Бишкектин жака белиндеги мыйзамсыз түптөлгөн конуштардын жашоочулары турак жайга кызыл китеп берүү боюнча президенттин тапшырмасы кечеңдеп жатканына нааразы болушууда.
"Эч кимге кызыл китеп бериле элек"
Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары президент Садыр Жапаровдун үйлөрдү документтештирүү боюнча тапшырмасы аткарылбай жатканын айтып, маал-маалы менен бийликке кайрылып келет.
6-июнда Ак-Ордо-3 конушунун айрым тургундары да чогулуп, документ иштери алигиче бүтпөй жатканына нааразылыгын билдиришти. Жашоочулардын бири Жолдош Турдубаев буларды айтып берди.
"Ноябрь айында президент Садыр Жапаров келип, Ак-Ордо-3 конушундагы жолугушууда убада берген. Апрелге чейин кызыл китеп аласыңар деген. "Бийлик бутагында иштеген аким, губернатор же тийиштүү органдар ошого чейин бербесе жоопкерчиликке тартылат" деди эле. Бирок создуктуруп жатышат. Биз акимдерге, айыл өкмөттөргө кайрылдык. Алар жобо бекий элек дешти”.
Ал эми квартал комитети Мирбек Осмонов конуштагы жерлерди мыйзамдаштырууда ар кандай шылуундарга жол ачпоо үчүн шарттарын элге түшүндүрүү зарыл дейт.
“Кыргызстан боюнча кызыл китеп берүү баштала элек. Бүгүн эл "Ак үйгө барабыз дедик" эле. Бирок жетекчилер бул жактан жолугушуу уюштурду. Алар кызыл китеп берүү каралып жатат, үч айдан кийин башталат деди. Демек, бул дагы эки жылга созулат экен да. Андан дагы өкүнүчтүүсү, бийлик бутагынан бирөө келип бирди, экинчиси келип башканы, үчүнчүсү таптакыр башканы айтып кетет. Эмне кылышты билбейсиң”.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2021-жылы ноябрь айында Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырыла турганын жарыялаган. Көп өтпөй дал ушул Ак-Ордо-3 конушундагы жашоочулары менен жолугуп, 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда бир да мыйзамсыз үй болбошу керектигин айткан болчу.
Дагы караңыз Жаңы конуштар мыйзамдаштырылат"Президенттин тапшырмасы аткарылат"
Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда өкмөттөн жооптуу болуп бекитилген Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча иш жүрүп жатат. Алгач "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам иштелип чыгып, быйыл апрель айында кабыл алынды. Мыйзамга ылайык, майдын аягында Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекиткен. Шерипов "жер мунапысы" маанилүү документ болгондуктан бардык тийиштүү органдардын катышуусу менен, ар кандай талкуулардан кийин кабыл алынган белгиледи. Ал мыйзамдаштырылуучу жер тилкелерин санап берди.
“Биринчиси – өз алдынча мыйзамсыз курулган үйлөр. Экинчиден, 2009-жылга чейин өз алдынча башкаруу органынын токтому бар жер тилкелери. Үчүнчүдөн, айыл чарба багытындагы 5-10-15 сотыхка бөлүнүп кеткен, 2010-2015-жылдары айыл чарба багытындагы мамлекеттик актысы бар жер тилкелери. Төртүнчүдөн, айыл чарбасына жараксыз жерлер. Бешинчиден, дачалар”.
Жер мунапысы жобосуна ылайык, Кыргызстан боюнча 100 миңден ашык үйгө документ берилет. Бул өнөктүк эки жылга гана созулат. Башкача айтканда, эки жылдан кийин басып алган жерлерге документ берилбейт. Жобого ылайык, кызыл китеп берүү боюнча 40 район, 20 шаарда атайын комиссия түзүлүп, иш алып барат.
Дагы караңыз
Жер басып алгандарга жаза оорлойт"Мыйзамдаштырууга тыюу салынган жерлер"
Белгилей кетчү жагдай, чоң электр зымдары же газ түтүктөрү өткөн жердин жана көрүстөн, санитардык полигондун жанында жайгашкан үйлөргө жана жаңы куюлган пайдубалдарга мунапыс берилбейт. Ошондой эле соттошуп жаткан жер тилкелеринин ээлери документ ала албайт.
Кыргызстанда мындай жерлерди мыйзамдаштыруу тажрыйбасы алгачкы жолу быйыл Сокулук районуна караштуу ЖЭБ-2 мекемесинин аймагында салынган үйлөргө колдонулду. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алимбаевдин маалыматында, конуштагы 800дөн ашык үйгө документ берилди. Алимбаев ал аймактагы жерлер өндүрүш багытындагы болгондуктан, аларды үй салууга которуу оңой болгонун белгиледи.
Бишкектин чеке белинде жалпы элүүгө жакын жаңы калктуу конуш бар. Ушундай эле конуштар Ош шаарында дагы пайда болгон. Мындай жайларда толук инфратүзүм жок. Айрым жерлерде мектеп же жол эмес, электр жарыгы толук тартыла элек.
Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.