Эки Кореянын генералдары жолугушту

Эки Кореянын генералдары учурашып жатат. Панмунжон. 14-июнь, 2018-жыл.

Бейшембиде Түндүк менен Түштүк Кореянын аскердик жетекчилиги эки ортодогу бейтарап тилкеде он жылдан бери биринчи ирет жолугушту. Анда негизинен чек арадагы чыңалууну жөнгө салуу тууралуу сөз болгону кабарланды. Байкоочулар "Пхеньян Түштүк Корея менен Кошмо Штаттардын биргелешкен аскердик машыгууларын токтотууга чакырган болушу мүмкүн" деп айтышты.

Беш кишиден турган Түштүк Кореянын делегациясын Коргоо министрлигинин жогорку өкүлү, генерал-майор Ким До-Гюн, ал эми Түндүк Кореянын ушундай эле беш кишиден турган делегациясын генерал-лейтенант Ик-Сан жетектеп барды. 2007-жылдан берки генералдардын деңгээлинде өткөрүлгөн биринчи жолугушууда буга чейин эки өлкөнүн лидерлери кол койгон макулдашууларды аткаруунун жолдору талкууланганын расмий Сеул билдирди.

Май айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин жолугушуп, өз ара чыңалууну басаңдатуу жана согуш коркунучун акырындан жоюу тууралуу сүйлөшкөн.

Ошондой эле анда лидерлер бир катар тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү, 1950-жылдардын башындагы согуш маалында экиге бөлүнгөн үй-бүлөлөрдү кездештирүү жана августта Индонезияда өтө турган Азия оюндарында биргелешкен команданы чыгаруу тууралуу макулдашкан.

Эки Кореянын аскердик делегациялары. 14-июнь, 2018-жыл.

Байкоочулар бул жолку сүйлөшүүдө Пхеньян Сеул менен Кошмо Штаттардын биргелешкен аскердик машыгууларын токтотууга чакырган болушу мүмкүн деп эсептешет. АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин өзөктүк куралдан арылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда өнөктөштөр аскердик машыгууларды токтото турса болорун билдирген. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Кан Гён Хуа ар кандай жолдорду карап көрүш керек экенин белгиледи:

- Түштүк Корея менен Кошмо Штаттардын биргелешкен аскердик машыгуусу - бул эки тараптын ортосундагы маселе. Мындан улам бул маселе аскердик жетекчилер тарабынан чечилиши зарыл.

Жыл сайын өткөрүлчү Вашингтон менен Сеулдун ортосундагы аскердик машыгуулар эки Кореянын ортосундагы пикир келишпестикке утур-утур себеп болуп келет. Түндүк Корея бул машыгууларды ага кол салууга даярдык катары карайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Кан Гён Хуа жана Жапониянын тышкы иштер министри Таро Коно. 14-июнь, 2018-жыл.

Ушул машыгуулардан улам өткөн айда Пхеньян Сеул менен боолголонгон жолугушуудан да баш тартып койгон. Ким менен Ындын ортосундагы май айында өткөн экинчи жолугушуу ортодогу суроолордун баарын жайгаргандай болгон. АКШ менен Сеулдун ортосундагы кийинки биргелешкен машыгуулар август айына белгиленген. Байкоочулар эгер машыгуулар башталып кетсе Пхеньяндын кыжыры келиши мүмкүн деп эсептешет. Ал эми Сеулга Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын 12-июндагы жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге маалымат бериш үчүн барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео азырынча Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча жакшы жыйынтыкка үмүттөнүп жатканын белгиледи.

- Ким Чен Ындын өзөктүк куралдан арылуу боюнча эл алдында жасаган билдирүүсү - Түндүк-Чыгыш Азияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана бейкуттуулукту орнотуу багытында жасалган маанилүү кадам. Президент да бул оңой процесс болбосун айтты. Өнөктөштөрүбүз Жапония жана Түштүк Корея менен кошо жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн чогуу аракет кылабыз.

Помпео Сеулда Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук арылмайынча санкциялар жоюлбай турганын да кошумчалады. Дональд Трамп жана Ким Чен Ын Сингапурдагы саммитте Түндүк Кореянын “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында” иш жүргүзүүгө милдеттенме алганын дагы бир жолу ырастаган билдирүүгө кол коюшкан эле. Бирок документте Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартышынын деталдары жана убактысы көргөзүлгөн эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.