Көкбөрү: “Ынтымак” “Астананы” ири эсепте утту

"Ынтымак" командасы. 

“Ынтымак” командасы финалда “Астана” командасын 10:1 менен эсебинде жеңди. 

"Казакстандан келген "Астана" командасынын аттары жер улакка ойноп, тайказанга көнбөй, токтобой атты. Ошондон улам да аларга улак салганга кыйын болуп калды. Бирок оюнчулары күчтүү экен. Абадн мыкты оюн болду", - деди "Ынтымактын" оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу мелдештен соң.

"Астана" командасынын оюнчусу Элдар Жээнкулов казак көкбөрүчүлөрү деле тайказага ойноп жүргөнүн айтып, буларга токтолду: 

"Жакшы оюн болду. Бир улак салдык. Кыргызстан элине ыракмат, меймандос эл. 15 күн Ысык-Көлдүн жээгинде даярдандык. Оюн абдан кызыктуу болду. Биз деле 2016-жылга чейин тайказанга ойноп көнүп калганбыз.Тайказанда ойногон да жакшы. Аттарыбыз гана даяр болбой калды. "Ынтымак командасын жеңиши менен куттуктайбыз". 

"Ынтымак" командасы жарым финалда "Достук" командасын 2:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде уткан.

Көкбөрү боюнча Дүйнө кубогу эки форматта өттү. Биринчи форматта “Достук” кубогу үчүн А тайпасында Кыргызстандын “Ынтымак”, “Сары-Өзөн”, “Мурас”, “Достук” командалары, В тайпасында Казакстандын “Түркстан”, “Шымкент”, “Астана” жана “Жетису” командалары ойноду. 

“Достук” кубогун уткан "Ынтымак" командасы 2 млн сом сыйлык алды. "Астана" командасына 1 млн сом ыйгарылды. 

Үчүнчү орунду “Достук командасы утуп алды. Ал казакстандык “Түркстан” командасын 11:3 жеңди.

"Оюн жай болду. Атаандашыбызды сыйлап жай эле ойнодук. Аттары кыйла алсыз экен. Ошого да жай ойнодук. Мелдеш жакшы өттү", - деди “Достук" командасынын оюнчусу Аскат Аскаров "Түркстан" менен оюндан соң.  

“Достук" командасы мелдеште үчүнчү орунду ээлегени үчүн 800 миң сом акчалай байге алды. 

45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командаларынын беттешинде кыргыз көкбөрүчүөрү (4:0) жеңишке жетти. 

45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан - Казакстан комнадаларынын беттеши.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогун быйыл алгачкы жолу  өттү. Эми мелдешти эки жылда бир өткөрүп туруу пландалууда.

Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулганын Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрү билдирди. 

Клубдар лигасында Дүйнө кубогун “Жаштык” командасы алды.

"Жаштык" командасы финалда "Красноярск" командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Үчүнчү орунду Өзбекстандан келген команда ээледи.

"Жаштык" командасы биринчи орунду ээлегени үчүн 2 миллион сом акчалай сыйлыкка жана Дүйнө кубогуна ээ болду. Экинчи орунду ээлеген "Красноярск" комнадасына 1 миллион сом, үчүнчү орунду ээлеген Өзбекстан командасына 500 миң сом ыйгарылды.