Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы стратегиянын долбоорун иштеп чыкты. Анын негизинде 2024-жылга карата дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун рейтингинде 94-орунга көтөрүүнү көздөөдө.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бул аптадагы жыйынында кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова маалымат берип, муну коррупцияга каршы чараларды күчөтүү, паракорчулуктун деңгээлинин көрсөткүчүн жакшыртуу максаты экенин айтты.
"Transparency International уюмунун былтыркы рейтингинде биз 124-орундан 144кө түшүп калганбыз. Стратегияда негизги индикаторлор көрсөтүлгөн, андагы иш-чаралардын негизинде 2022-жылы кайрадан 124-орунга келишибиз керек. 2023-жылы 106, 2024-жылы 94-орунга көтөрүлөбүз деген максатты коюп жатабыз. Коррупциянын көп түрү бар. Бирок Кыргызстанда эки түрүн аныктадык. Системалык жана мажбурланган коррупция болуп айырмаланат. Коррупция - башкаруу системасынын көйгөйү. Ошондуктан ага башкаруу чечимдери менен таасир этиш керек. Бул стратегияга үч принципти камтыдык. Алар технологиялык, психологиялык, жана социологиялык. Адам факторун минималдаштыруу жана ар бир кызматкерге коррупцияга баа берүүнүн автоматташтырган системасын киргизүү керек. Мамлекеттик органдар менен элдин же бизнестин ортосунда автоматташтырылган система кирсе, коррупция пайда болбойт. Ыңгайлуу шарт түзбөй, мыйзам жана процедуралар түшүнүксүз болсо сөзсүз түрдө коррупция пайда болот".
Муканова Министрлер кабинети саясат жүргүзүүнү дагы, аткаруу бийлигин дагы, көзөмөлдү дагы өзүнө алгандыктан коррупция болуп жатат деп эсептейт.
Антикоррупциялык ишкердик кеңеш иштелип чыккан документтин алкагында "жемкорлукка каршы башкаруу системасы" деген стандартты киргизүүнү сунуштап жатат.
Долбоордо укук коргоо органдары менен сот органдарынын ачыктыгы, алардын атайын жасалган бөлмөлөрдө ишти уюштуруусу, видеокамералар менен жабдылган бөлмөлөрдө сурак жүргүзүү керектиги белгиленген.
Көз карандысыз тергөө комитетин түзүү аркылуу тергөөнүн сапатын жогорулатуу, сот адилеттигин камсыз кыла турган сот арачылардын институтутун киргизүү, баш прокурорго баш ийген прокурорлор институтун түзүү сунуштары бар. Мындан сырткары мыйзамсыз чечим жана жемкорлук үчүн жазаларды күчөтүү, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин мүлкүнө системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү, укук коргоо органдарынын ишинин сапатын баалоо системасын киргизүү сыяктуу бир катар пландар камтылган.
Transparency International уюмунун былтыркы рейтингинде Кыргызстан 2020-жылга караганда 20 баскычка начар болгон. Аталган уюм коррупция боюнча индексти баа берүү үчүн нөлдөн 100гө чейинки шкаланы пайдалануу менен аныктайт. Ага ылайык, нөл баллга ээ болгон мамлекеттерде коррупция өтө курч, 100 баллга ээ мамлекеттерде коррупция таптакыр жок дегенди түшүндүрөт. Баллы жогору мамлекеттер алдыңкы орундарга жайгашат.
Комитет жыйынында Антикоррупциялык ишкердик кеңештин өзүнүн макамын аныктоо тууралуу маселе көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев стратегия даярдоодо парламент менен бирге иштешүүнү сунуштады.
"Канча жылдан бери антикоррупциялык деп түзүп эле келатабыз. Ошондон бери бир жыйынтык чыккан жок. Тартип коргоо деле, соттор деле оңолуп кетпеди. Элдин талкуусу бүт эле ушул".
Эксперт Эркайым Мамбеталиева жемкорлукка каршы күрөш системалуу жүрбөй жатканын сындады.
"Мындай стратегиялар буга чейин дагы түзүлгөн. Кабыл алынган чечимдер ачык-айкын, эл көзөмөл кыла алганда гана жемкорлукту азайтканга мүмкүн болот. Азыр мамлекеттик сатып алуулар ачык болбостон, тескирисинче, жабык болууда, мыйзам дагы кабыл алынды. Ушундай шартта кандай стратегиялар жазылбасын, анын бардыгы декларативдик болуп кала берет. Биринчи кезекте мамлекеттик органдарда кызыкчылыктар кагылышы болбошу керек".
Президент Садыр Жапаров "Мамлекекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга 16-апрелде кол койгон. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы "мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен көп пайдага жетүү, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны азайтуу экенин" кабарлаган.
Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алган. Анда айрым депутаттар буга каршы чыгып, "мамлекеттик компаниялар урук-туугандары менен гана соода алака түзөрүн, коррупция күчөй турганын айтып" сындап чыгышкан.
Дагы караңыз
Сабировдорго байланышкан компаниянын таржымалыTransparency International уюму Кыргызстандын рейтигинин түшкөнүнө өткөн жылы иликтөөчү журналисттерге, антикоррупциялык активисттерге карата жасалган чабуулдар себеп болгонун белгилеген. Укук коргоо органдары коррупцияга каршы иликтөөлөрдү баштап, бирок алар аягына чыкпаганы, COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан келген финансылык жардамдарды кантип иштеткенин ачык айтпаганы, ачык-айкындуулуктун жоктугу себеп болгону айтылган.
Анткен менен мамлекет башчы Садыр Жапаров 25-апрелде “Кабар” маалымат агентигине берген маегинде мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүнөн 11 миллиард сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирди.
"Жалпысынан УКМК сегиз миллиарддан ашык каражат төктүрдү. Прокуратура үч милларддын тегерегинде төктүрдү. Накталай төгүлгөн акчанын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла", - деген мамлекет башчы.
Жапаров бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө суроого жооп берип, анын байлыгы жөнүндө коңшу мамлекеттер жана Дубайга өтүнүч жөнөтүп, “2017-жылы сатып жиберген” деген маалымат алганын айткан.
2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыккан.
Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.
Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.
Бийликтин "кустуруу" саясатына байланыштуу 30дай аткаминер УКМКга акча төккөн.
"Коомдук анализ институту" уюмунун башчысы Рита Карасартова соңку кезде мамлекеттик мекемелердин сайты иштебей, мурдагы маалыматтар дагы табылбай, жабык болуп жатканын сындады. Ошондой эле коррупциялык иштердин бетин ачып чыккан журналисттер менен активисттерди куугунтуктоо, кадр саясатындагы алешемдиктер коррупциянын күчөшүнө жол ачууда деп эсептейт.
"Ар бир журналисттик иликтөөнүн аркасынан бир кылмыш иши ачылып жатат. Ал жакта жалган маалымат болсо бийлик кайсынысы жалган экенин айтып чыгышы керек. Иликтөөчүлөр порталдарды көрсөтүп, тастыктап чыгышат. Бардык тармакта кичинеден кадам болсо дагы артка жылуу байкалып жатат. Бир функциясы иштебей, маалыматтар ачылбай калуунун аркасында кайра эле коррупция жатат. Бакиев, Садыр Жапаровдун мурдагы соттук иштерин азыр сайттан таба албайсың. Экинчиден, кадр саясаты ачык-айкын болуп, сынактын аркасы менен мыктылар келбесе, күмөн саноолор боло берет. Балким жазылган нерселеринде кандайдыр бир жемиштер бар. Анткени дүйнөлүк практикадан алышат. Бирок чоң-чоң маселелерде алдыга жылбасак дагы, мурунку жетишкендиктер иштеп турса жакшы болмок, азыр ал да жок".
Баш прокурор Курманкул Зулушев апрель айынын башында Жогорку Кеңеште отчёт берип, акыркы он жылда өлкөдө мамлекеттик кызматта коррупция тамыр жайганына токтолгон. Анын айтымында, жыл ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 млрд. 21 млн. 755 миң сомду түзүп, анын 1 млрд. 851 млн. 964 миң сому өндүрүлгөн.
Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш 2021-жылы июль айында түзүлгөн. Президент төрагалык кылган кеңешке Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, баш прокурор, Улуттук банктын төрагасы, эл аралык, бизнес коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген. Кеңештин алгачкы отуруму 16-ноябрда болуп өткөн. Ал жыйында коррупцияга каршы күрөшүүнүн концепциясы бекитилип, анын алкагында катчылыкка стратегиялык программа даярдоо тапшырылган.