«Шыйпыр» жол элди митингге чыгарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак-Талаа районунун жүздөн ашык тургуну 5-сентябрда райондук акимчиликтин имаратынын алдына чогулуп, Баетов – Кош-Дөбө айылдарын туташтырып турган 90 чакырымга жакын автожолго асфальт төшөп берүүнү өкмөттөн талап кылышты. Бул жол өңгүл-дөңгүл болгондуктан жергиликтүү эле аны «шыйпыр жол» деген атап койгон.