Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Темиров: Бизде башаламандыкка чакыруу болгон эмес


Журналист Болот Темиров.
Журналист Болот Темиров.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда көз карандысыз медиалардын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрүн суракка алып кеткен окуялар тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Ал материалдарды ИИМдин Тергөө кызматы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 12-январда экспертизанын корутундусу чыгып, “Айт Айт Десе”, “Temirov Live” баракчаларындагы материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш ишин козгогон. ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантып жатканы айтылды.

Үйүндө тинтүү болуп, суракка алынгандар мурда - кийин “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорунда иштешкен. Алардын айрымдары азыр башка редакцяларда эмгектенип жатышкан.

“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышып, соңку кармоолор боюнча пикирин сурады.

-Болот мырза, саламатсызбы? Таңкы алтыдан бери сиз жетектеген редакциянын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү болуп, айрымдары кармалганын жаздыңыз. Бишкек убактысы боюнча 09:20га кандай маалыматтар бар?

- Азырынча жалпы сегиз адам ИИМге жеткирилди. Алар Махабат Тажибек кызы – менин жубайым. Ал “Темиров Лайв” менен “Айт, айт десе” долбоорунун директору болот. Андан сырткары журналист, акын Азамат Ишенбеков "Айт, айт десе” долбоорунан чыккан биздин кызматкер. Анын Токмоктогу үйүнө барып, тинтүү жүргүзүп, ИИМге жеткиришти. Сапар Акынбеков дагы “Айт, айт десе” долбоорунда иштеген журналист. Анан Максат жана Жумабек дагы мурунку кызматкерлер дагы суракка жеткирилген. Актилек Капаров болсо мурда бизде иштеп кеткен. Азыр “Алга Медиа” деп өзүнчө медиа ачкан. Тыныстан Асыпбеков азыр “Политклиникада” иликтөөчү болуп иштейт. Султаналиев Сайпидин болсо “Арча Медиада” иштейт. Жалпысынан биздин мурунку жана азыркы сегиз кызматкерди суракка алып, үйлөрүндө тинтүү кылышты. (“Темиров Лайвда” иштеп кеткен Айке Бейшекееваны жана Жоодар Бузумовду да суракка алып кетишкени белгилүү болду - Ред).

- Болот мырза, бир күн мурун, 15-январда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, "өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөгөн топтор бар экендигин" айтты. Сиздер же болбосо “Темиров LIVE” командасынын айрым кызматкерлери кайсы бир саясий топтор менен байланышып же алар менен сүйлөшкөн жок беле? Мындан тышкары сиздер жарыялаган иликтөөлөрдө журналисттик стандарттар сакталабы?

- Негизи бизде ички этикалык кодекс бар. Ага ылайык, бизде саясатчылар менен жолугушканга же бир нерсе тууралу сүйлөшкөнгө тыюу салынган. Ким жолукса, дароо эле иштен айдалат. Бул биздин ички кодексибиз. Негизи биз журналистпиз, журналисттик ишибизди алып барабыз. Андан сырткары ЖМК төртүнчү бийлик - бийликти көзөмөлдөп, чектен ашса же мыйзамды бузса, аны көрсөтүү.

- Болот мырза, айтсаңыз, соңку тинтүүлөрдү, суракка чакыртууну жана кармоолорду эмне менен байланыштырып, кандай жормолдоп жатасыз?

- Негизи биз иликтөөлөргө чек койбойбуз. Ички иштер министри Улан Ниязбековбу же болбосо президент болобу, биз ишине карап баалап, туура эмес иштерди кылып жатса, анын бардыгын иликтеп, коомчулукка көрсөтүп жүрөбүз. Коркуткандар далай жолу болгон, аны силер билесиңер. Сот иштери дагы болгон, чөнтөгүбүзгө баңгизат дагы салганга аракет кылышкан, мени депортация кылышты. Ага карабастан биз ишибизди улантып келе жатабыз. Негизи менин оюм боюнча, бул биздин иликтөөлөргө алардын жообу. Жооп дагы кылбай, эптеп оозубузду басканга аракет кылып жатышат.

- Болот мырза, “Темиров LIVE” редакциясында мурда иштеп кеткен, азыр иштеп жаткан бир катар адамдардын кармалып, үйлөрү тинтилгенин кабарладыңыз. Эми окуя кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

- Мурункудай эле "иш токуганды" улантышат, аны биз өткөнбүз, башыбыздан өткөн. Жасалма документтерди сала коюп, баңгизатты чөнтөккө таштай коюп. Булардан башка эч нерсе күтпөйм. Биз тараптан бийликке баш ийбей же болбосо массалык башаламандыкка түрткү болгон чакырыктар болгон эмес.

- Демек, сиз тергөөнүн адилеттүү болоруна ишенбейсизби?

- Ишенбеймин, себеби бул мурун эле көрсөтүлгөн. Сот, укук коргоо органы же ИИМ буларга эмнени айтса, ошону аткарат. Азыр биз мурунку иш боюнча мурунку чечимин БУУга берип жатабыз, андан сырткары, атайын докладчиктерге бердик. Адилетсиз, мыйзамсыз сот чечимдери үчүн биз аягына чейин акыйкат үчүн күрөшөбүз.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG