тутумунан агып чыккан уулуу аммиактын бөлүкчөлөрү алардын скафандрларына жугуп калышы ыктымал болгон.

НАСАнын астронавты Виктор Гловер ачык комсомто Эл аралык космос бекетинин Европа лабораториясына жакындоодо. 2021-жылдын 27-январы.


Виктор Гловер менен Майк Хопкинс дагы эле зымда кала берген уулуу затты алып салуу үчүн жалгаштыруучу эски кабелдердин экөөнү чыгарып салуу ишин оңой-олтоң аткарышты.

Дагы караңыз «Crew Dragon» кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты


Жети саатка жакын созулган ачык космос мейкиндигиндеги иш-аракеттин жүрүшүндө, астронавттар аммиактын калдыктары кийимдеринин сыртынан бууланып кетиши үчүн күн нуру астында жетиштүү убакыт сарпташты.

«Ассошиэйтед Пресс» маалымдагандай, 13-марттагы ачык космостогу иш-аракет – жети кишиден турган эл аралык америкалык-орусиялык-жапондук экипаж үчүн алтынчы жана акыркы жолку ачык космоско чыгуу болду. Бул алты чыгуунун бешөө НАСАнын жетекчилиги астында жүргүзүлдү.

Эл аралык космос бекетиндеги узак мөөнөттүк 64-экспедициянын экипажы. 14.9.2020. Солдон оңго: Кэтлин Рубинс, Виктор Гловер, Соити Ногути, Сергей Рыжиков, Майкл Хопкинс, Шеннон Уокер жана Сергей Кудь-Сверчков.

2021-жылы март айында В.Гловер, С.Ногути, Ш.Уокер жана М.Хопкинстин ордуна Эл аралык космос бекетинде башка төрт астронавт – Меган МакАртур, Роберт Шейн Кимбро, Тома Песке (французча Thomas Pesquet) жана Акихико Хошиде иштей баштамакчы.

Дагы караңыз Эл аралык космос бекетинин өткөөлүнөн сызылып чыккан абанын олуттуу коркунучу жок

Бул окуя “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 1-экипажынын ордуна 2-экипаж келе тургандыгын айгинелейт.

Ал эми орусиялык "Союз МС-17" кемесинин 2021-жылдын 18-апрелиндеги учуусу менен байланыштуу узак мөөнөттүк 64-экспедициянын иши соңуна чыкмакчы жана кезектеги 65-экспедиция үчүн жол ачылмакчы.