Беларус менен Польшанын чек арасында дагы бир кош бойлуу мигрант аял көз жумду. Улуттар Уюму эки өлкөнү чек арадагы "адам чыдагыс кырдаалды" жайгарууга чакырды. Уюм билдиргендей, эки тарап качкындарды ары-бери түртүп отуруп, жүздөгөн адамдар орто жолдо, жегенге тамагы, жатарга жайы жок талаада калышкан.
Кош бойлуу Арфиндин өлүмү
Ирактык Арфин жолдошу экөө беш баласын ээрчитип Беларус аркылуу Европага өтүп кетүүнү көздөп жолго чыккан. Шаардагы агенттиктердин бири аларга жакшы жашоо убада кылып, "эң оңой" жолду сунуштаган.
Бирок түгөйлөр аларды кандай сапар күтүп турганын элестете алышкан эмес. Беларуска жетери менен коопсуздук күчтөрү Польша менен чек арага алып барып, андан ары темир тордон өтүүнүн ыкмаларын айтып беришкен. Бирок польшалык чек арачылар Арфин сыяктуу Европага өтүүнү көздөгөн миңдеген мигранттардын жолун тороп, өткөрүшкөн эмес. Кош бойлуу аял үй-бүлөсү менен талаада жатып ооруп калган. Атасынын айтымында, аны күйөөсү көтөрүп жүрүүгө аргасыз болгон.
"Кызым ал жактагы абалды көргөндөн кийин ооруп калды. Ал балдары үчүн көбүрөөк тынчсызданды окшойт. Чек арага жеткенде баса албай калыптыр. Күйө балам аны көтөрүп жүрүүгө аргасыз болуптур",-дейт Ирактагы Арфиндин атасы.
Маалыматка караганда, гуманитардык уюмдардын бири эси оогон кош бойлуу аялды чек арадан таап, Польшадагы ооруканалардын бирине жеткирген. Ал жактан Арфин өзүнө келе албай көз жумган. Күйөсү менен балдарына Польшадагы лагерде убактылуу жашаганга уруксат берилди.
Польша менен Беларус чек арасындагы миграциялык кризис башталганы каза болгон качкындардын саны жыйырмадан ашты. Алардын айрымдарынын сөөгү мекенине жиберилсе, кээ бирлерин Польшадагы татарлар мусулман жөрөлгөлөрү менен жерге беришкен.
Европадан кайра кайткандардын ассоциациясын жетектеген Бейкер Алинин айтымында 2021-жылы эле жакшы жашоо издеп Европаны көздөй 28 миңдей адам чыккан. Алардын айрымдары Ирактын Орусиядагы элчилигинин жардамы менен кайра артка кайтышты.
БУУ чек арадагы кырдаалды чечүүгө чакырды
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгы Польша менен Беларусту чек арадагы "адам чыдагыс кырдаалды" жайгарууга чакырды. Уюм билдиргендей, эки тарап качкындарды ары-бери түртүп отуруп, жүздөгөн адамдар орто жолдо, жегенге тамагы, жатарга жайы жок талаада калышкан. Жакында эле аталган башкармалыктын өкүлдөрү Польшанын аймагына өтүүгө үлгүргөн качкындар менен жолугуп келишкен. Алардын көбү беларус коопсуздук күчтөрүнүн зордук-зомбулугуна кабылганын айтышкан.
"Биз сүйлөшкөн адамдардын баары чек аранын эки тарабындагы өтө оор шарттар тууралуу айтып беришти. Ошондой эле алар ачка, суу жок, тоңуп турушкан. Көбү Беларустун аймагында коопсуздук күчтөрүнүн зордук-зомбулугуна кабылышкан. Аларга беларус күчтөрү Польшанын аймагына өтүү боюнча атайын инструктаж өткөрүп, кайра артка Минскке кайтууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Айрымдар беларус күчтөрү суу жана тамак үчүн укмуштуудай акча сурашканын айтып беришти",-дейт Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссарынын маалымат катчысы Элизабет Троссел.
Ал ошондой эле айрым мигранттар эки мамлекеттин чек арасын бир нече жолу ары-бери өтүшкөнүн кошумчалады.
Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнө Беларус өз аймагына кирүүгө уруксат берген эмес. Польшанын атайын кызматынын өкүлү Станислав Зарин мыйзамдын чегинде иш алып барып жатышканын билдирди. Польша менен Беларустун чек арасынын узундугу 400 чакырымга жетет. Кризис башталганы Варшава чек арага миңдеген аскерлерин тартып, аймакта өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Ал аймакка журналисттерге жана башка жарандык активисттерге кирүүгө болбойт.
Беларус менен Евробиримдиктин чек арасындагы миграциялык кризистин башталганына бир нече ай болду. Шаркет бийлиги Минскти Жакынкы Чыгыштан мигранттарды азгырып келип, Польша, Литва жана Латвиянын чек арасына айдактап жатканы үчүн айыптап келет. Беларус тескерисинче, качкындарды киргизбей жатканы үчүн Евробиримдикти сындоодо.
2020-жылы жайында өткөн шайлоодо Александр Лукашенконун жеңип чыкканы жарыялангандан кийин түмөндөгөн беларустар буга каршылыгын билдирип демонстрацияга чыгышкан. Аларды бийлик күч менен таркатып, миңдеген адамдарды камап, ур-токмокко алган. Жүздөгөн оппозициячыл активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Шайлоонун жыйынтыгын бир катар Батыш мамлекеттери, АКШ тааныган эмес. Алар Минскке бул үйүн бир катар санкцияларды салган. Евробиримдик Лукашенко дал ошол санкциялар үчүн шаркеттен өч алып жатат деген пикирде.
Дагы караңыз HRW: Мигранттардын оор абалына Минск менен Варшава жооптуу