Көкбөрү: "Ынтымак" кайрадан чемпион

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасын 2:1 эсебинде жеңип алды. Көкбөрү боюнча "Нооруз-2018" аттуу республикалык мелдеш 15-мартта башталып, ага 16 команда катышты. Мелдештин байге фонду 800 миң сомду түзду. Баш байгеге 400 миң сом берилди. Ал эми 2-орунга 200 миң, 3-орунга 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.