Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Хьюман Райтс Уотч уюму, Хельсинки комитети Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бюросунун жетекчиси Жанн Кавелье “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстанда эркин журналисттерди куугунтуктоо жүрүп жатат деген ою менен бөлүштү.
Соңку кармоолорго байланыштуу сиздердин уюмдун реакциясы кандай болду?
Биздин пикирибизде, журналисттерди кармоо толкуну күмөндүү жүйөлөргө, айыптоолорго негизделүүдө. Себеби биз “Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров менен байланышканда, ал күч түзүмдөрү башаламандыкка чакырыктар камтылган делген кайсы материал тууралуу айтып жатканынан кабары жоктугун айтты.
Дагы караңыз Таңкы тинтүү: Журналисттер суракка алынып кеттиИчки иштер министрлиги өз билдирүүсүндө сөз кылган 30-ноябрда бул маалымат каражаты эч кандай материал жарыялаган эмес. Демек, айыптоонун күмөндүү жагы бар. Мындай жагдай иликтөөчү журналисттердин артынан сая түшүп куугунтуктап жатышат деген ойго түртөт. 11 журналист кармалып отурат. Алардын бардыгы “Темиров LIVE” каналында иштеп кеткен же иштеп жатат. Коррупциянын бетин ачуу - кылмыш эмес. Тартип сактоо күчтөрүн кимдир бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүү же бийликтеги адамдарга байланыштуу иликтөө материалдары үчүн өч алуу куралы катары пайдаланууга болбойт. “Чек арасыз кабарчылар” уюму журналисттердин артынан түшүү фактыларын айыптайт. Кыргыз бийлигин эртең менен кармалган 11 журналистти дароо кое берүүгө чакырабыз.
Бир күн мурун 24 kg агенттигинин жетекчилерин милиция суракка алган. Ал согушту пропагандалоого байланыштуу материал үчүн деп расмий маалымдалды. Бирок кайсы макала же интервью тууралуу кеп болгону белгисиз. Мындай тенденция канчалык тынчсыздандырат?
Бул тенденция албетте бизди камтама кылат. Эки журналист дүйшөмбүдө сурак берип чыкты. Биздин көз карашыбызда, бул дагы журналисттерди коркутуу аракети. Тергөөнүн чоо-жайы, күч түзүмдөрү кайсы материалды айтып атканы беймаалым. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин комитетинде жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Биз ал долбоорду маалымат каражаттарынын эркиндигин биротоло жок кылууну көздөгөн документ деп эсептейбиз.
Дагы караңыз 24.kg агенттигинде тинтүү жүрүп, редакторлору сурак берип чыктыОшол мыйзам долбоорунда иликтөөчү журналисттердин ишин кыйла чектеген беренелер бар. Иликтөөчү журналистика канчалык маанилүү?
Иликтөөчү журналистика Кыргызстанда азырынча анча өнүккөн эмес. Негизинен иликтөөлөрдү бир ууч медиа гана жүргүзүп келет. Журналистиканын бул түрү абдан маанилүү. Себеби мамлекеттик акчанын кайсы максатта пайдаланылганын, кайда жумшалганын, бийликтеги адамдардын ошол каражатты ыктымал кымырып алуусун көзөмөлдөөгө жардам берет. Бийликтегилердин эмне кылып жатканын билип туруу кыргыз жарандары үчүн өтө маанилүү.
Сиз коркутуу аракети деп айттыңыз. Мындай окуялар журналисттердин, медианын өзүн өзү цензуралоосуна алып келбейби?
Жапырт кармоолор толкуну Кыргызстандагы бардык көз карандысыз журналисттерге сес көрсөтүү ыкмасы деген ойдобуз. Бийлик муну менен иликтөөлөрүңөрдү токтоткула, өкмөттү сындабагыла, андай болбосо, бийликке жакпаган иштерди улантсаңар, редакцияларыңарга чейин барып кармап кетебиз деген ишарат берип жаткандай.
Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "журналисттер менен социалдык тармактын айрым колдонуучулары жоопкерчиликти сезбейт деп айтты. Бул тууралуу оюңуз кандай?
Албетте, журналисттер өз материалдарында фактыларга таянууга тийиш. Бирок “Темиров LIVE” каналы жана кармалган журналисттер иликтөөлөрүн фактылардын, далилдердин негизинде жарыялап келатышат. Бул – олуттуу, жоопкерчиликтүү маалымат каражаты. Алар бийликтин кайсы бир катмарындагы паракорлук көрүнүштөрүнүн бетин ачып жүрөт. Бул иште журналисттердин жоопкерчилигине суроо жок.
Дагы караңыз Президенттин сөзү блогерлерге эскертүүбү?Журналисттерге, блогерлерге каршы чабуул болгон учурлар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалууда. Кошуна өлкөлөрдөгү абалга учкай токтоло кетесизби?
Тилекке каршы өткөн жылдан бери Борбор Азияда абал начарлап баратат. Кыргызстан маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча биздин рейтингде башкаларга караганда жакшыраак орунда болчу. Бирок былтыр өлкөнүн позициясы кескин ылдыйлап кеткен. Учурда Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 122-сапка жайгашкан. Мындай көрүнүш өтө тынчсыздандырат. Экинчи жагынан бул - региондогу бийликтердин сөз эркиндигине, өз пикирин эркин билдирүүгө басым-кысымын күчөтүү тенденциясы.
Дагы караңыз Мирзиёевди сындагандарды кандай тагдыр күтөт?