"Коопсуз шаар-2": мас айдоочулар жана коррупция

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери KIA RIO үлгүсүндөгү машинасы менен жол боюнда токтоп турган Жол кайгуул кызматынын автомашинасын келип сүзгөн. 17-июль, 2022. Ысык-Көл.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу кечеңдеп жатат. Долбоор алгач ушул жылдын башында, кийин жазында ишке кире турганы айтылган. Ал ортодо өлкөдө жол эрежесин бузгандардын, мас абалында автоунаа айдагандардын саны азайбай жатат.

17-июлда ичимдик ичкенден кийин рулга отурган абак кызматкери Жол кайгуул кызматынын машинесин сүзүп, үч киши жараат алды. Андан бир күн мурда мас айдоочунун айынан, велосипед тээп бараткан жаран каза болгон.

Чолпон-Ата шаарына жакын Кара-Ой айылында абак кызматкери KIA RIO үлгүсүндөгү машинеси менен жол боюнда токтоп турган Жол кайгуул кызматынын машинесин сүзгөн.

17-июлда болгон окуянын видеотасмасы социалдык тармактарга тарап, анда жол эрежесин бузган адам алгач каршы тилкеге чыгып, жүрүп бараткан эки автомашина буйтап өткөнүн көрүүгө болот. Андан кийин ал түнкү нөөмөттөн жаңы келип токтогон кайгуул кызматынын автоунааларын катуу ылдымдыкта келип сүзгөн.

Дагы караңыз "Эки жолу сүзүп кетишти". Велосипед тепкендердин коопсуздугу коркунучта

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев кырсыктан үч киши жараат алганын билдирди.

"Жол кырсыгынын кесепетинен биздин үч кызматкерибиз жеңил жараат алды. Алар түнкү нөөмөттөрүн өтөп бүтүп, отчет тапшырып жаткан. Текшерүүнүн жыйынтыгы көргөзгөндөй KIA RIO автоунаасын башкарган жаран ичимдик ичкени жана ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №26 колониясынын жетекчисинин орун басары экени аныкталды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелип жатат".

Мындан бир күн мурда жеңил атлетика боюнча казакстандык машыктыруучу, 58 жаштагы Мурат Жүзгенбаев Ысык-Көлдө каза болгон. Аны велосипед менен жол четинде баратканда “Лексус RХ 300” үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу сүзүп кеткен.

Ысык-Көл облустук милициясы мас абалында рулга отурган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 18-июлда кабарлады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын алты айында өлкө боюнча 3034 (3406 - 2021-жылдагы статистика - ред. )кырсык катталды.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 11 пайызга аз экенин ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

ИИМдин жетекчисинин айтымында, быйыл жолдогу кырсыктардын кеспетинен каза болгондордун саны 26,4% (337ден 248ге) жана жараат алгандардын саны 9,6% (5122ден 4629га) төмөндөгөн.

"Жол кырсыктарына эрежени сактабагандык себеп болууда. Биз айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жоопкерчилигин күчөткөнбүз. Ушул жылдын башынан бери "Унаа" мекемеси тарабынан 310 502 жаран жол эрежелери боюнча экзамен тапшырышкан. Анын жыйынтыгында 22% гана өтүп, калган 77% экзаменден өтпөй калды. Башкача айтканда, 241 186 жаран экзаменден өткөн эмес. Себеби айдоочулук күбөлүк алуу процедурасы күчөтүлүп, видеокамералар жана жаңы санарип ыкмалар менен экзамендер алынууда".

Дагы караңыз "Милиционерлер иштен тышкаркы кездеги кылмышка шектелүүдө". Министрдин маалыматы


Министр "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видео-камераларга түшүп, бирок айыбын төлөбөй жүргөн 600гө жакын автоунаа аныкталганын, соттун чечими менен издөөгө алынган, кылмыш жасоодо колдонулган, жол кырсыгы боюнча издөөгө алынган жалпысынан 900дөн ашык автоунаа аныкталып, атайын жайга киргизилгенин кошумчалады.

"Коопсуз шаар": кечиккен иш

Анткен менен Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу мөөнөтүнөн кыйла кечигип жатат.

2019-жылы сентябрда өткөн тендерди кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы уткан. Сынактын шартына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушундагы 306 жерде видеокамера коюлуп, жол эрежесин бузгандарды каттоо башталмак.

Пандемияда жаралган тоскоолдуктарды эске алуу менен келишим 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги буга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке киргизүү 2022-жылдын март айына бара турганын билдирген. Бирок жайдын жарымы өткөнү менен долбоорду ишке ашыруунун так датасы айтыла элек. Өлкө аймагындагы, Ысык-Көлгө бараткан жолдо кооптуу деп аныкталган жерлерге камералар орнотулганы менен азырынча ишке кире элек.

Ал ортодо жол эрежесин бузган жана өзгөчө мас абалында машине айдаган учурлар тыйылбай жатат. Быйыл алты айда эле ичимдик ичип алгандан кийин руль башкарган 6600дөн ашуун учур катталган.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу миңдей учурга көп экенин МАИнин басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди. Анын айтымында, мас айдоочулардын жазасын катаалдаштыруу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууда турат.

Документ кабыл алынса, мас абалында машине айдап, эреже бузгандарга жаза катаалдайт.

"Мыйзам долбоорунда мас абалында машине башкарган учурда айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушу берилген. Мында 3, 5 жана 10 жылга, өмүр бою эркинен ажыратуу сунушу дагы каралган. Бул акыркы чечим эмес, Жогорку Кеңештин талкуусунан кийин дагы өзгөрүшү ыктымал. Бул жерде бир гана мас абалында эмес, жол эрежесин одоно бузган, адам өмүрүнө оор залакасын тийгизип, өлүмгө алып келген жана башка эреже бузуулар дагы каралган".

Дагы караңыз

Жаш кыздын өлүмү, мас айдоочуга жазаны күчөтүү талабы

"Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык "Вега" концерни ишке ашырды.

"Азаттык" долбоордун экинчи баскычынын кечеңдеши боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылды. Азырынча аталган мекеме жооп бере элек.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын 92,4% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Кырсыктан каза болгондордун 70% ишке жарамдуу 25-40 жаштагы жарандар.

Кырсыктын себептери:

  • 30,5% жол кырсыгы айдоочунун жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандыгынан;
  • 24,5% жол кырсыгы айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан келип чыккан;
  • 15,5% жол кырсыгы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан өтпөгү үчүн;
  • 10,4% жол кырсыгы айдоочунун жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендигинен;
  • 6,5% жол кырсыгы айдоочунун транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыгынан;
  • 5,4% жол кырсыгы айдоочунун аралыкты сактабагандыгынан;
  • 4,5% жол кырсыгы айдоочунун жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүгүнөн;
  • 3,8% жол кырсыгы айдоочунун жол белгилерине баш ийбегендигинен;
  • 2,5% жол кырсыгы айдоочунун техникалык жактан оң абалда эмес унаа каражаттарын башкаргандыктан;
  • 1,6% жол кырсыгы айдоочунун рулда уктап кеткендигинен;
  • Статистикалык маалыматка ылайык катталган жол кырсыктарынын 1,3% жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү менен болгон.

“Жарандык союз” өкмөттүк эмес уюмунун тең төрагасы Урмат Казакбаев жолдогу кырсыктардын азайбай жатышын коррупцияга байланыштырууда. Активист патрулдук милицияны күчтөндүрүүнү сунуш кылды.

Урмат Казакбаев.

"Жол кырсыктарынын өсүшүнүн негизги себеби - коррупция жана милициянын ишти алып барышы. Мурда кайгуул милициясы жаңы иштеп баштаганда айдоочулар жол эрежесин сактап калышкан. Резонанстуу жол кырсыгы катталган учурда гана рейд жүргүзүп, таза иштеп калышат. Калган учурда өз чөнтөктөрү үчүн иштейт. МАИ кызматкерлери тал-теректин арасында туруп алып, таякчасы менен токтотуп мурдагыдай эле иш алып барып жатат".

Кыргызстанда Патрулдук милиция алгач 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, кийин башка облустарда да иштей баштарын жарыялаган. Буга чейин 2016-жылы патрулдук милиция түзүлүп, бир жылдан кийин жоюлган.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Улукбек Ормонов парламент ишин баштаганда көтөрчү алгачкы маселе "Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу болорун билдирди.

"Бул системалуу оорунун жарылган убагына келдик. Бир дагы машинеси жок мектептердин мөөр басып, айдоо күбөлүгүн бергендин натыйжасы эми чыгып жатат. Экзамен алгандар өзүнчө, күбөлүк бергендер өзүнчө, аларга лицензия бергендер өзүнчө болуп чалды-куйду болуп кеткен. Жоопкерчилик бир жерде болгон эмес. Бир нерсе болсо эле "карабайт" деп милицияны күнөөлөп жатып калабыз. Жоопко тартылбагандын кесепети дагы ушуга алып барып жатат. Адамда жоопкерчилик, коркунуч дагы болуш керек. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы ишгке ашпай жатканы түшүнүксүз болууда. Ош-Бишкек, Ысык-Көл жолунда камералар турат, аны тез арада ишке ашыруу зарыл. "Коопсуз шаарды" канчалык сындабайлы эл тартипке түшүп калган. Азыр башка өлкөдөн келген машиналар жүрүп, бүт тартипти бузуп жатат".

Былтыр кышында президенттин жол кырсыктарын болтурбоо максатын көздөгөн жарлыгына ылайык, жол коопсуздугуна таасир этүүчү бир катар функциялар Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлгөн. Милиция "Унаа" мекемесин башкарып, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартибин карайт жана авто мектептердин лицензиясын тескей турган болгон.

Дагы караңыз

Айдоочулук күбөлүктү ИИМ бере турган болду


Кыргызстан - бир канча жылдан бери дүйнөдө жол кырсыгынан эң көп жарандары каза тапкан өлкөлөрдүн катарынан түшпөй келет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн бир аптада эле өлкө аймагында жол эрежелерин бузган 17 миңден ашуун учур катталса, анын 170тен ашууну мас абалында транспорт каражатын колдонгону үчүн кармалган. 3,4 миңге жакын айдоочу ылдамдык чегинен ашып кеткен.

Былтыр - 2021-жылы беш миңдей жол кырсыгы катталып, набыт болгондор 500дөн ашкан. 2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза тапкан (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и балдар) көз жумган.